Бишкек шаары2008-жылдын 5-апрели № 41 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы Бишкек шаарында 2007-жылдын 27-июнунда кол коюлган макулдашуу ратификациялоо тууралу 1-берене. Биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүү жөнүндө Шанхай кызмат-таштык уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы Бишкек шаарында 2007-жыл-дын 27-июнунда кол коюлган
макулдашуу ратификациялансын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасыкөрсөтүлгөн Макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ичкижол-жоболорду аткаргандыгы жөнүндө депозитарий болуп эсептелген Шанхайкызматташтык уюмунун Катчылыгына кабарласын. 3-берене. Ушул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев 2008-жылдын 21-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган