Загрузка документа…
ТӨӨ-МОЮН
АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 03-октябрындагы № 27-6
«Тѳѳ-Моюн айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28-июлундагы кезектеги 24-сессиясында кабыл алынган №24-4 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө»
(Төө-Моюн айылдык кеңешинин 2023-жылдын 29-ноябрындагы № 29-2 токтомунун редакциясына ылайык)
Тѳѳ-Моюн айылдык Кеңешинин депутаттары айылдагы тургундардын жеке тартипте үй курууга жер участогун алуу үчүн муктаждар көп болгондугун эске алып, алардын талаптарын канааттандыруу үчүн айыл өкмөтүнө караштуу асылдуулугу тѳмѳн “Айыл чарба багытындагы жерлерди” которууга (трансформациялоого) макулдук берүү максатында Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” мыйзамынын 12-беренесине негиз Төө-Моюн айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Тѳѳ-Моюн айылдык аймагынын Сырт айылынан №1014-контурунан 7,7 га, 1017-контурунан 4,29 га, 245-контурунан 0,37га, 2461-контурунан 1,11, 247-контурунан 7,1га, Керкидан айылынан №770-контурунан 7,8га, 772-контурунан 1,8га, 773-контурунан 11,19 га, 774-контурунан 5,16 га, 775-контурунан 3,28 га, 776-контурунан 2,82га, 869-контурунан 7,97га, 871-контурунан 2,64га, 872- контурунан 1,32га, Сары-Таш айылынан №1305-контурунан 3,05га, 1306-контурунан 8,45га, 1310-контурунан 29,7га, 1312-контурунан 13,22га, Ак-Шар айылынан №1276-контурунан 3,9га, 1277-контурунан 1,15га, 1278-контурунан 46,65га, 1279-контурунан 15,5га, 1280-контурунан 4,6га, Жаштык айылынан №75-контурунан 0,85га, 78-контурунан 3,0га, 73-контурунан 4,18га жалпы аянты 198,8 гектар жер мамлекеттик менчиктеги жайыттар “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына жеке турак үйлөрдү куруу үчүн которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
(Төө-Моюн айылдык кеңешинин 2023-жылдын 29-ноябрындагы № 29-2 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышы айылдык кенештин агрардык маселелер боюнча туруктуу камиссиясына жүктөлсүн.
Төө-Моюн айылдык кеңешинин тѳрагасы: |
А.Осмоналиев |