Редакцияот 19.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

Тиркеме

Корул айылдык кеңешинин

2023-жылдын 19-апрелиндеги № 20/6

токтомуна ылайык

 

Корул айыл өкмөтүнүн аймагында үй бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп- адаттарын, ырым жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө

 

ТИПТҮҮ ЖОБО

 

 

1.Жалпы жоболор

2. Жобону иштеп чыгуунун кабыл алуунун жана күчүнө киргизүүнүн тартиби

3. Үй бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби

4. Маркумду эскерүүнүн ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби

5.1.Жергиликтүү комиссия

5.2.Айыл өкмөттүк комиссия

6. Жобонун талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик

 

 

1.Жалпы жоболор.

 

1.1. Бул жобо “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлук салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ №54 Жарлыгына ылайык, жергиликтүү калктын өзгөчөлүгүн жана салтын эске алып иштелип чыгылган, жергиликтүү жамааттын жыйынында кабыл алынган эрежелерди камтыйт.

 

1.2. Жобонун максаты айылдарда коомдук өнүгүүнүн муктаждыктарын эске алуу менен элдин жашоо турмушундагы улуттук каада-салттарды, үй-бүлөлүк үрп адаттарды, ырым-жырымдарды, майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү, маркумду эскерүүдөгү убаракерчиликке, өлүк ээсин мажбурлоого, ашыкча ысырапкорчулукка, элдин салт санаасын тоготпоого жол бербөө, ата салтына жат терс жөрөлгөлөрдүн күндөлүк турмушта жайылышына бөгөт коюу, элибиздин нукура салт санаасын, ырым жырымдарын кеңири пропагандалоо жана жайылтуу болуп эсептелет.

 

2.Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун жана күчүнө киргизүүнүн тартиби

 

2.1. Корул аймагында үй бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын, ырым-жырымдарды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо иштеп чыгуу үчүн айыл өкмөт башчысынын буйругу жана курамы. Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңештин депутаттарынан, ардагерлердин, аялдар жана жаштар уюмдардын, аксакалдар сотунун, диний жана өкмөттүк эмес уюмдардын, жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүнөн турган жумушчу тобу түзүлөт

 

2.2. Ушул Типтүү жобонун негизинде жумушчу тобу тарабынан иштелип чыккан жобонун долбоору элдик жыйындарда талкууланат, тааныштыруу үчүн такталарга илинет, айыл өкмөттүн сайттарына жайгаштырылат, Келип түшкөн сунуштар эске алынып, жобонун долбооруна киргизилет. Иштелип чыккан жобо жергиликтүү кеңештин сессиясында бекитилет.

 

2.3.Жобону бекитүү жөнүндө жергиликтүү кеңештин токтому белгиленген тартипте жергиликтүү кеңештин сайттарына жарыяланат.

 

2.4.Жобого кызыккан жарандарга айыл өкмөтү тарабынан токтоосуз тааныштырылат.

 

 

3.Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби

 

3.1. Үй бүлөлүк салтанаттарга бешик той,тушоо кесүү,балдарды сүннөткө отургузуу,нике той,куда тосуу,маараке салтанаттары ж.б. кирет.

 

3.2. Үй бүлөлүк салтанаттар айыл жеринде калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча,киргизилген чектөөлөрдү жана тыюуларды бекем сактоо менен өткөрүлөт.

 

3.3.Үйлөнүү той өз ыктыярлары менен эки тараптын эсебинен 200 (эки жүз) адамга чейинки “Банкеттик кече” же конок тосуу менен”Салттуу той” формасында өткөрүлөт, ысырапкерчиликке жол берилбейт. Үйлөнүү тоюнда ири бодо мал, жылкы союуга уруксат берилет. Бирок ашыкча сый дастаркондорду уюштурууга тыюу салынат. Меймандарга себет тартылбайт, тойго да себет көтөрүп келүүгө тыюу салынат.

 

3.4.Кудалашуудан баштап үйлөнүү тойго байланышкан бардык иш-чараларда эки жаштын ата-энесинин өз ара макулдашуусу менен белгиленип өткөрүлүп, эки тараптын туугандарына, сый кийимдерди берүүгө тыюу салынат. Кыз жигитке жана алардын ата-энелерине гана сый кийимдерди, белектерди берүүгө уруксат берилет

 

3.5.Тойдон кийинки салттык отко кирүү, кыз көрдү, төркүлөтүү ж.б.у.сыяктуу кечелер өз ыктыярлары менен эки куданын үй бүлөсү арасында 12(он экиден) ашпаган адамдын катышуусунда өтөт.

