КР 2008-жылдын 5-апрелиндеги № 44
Мыйзамы менен ратификацияланган Астана шаары2006-жылдын 4-июлу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы жашыруун маалыматтарды өз ара коргоо жөнүндө МАКУЛДАШУУ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жа-на Казакстан Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагысаясий, аскердик, экономикалык, илимий-техникалык же башка кызматташуу-нун жүрүшүндө жүргүзүлгөн жашыруун маалыматтарды алмашууну, ошондой элеТараптардын мындай кызматташуусунун процессинде келип чыккан жашыруунмаалыматтарды коргоону камсыз кылуу каалоосуна таянып, Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык жашыруунмаалыматтарды коргоону камсыз өздөрүнүн мамлекеттеринин өз ара кызыкчы-лыктарын эске алып, Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин катышуучу-өлкөлөрүнүнмамлекеттер ортосундагы маалыматтардын жашырындуулугун өз ара камсызкылуу жөнүндө 1993-жылдын 22-январындагы Макулдашууну ишке ашырууда өзара кызыкчылыктарды эске алып, төмөндөгүлөр тууралуу макулдашты: 1-статья. Терминдердин аныктамасы Бул Макулдашууда колдонулган терминдер төмөндөгүлөрдү билдирет: "жашыруун маалымат" - Тараптар ар бири менен белгиленген жана ушулМакулдашууга ылайык берилген Тараптардын улуттук мыйзамына ылайык кор-голгон, ошондой эле санкциясыз таратуу Тараптардын улуттук коопсуздугу-на жана кызыкчылыгына зыян келтире турган, Тараптардын кызматташтыкпроцессиндеги келип чыккан жана бардык формада айтылган маалыматтар; "жашыруун маалыматтын ээ болуучусу" - материалдык объектилер, аныничинде символ, түр, сигнал, техникалык чечим жана процесстер сыяктуужашыруун маалымат өзүнүн түрүн тапкан физикалык талаалар; "жашырындуулуктун грифи" - жашыруун маалыматтын ээ болуучусуна ко-юула турган же ээ болуучуда болгон жашыруун маалыматтын дењгээли туура-лу күбөлөндүрүп, аны жиберүүчү документацияга коюлган реквизиттер; "жашыруун маалыматка кирүүгө уруксат" - жашыруун маалыматкакирүүгө жеке адамдын укугун тариздөө жол-жобосу, ыйгарым укуктуу орган-дарга болсо - мындай маалыматты колдонуу менен иш жүргүзүүгө; "жашыруун маалыматка жеткиликтүүлүк" - жашыруун маалыматка кирүүгөуруксат болгон жеке адамды жашыруун маалымат менен тааныштыруу процес-си; "келишим" - Тараптардын ыйгарым укуктуу органдарынын ортосундатүзүлгөн жана жашыруун маалыматтын берилишин же түзүлүшүн белгилеген,биргелешкен иштерди жүргүзүүгө же продукцияны ташып келүүгө келишим жеконтракт; "ыйгарым укуктуу орган" - Тараптардын кызматташтык процессинде бе-рилген жана (же) алынган жашыруун маалыматты алууга, сактоого, коргоогожана колдонууга Тараптар менен ыйгарым укук берилген мамлекеттик органже уюм; "координациялоочу орган" - ушул Макулдашууну ишке ашыруу боюнчааракетти координациялоо үчүн жооптуу Тараптардын мамлекеттик органы. 2-статья. Жашыруун маалыматты аныктоо Төмөнкүлөр жашыруун маалымат болуп саналат: Кыргыз Республикасында: Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүнө, коопсуздугуна,экономикалык жана саясий кызыкчылыгына тиешелүү, мамлекеттин контролун-дагы жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын негизинде аткаруунунжана аны иштелип чыккан атайын тизмек жана эрежелер менен чектелгенбардык ээ болуучу түрлөрү тарабынан сакталуучу жана колдонулган, мамле-кет тарабынан корголгон маалымат. