Загрузка документа…
ТӨӨ-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төө-Моюн айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 24 сессиясы
2023-жылдын 28-июлу № 24-4
Тѳѳ-Моюн айылдык аймагындагы баалуулугу тѳмѳн айыл чарба жерлерди жана таштуу жайыт жерлерин которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
(Төө-Моюн айылдык кеңешинин 2023-жылдын 03-октябрындагы № 27-6 токтомунун редакциясына ылайык)
Тѳѳ-Моюн айылдык кеңешинин депутаттары айылдагы тургундардын жеке тартипте үй курууга жер участогун алуу үчүн муктаждар көп болгондугун эске алып, ошондой эле, алардын талаптарын канаттатдыруу үчүн айыл өкмөтүнө караштуу баалуулугу тѳмѳн айыл чарба багытындагы жерлерди жана таштуу жайыт жерлерин которууга (трансформациялоого) макулдук берүү максатында Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” мыйзамынын 12-беренесине негиз Төө-Моюн айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тѳѳ-Моюн айылдык аймагынын Ак-Шар, Сырт, Керкидан, Сары-Таш жана Жаштык айылдарына караштуу 198,8 гектар жер аянтын асылдуулугу төмөн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына жеке турак үйлөрдү куруу үчүн которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
(Төө-Моюн айылдык кеңешинин 2023-жылдын 03-октябрындагы № 27-6 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу камиссиясына жүктөлсүн.
Төө-Моюн айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Осмоналиев |