 

3.6.Кыз узатууда 10-15-тен ашык түрдүү кийим кече, күйөө баласын 40 күн багуу, ар майрам сайын күйөө балага баалуу белектерди берүүгө тыюу салынат.

 

3.7.Кыз тарапка той алып барганда 12 адам, күйөө жолдоштор 10 дон ашпоосу керек.

 

3.8.Жарандык абалдын актыларын каттоо органдарында никени мамлекеттик каттоодон өткөрүү салтанатында үчтөн ашуун транспортту колдонууга тыюу салынат.

 

3.9. Жашы жете элек кыздарга молдо тарабынан нике кыюуга тыюу салынат.

 

4.Маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби

 

4.1. Маркумду эскерүү ырым-жырымдары айыл жеринде калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча киргизилген чектөөлөрдү жана тыюуларды бекем сактоо менен өткөрүлөт.

 

4.2. Маркум чыккан (азалуу) үйдө алгачкы үч күн ичинде эч кандай жандыксоюлбайт, келгендерге дастаркон жайылып, тамак аш берилбейт.

 

4.3. Сөөк коюу жана аза күтүү ырым-жырымына ири бодо мал, жылкы союуга тыюу салынат.

 

4.4.Маркумга атап үчтүк, бейшембилик, кырктык, жылдык, айттык белгилөөгө жана дастаркон даярдоого тыюу салынат.

 

4.5.Сөөк коюуда, аза күтүүдө кийит кийгизүүгө (баш кийим, чепкен, көйнөк ж.б) маркум өткөн жерде кандайдыр бир кездемени айрып, жыртыш таратып берүү, буюмдарды (чыны, табак, атыр, самын, жип ж.б.) таратууга тыюу салынат. Кабыр казгандарга берилүүчү кызмат акы жергиликтүү комиссиянын макулдугу менен чектелет.

 

4.6. Кабырдын үстүнө кумбөз жана башка нерселерди тургузууга шариятта жок нерсе болгондуктан тыюу салынат.

 

4.7. Аза күндөрү бүткөндөн кийин сөөк чыккан үйдө атайын бир күндү белгилебей ошол үйдүн экономикалык абалына жараша карыз албастан каалаган убакытта бир жолу кайрымдуулук иретинде куран окутууга уруксат берилет.

 

5.Үй бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдары Жобого ылайык үй бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү органдарга жана кызмат адамдарына айыл өкмөтүнүн башчысы, жергиликтүү комиссия кирет. Комиссия өзүнүн ишин документтештирет.

 

5.1. Жергиликтүү комиссия

 

5.1.1. Жергиликтүү комиссиянын курамына айыл өкмөтүнүн башчысы, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, айылдык кеңештин депутаттары, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, милициянын аймактык тескөөчүсү, ардагерлерден, аялдар жана жаштар уюмунан, аксакалдар сотунун, диний уюмдардын, жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү кирет. Жергиликтүү комиссия айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен бекитилет.

 

5.1.2.Жергиликтүү комиссиянын мүчөлөрү маркумду эскерүү ырым жырымы өткөрүлуп жаткан жерге барып түшүндүрүү иштерин жүргүзөт, өлүк ээсин жобонун талаптары менен тааныштырып, ал тууралуу журналга кол койдурат, жобонун талаптарынын аткарылышына мониторинг жана көзөмөл жүргүзөт, жобонун талаптарын бузуу болгон учурда ал жөнүндө журналга каттоо жүргүзөт, (же акт түзөт), ал тууралуу комиссиянын отурумунда маселени карайт, талапты бузган адамдарга карата тийиштүү чаралар көрүлөт.

 

6. Жобонун талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик

 

Айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүү боюнча Жобонун талабын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинде, жергиликтүү жамааттын уставында, айылдын ички мыйзамдарында каралган (айылдык жыйындар, айылдык кеңеш тарабынан кабыл алынган) айып жазаларынын өлчөмү, салынган айыптарды төлөө мөөнөтү жана тартиби каралат.