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырлары мамлекеттик, аскердикжана кызматтык сырлар болуп бөлүнөт. Мамлекеттик жашыруун сырга аны таратуу Кыргыз Республикасынын кор-гонуу жөндөмдүүлүгүнө, коопсуздугуна, экономикалык жана саясий кызыкчы-лыктарына зыян келтире турган маалыматтар кирет. Аскердик жашыруун сырды аны таратуу Кыргыз Республикасынын кызык-чылыктарына жана Куралдуу күчтөрүнө зыян келтире турган аскердикмүнөздөгү маалыматтар түзөт. Кызматтык жашыруун сырга аны таратуу Кыргыз Республикасынын корго-нуу жөндөмдүүлүгүнө, коопсуздугуна, экономикалык жана саясий кызыкчы-лыктарына тескери таасирин тийгизүүчү маалыматтар кирет. Мындай маалы-мат мамлекеттик же аскердик жашыруун сырга кирет, айрым мүнөздөгү маа-лыматты камтыйт жана ал алардын сырын толук ачып бербейт. Жашыруун маалыматтарды санкциясыз таратуунун натыйжасында КыргызРеспубликасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүнө, коопсуздугуна, экономикалыкжана саясий кызыкчылыктарына зыян келтириши мүмкүн экендигине каратажашыруун маалыматтын ээ болуучусуна төмөндөгү чектелген жашырындуулукгрифтери берилет: "өзгөчө маанилүү" - бул мамлекеттик сырды камтыган жана аны тара-туу Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүнө, коопсуздугуна,экономикалык жана саясий кызыкчылыктарына коркунуч туудура турган маа-лымат; "өтө жашыруун" - бул мамлекеттик сырды камтыган жана аны таратууКыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүнө, коопсуздугуна, эконо-микалык жана саясий кызыкчылыктарына коркунуч туудура турган маалымат,ошондой эле аскердик мүнөздөгү сырды камтыган жана аны таратуу КыргызРеспубликасынын Куралдуу күчтөрүнө зыян келтире турган маалымат; "жашыруун" - аскердик мүнөздөгү сырды камтыган жана анын таратууКыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнө зыян келтире турган маалымат,ошондой эле мамлекеттик жана аскердик сырга тиешелүү, ошону менен биргеаны таратуу Кыргыз Республикасынын коргонуу жөндөмдүүлүгүнө, коопсузду-гуна, экономикалык жана саясий кызыкчылыктарына тескери таасир бергенжана анын толук эмес берилген айрым мүнөздөгү болгон кызматтык сыр ка-тегориясындагы маалымат; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык "өзгөчө маанилүү", "өтөжашыруун" жана "жашыруун" грифтери менен болгон жашыруун маалымат мам-лекеттик сырга кирет; Казакстан Республикасында: аскердик, экономикалык, илимий-техникалык, тышкы экономикалык,тышкы саясий, чалгындоо, каршы чалгындоо, оперативдүү-иликтөө жана эларалык укукта жалпы кабыл алынган ченемдерге каршы келбеген башка ара-кеттерди ишке ашыруу максатында таратылышы мамлекет тарабынан чектел-ген, мамлекеттик жана кызматтык сырды түзгөн, мамлекет тарабынан кор-голгон маалымат. Жашыруун маалыматты санкциясыз таратуунун натыйжасында КазакстанРеспубликасынын улуттук коопсуздугуна же мамлекеттик органдарынын жанауюмдарынын же өлкөнүн экономика тармагына зыян келтириши мүмкүн болотургандыгына байланыштуу көрсөтүлгөн жашыруун маалыматтын ээ болуучусу-на тиешелүү жашырындуулук грифи коюлат: "өзгөчө маанилүү" - бул аскердик, тышкы саясий, экономикалык, или-мий-техникалык, чалгындоо, каршы чалгындоо жана оперативдүү-иликтөөаракеттери тармагына тиешелүү маалыматтар жана аны таратуу бир же бирнече аталган тармактардагы Казакстан Республикасынын улуттук коопсузду-гуна зыян келтирет; "өтө жашыруун" - бул аскердик, тышкы саясий, экономикалык, или-мий-техникалык, чалгындоо, каршы чалгындоо жана оперативдүү-иликтөөаракеттери тармагына тиешелүү маалымат, аны таратуу Казакстан Республи-касынын улуттук коопсуздугуна, мамлекеттик органынын кызыкчылыктарынаже өлкөнүн экономика тармагындагы бир же бир нече аталган тармактарыназыян келтириши мүмкүн; "жашыруун" - аскердик, тышкы саясий, экономикалык, илимий-техника-лык, чалгындоо, каршы чалгындоо жана оперативдүү-иликтөө иш-аракеттеритармагына тиешелүү маалымат, анын жоголушу же таратылышы мамлекеттикоргандардын жана уюмдардын кызыкчылыктарына зыян келтириши мүмкүн жанамамлекеттик сырды түзгөн айрым маалыматтар. "Өзгөчө маанилүү" жана "өтө жашыруун" грифтери бар маалыматтармамлекеттик сырды, "жашыруун" грифи менен - кызматтык сырды түзөт. Ка-закстан Республикасынын мыйзамына ылайык мамлекеттик жана кызматтыксырды түзгөн маалыматтар мамлекеттик сырга кирет. 3-статья. Жашырындуулук даражалардын салыштырмалуулугу Тараптар өздөрүнүн мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайыкбелгилеген жашырындуулук даражасы жана аларга тиешелүү жашырындуулукгрифтери төмөндөгүдөй салыштырылат: Кыргыз Республикасында: Казакстан Республикасында: "Өзгөчө маанилүү" "Аса мањызды" "Өтө жашыруун" "Өтө күпия" "Жашыруун" "Күпия" 4-статья. Жашыруун маалыматты коргоо боюнча чаралар Тараптар төмөнкүгө милдеттүү: 1) экинчи Тараптан берилген же Тараптардын кызматташуу процессиндекелип чыккан жашыруун маалыматтарды коргоого; 2) берген Тарап койгон жашырындуулук грифин жазуу түрүндөгү анынмакулдугусуз өзгөртпөөгө; 3) жашыруун маалыматты пайдаланууда жашырындуулугу өзүнүн жашыруунмаалыматына карата ушул Макулдашуунун 3-статьясына ылайык салыштырылганжашырындуулук даражасын колдонгон коргоо чараларды көрүүгө; 4) экинчи Тараптын ыйгарым укуктуу органынан алынган жашыруун маа-лыматты аны берген максатта гана каралгандай колдонууга; 5) берген Тараптын алдан ала жазуу түрүндөгү макулдугусуз жашыруунмаалыматка жеткиликтүүлүккө үчүнчү Тарапка жол бербөөгө. 2. Жашыруун маалыматка жеткиликтүүлүккө аларды берүүдө каралганмаксатта кызматтык милдетти аткаруу үчүн, ошол маалымат менен таанышууүчүн керектөөчү адамга гана уруксат берилет. Жашыруун маалыматка жетки-ликтүүлүккө ага атайын уруксаты бар адамга гана мүмкүндүк берилет. 3. Жашыруун маалыматты колдонуу боюнча милдеттенмелер жана аныкоргоо боюнча чаралар толук берилген жашыруун маалыматтарды коргоо бо-юнча кошумча талаптар Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары тарабынантүзүлгөн келишимдерде каралышы мүмкүн. 5-статья. Жашыруун маалыматты берүү 1. Бир Тараптын координациялоочу органы экинчи Тараптын координа-циялоочу органынан биринчи Тараптын ыйгарым укуктуу органынан тиешелүүжеткиликтүүлүктүн бар болгонун, ошондой эле аны тийиштүү коргоого ке-ректүү мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу үчүн жазуу жүзүндө күбөлөндүрүүнүсурайт. 2. Айкын жашыруун маалыматты берүү тууралуу чечим Тараптардын мам-лекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык ар бир учурда Тараптар тарабы-нан кабыл алынат. 3. Жашыруун маалыматты биринчи мамлекеттен экинчиге берүү дипло-маттык каналдар боюнча, шифрделген документ байланыш каналдары, фельдъ-егердик кызмат же аскердик-курьердик кызмат боюнча Тараптар катышуучуболгон эл аралык макулдашууларга ылайык берилет. Тийиштүү ыйгарым укук-туу орган жашыруун маалымат алгандыгын аныктайт. 4. Ири көлөмдөгү жашыруун маалыматты берүү үчүн тиешелүү ыйгарымукуктуу органдар ушул Макулдашууга ылайык ар бир учурда ташуу ыкмала-рын, маршрутту жана коштоо формаларын макулдашат. Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары мындай ташуунун ар бир учур-лары жөнүндө тиешелүү маалыматтарды алмашып турушат. 6-статья. Жашыруун маалыматтар менен иштөө 1. Өткөрүлүп берилген жашыруун маалыматка аны кабыл алууга жооптууболгон ыйгарым укуктуу орган Ушул Макулдашуунун 3-статьясына ылайык са-лыштырылуучу кошумча жашырындуулук грифин коюуга тийиш. Жашырындуулукту гриф менен белгилөөнүн милдеттүүлүгү котормонун,көчүрмө түшүрүүнүн же нускалоонун натыйжасында Тараптардын кызматташтыкпроцессиндеги топтолгон жашыруун маалыматтарга коюлат. Берилген жашыруун маалыматтын негизинде топтолгон жашыруун маалы-матка берилген жашыруун грифинен төмөн болбогон жашырындуулук грифи ко-юлат. 2. Жашыруун маалымат өздөрүнүн жашыруун маалыматтарынын талаптары-на ылайык сакталат жана эске алынат. 3. Алынган маалыматтын жашырындуулук даражасы аны берген Тараптыныйгарым укуктуу органынын атайын жазуу түрүндөгү уруксаты боюнча ганаөзгөртүлөт же алынып салынат. Бир Тараптын ыйгарым укуктуу органы мындай билдирүүнү алгандан ки-йин экинчи Тараптын ыйгарым укуктуу органынан алынган жашыруун маалы-маттын ээ болуучусуна жашырындуулук грифин өзгөртүү боюнча чаралардыколдонууга 30 күндүн ичинде билдирүүгө милдеттүү. Тараптардын кызматташтык процессинде пайда болгон жашырындуулукдаражасы, Тараптардын ыйгарым укуктуу органдарынын өз ара макулдашуусубоюнча аныкталат, өзгөртүлөт же алынып салынат. 4. Жашыруун маалыматтын ээ болуучулары аларды берген Тараптын ый-гарым укуктуу органынан жазуу түрүндөгү уруксаты боюнча кайтарылат жежок кылынат. Жашыруун маалыматты жана анын ээ болуучуларын көбөйтүү (нускалоо)аларды берген Тараптын ыйгарым укуктуу органынан жазуу түрүндөгү урук-саты боюнча жүргүзүлөт. Жашыруун маалыматты жок кылуу документтештирилет, ал эми жоюу про-цесси аны кайта калыбына келтирүү мүмкүн эместигине кепил болууга ти-йиш. 7-статья. Келишимдер Ыйгарым укуктуу органдардын түзгөн келишимдерине төмөнкүлөрдү бел-гилеген өзүнчө бөлүк киргизилет: - жашыруун маалыматтын тизмеги жана анын жашырындуулук даражасы; - жашыруун маалыматты коргоонун өзгөчөлүгү; - талаш жагдайларды чечүү жана жашыруун маалыматтарды санкциясызтаратууда болуучу зыяндын ордун толтуруу тартиби. 8-статья. Координациялоочу органдар 1. Тараптардын координациялоочу органдары төмөнкүлөр: Кыргыз Республикасында - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздуккызматы; Казакстан Республикасында - Казакстан Республикасынын Премьер-ми-нистринин Канцеляриясы. 2. Ушул Макулдашууну ишке ашыруу боюнча иш-аракеттерди координаци-ялоочу мамлекеттик орган өзгөргөн учурда Тараптар мындай өзгөрүүлөр ту-уралуу бири-бирине өз убагында билдиришет. 9-статья. Консультациялар 1. Тараптардын координациялоочу органдары ушул Макулдашууну атка-руу үчүн зарыл болгон жашыруун маалыматты коргоо тармагындагы өз мамле-кеттеринин тиешелүү ченемдик укуктук актыларын алмашат. 2. Ушул Макулдашууну аткарууда кызматташтыкты камсыздоо максатындаТараптардын координациялоочу органдары биринин өтүнүчү боюнча биргелеш-кен консультацияларды өткөрүшөт. 10-статья. Ишсапарлар 1. Бир Тараптын ыйгарым укуктуу органынын өкүлүнүн экинчи Тараптынмамлекетинин жашыруун маалыматтарына жеткиликтүүлүгүн белгилеген ишса-пары кабыл алып жаткан Тараптын мамлекетинин мыйзамдарында белгиленгентартипте жүргүзүлөт. Мындай барууларга уруксат ушул Келишимдин 4-стать-ясынын 2-пунктунда белгиленген адамдарга гана берилет. 2. Мындай ишсапарлардын мүмкүнчүлүгү жөнүндө кайрылууну жиберипжаткан Тараптын координациялоочу органы болжолдонгон ишсапар башталаар-дан 4 (төрт) жумадан кеч эмес убакта кабыл алып жаткан Тараптын мамле-кетинин координациялоочу органына жөнөтөт. Мындай ишсапардын мүмкүнчүлүгү жөнүндө кайрылуу кабыл алып жатканТараптын мамлекетиндеги кабыл алынган процедуралардын негизинде түзүлөтжана төмөнкүдөй маалыматты камтыйт: - ыйгарым укуктуу органдын өкүлүнүн фамилиясы жана аты, туулганкүнү жана туулган жери, жарандыгы жана паспортунун номери; - ыйгарым укуктуу органдын өкүлүнүн кызматы жана кесиби, ал иште-ген ыйгарым укуктуу органдын аталышы; - тиешелүү жашырындуулук даражасы менен жашыруун маалыматка урук-саты бар экендиги; - ишсапардын болжолдонгон күнү жана узактыгы, бара турган ыйгарымукуктуу органдын аталышы, баруу максаты, талкуулануучу маселелерге тие-шелүү бардык пайдалуу көрсөтмөлөр, ошондой эле таанышуу болжолдонгонжашыруун маалыматтын жашырындуулук даражасы; - жолугушуу пландаштырылган адамдардын кызматы, фамилиясы жанааты. 3. Ушул Макулдашуунун алкагында бир Тараптын ыйгарым укуктуу ор-гандарынын өкүлдөрү экинчи Тараптын мамлекетинин аймагына келгенде ка-был алып жаткан Тараптын мамлекетинин улуттук мыйзамында белгиленгентартипте каттоодон өтүшөт. 4. Бир Тараптын ыйгарым укуктуу органынын өкүлдөрүнүн экинчи Та-раптын мамлекетинин жашыруун маалыматтарына түздөн-түз жеткиликтүүлүгүкабыл алып жаткан Тараптын мамлекетинин улуттук мыйзамынын талаптарынаылайык жүргүзүлөт. 11-статья. Жашыруун маалыматты коргоо боюнча чараларды ишке ашыруу боюнча чыгымдар Ар бир Тараптын ыйгарым укуктуу органынын жашыруун маалыматты кор-гоо боюнча чараларды өткөрүүгө байланыштуу ушул Макулдашуунун алкагындакелип чыккан чыгымдары өз алдынча тартылат жана экинчи Тараптын ыйгарымукуктуу органы тарабынан төлөнбөйт. 12-статья. Жашыруун маалыматты коргоо боюнча талаптарды бузуу жана зыяндын ордун толтуруу 1. Жашыруун маалыматты санкциясыз таратууга алып келген жашыруунмаалыматты коргоо боюнча талаптар бузулган учурда, ошол бузуулар болгонаймактагы Тараптын мамлекетинин улуттук мыйзамдарына ылайык тергөөжүргүзүлүп, тиешелүү Тараптын координациялоочу же ыйгарым укуктуу орга-ны экинчи Тараптын координациялоочу же ыйгарым укуктуу органына окуянынжагдайлары, анын кесепеттери жана көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө дарообилдирет. 2. Жашыруун маалыматты санкциясыз таратуудан болуучу зыяндынөлчөмү жашыруун маалыматы санкциясыз таратылган Тараптын мамлекетининулуттук мыйзамдарында белгиленген тартипте аныкталат. 13-статья. Талаш-тартыш маселелерди чечүү Бул Макулдашууну чечмелөөгө же колдонууга байланыштуу келип чыкканталаш-тартыштар Тараптардын ортосундагы консультацияларды жанасүйлөшүүлөрдү өткөрүү жолу менен чечилет. 14-статья. Өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү Тараптардын өз ара макулдугу боюнча бул Макулдашууга өзгөртүүлөржана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуунун ажырагысбөлүгү болуп саналган атайын протоколдор менен таризделет. 15-статья. Күчүнө кириши, колдонуу мөөнөтү жана колдонууну токтотуу 1. Бул Макулдашуу Тараптардын ар бири анын күчүнө кириши үчүн за-рыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө акыркыжазуу жүзүндөгү билдирүү алынган күндөн тартып күчүнө кирет. 2. Бул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлөт жана бир Тараптын ушулМакулдашуунун колдонулушун токтотуу жөнүндөгү ниетин билдирген тиешелүүжазуу жүзүндөгү билдирүүсүн экинчи Тарап алган күндөн тартып алты айөткөнгө чейин колдонулат. 3. Бул Макулдашуунун колдонулушу токтотулган учурда Тараптардынкызматташтык процессинде берилген же түзүлгөн жашыруун маалыматка кара-та жашырындуулук грифи алынмайынча, ушул Макулдашуунун 4-статьясындабелгиленген аны коргоо боюнча чаралар колдонула берет. Астана шаарында 2006-жылдын 4-июлунда эки түп нускада, ар бирикыргыз, казак жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бир-дей күчкө ээ. Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыкканучурда Тараптар орус тилиндеги текстке кайрылышат. Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн