Загрузка документа…
ТӨӨ-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төө-Моюн айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 26 сессиясы
2023-жылдын 2-сентябры № 26-1
Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата аймактагы жарандардын социалдык маселелерин канааттандыруу максатында жеке менчик турак жай куруу үчүн жер участоктор менен камсыздоо боюнча Программасын бекитүү жөнүндө
Төө-Моюн айыл аймагынын тургундарын турак жай куруу үчүн жер участок менен камсыз кылып, 2018-жылдан бери чечилбей келе жаткан социалдык көйгөйдү чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесинин 3-4 -бөлүктөрүн, Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамынын 12-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктун, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 Токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобонун” негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Төө-Моюн айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төө-Моюн айыл аймагынын жарандарын турак үй куруу үчүн жер участок менен камсыздоо программасы бекитилсин. (1,2-тиркемелери)
2. Бул токтомду аткарууга алуу жана тиешелүү ченемдик укуктук актыларынын негизинде иш алып баруу жагы Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары М.Осмоновко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл чарбасы, экологияны коргоо, жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төө-Моюн айылдык кеңешинин төрагасы |
А.Осмоналиев |
Ош облусунун Араван районундагы Төө-Моюн айылдык кеңешинин кезексиз 26 сессиясында бекитилди
Төө-Моюн айылдык кеңешинин
төрагасы_________А.Осмоналиев
02.09.2023-жыл
Араван району Төө-Моюн айыл
өкмөтү
Төө-Моюн айыл аймагынын тургундарын турак жай менен камсыз
кылуу боюнча Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн
ПРОГРАММАСЫ
Төө-Моюн айылдык кеңеши
Араван районундагы
Төө-Моюн айылдык кеңешинин
8-чакырылышы 26-кезексиз сессиясынын
2023-жылдын 2-сентябрындагы
№26-1 токтомуна №1-тиркеме.
Төө-Моюн айыл аймагында жашоочу тургундардын турак жай менен камсыз кылуу боюнча программаны иш жүзүнө ашыруу үчүн
Иш чаралар
№ | Аткарылуучу иштердин мазмуну | Аткаруу мөөнөтү | Жооптуулар | Эскертүү |
1 | Айылдардагы турак жай курууга муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн тизмесин тактоо | 2023-ж | Айыл башчылар, жер адистер |
|
2 | Турак жай курууга муктаж үй-бүлөлөрдү жашоо шартына карап категорияларга бөлүштүрүү | 2023-ж | Айыл башчылар, жер адистер |
|
3 | Айыл тургундарына турак жай куруу үчүн жер аянттарын аныктоо | 2023-ж | М.Осмонов, айыл башчылар, жер адистер |
|
4 | Турак жай куруу үчүн ажыратылган жер аянтын коммуникациялык иштерге ылайыктыгы боюнча жогору турган органдарга сунуштарды берүү | 2023-ж | М.Осмонов, айыл башчылар, жер адистер |
|
5 | Турак жай куруу үчүн ажыратылган жер аянттар-ында архитектуралык иш кагаздарын даярдоо | 2023-2024-ж | М.Осмонов, Д.Газыев, айыл башчылар, жер адистер |
|
6 | Турак жай куруу үчүн ажыратылган жер аянттар-ын жергиликтүү кеңештин сессиясында бекитүү | 2023-2024-ж | Айыл өкмөтү, А.Осмоналиев |
|
7 | Турак жай куруу үчүн берилүүчү жер тилкесин-ин өлчөмүн жергиликтүү кеңештин сессиясында бекитүү | 2023-2024-ж | Айыл өкмөтү, А.Осмоналиев |
|
8 | Турак жай куруу үчүн жарандарга жер тилкелерин бөлүп берүүнү уюштуруу | 2023-2024-ж | Айыл өкмөтү, А.Осмоналиев, айыл башчылар |
|
Төө-Моюн айылдык
кеңешинин катчысы: Икирам уулу А
Араван районундагы Төө-Моюн айылдык кеңешинин 8-чакырылышы 26-кезексиз сессиясынын 2023-жылдын 2-сентябрындагы №26-1 токтомуна №2-тиркеме.
Төө-Моюн айыл аймагынын тургундарын турак жай менен камсыз кылуу боюнча Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн ПРОГРАММАСЫ
1.Киришүү.
2.Программанын максаты жана милдеттери.
3.Айыл тургундарын жер участогу менен камсыз кылууну иликтөө
4.Программаны иш жүзүнө ашыруунун механизимдери
5.Күтүлүүчү натыйжалар
1.Киришүү
Төө-Моюн айыл аймагынын тургундарын турак жай менен камсыз кылуу боюнча Программа (мындан ары — Программа) Кыргыз Республикасынын «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талабын аткаруу максатында даярдалган.
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 32-беренесинде жер участогу Кыргыз Республикасынын жарандарынын менчигине ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында акысыз түрдө бир жолу турак жай курууга берилет деп белгиленген.
Төө-Моюн айыл аймагында азыркы күндө элдин саны 18 800 кишини түзөт. Жыл сайын жаңыдан үй-бүлө кургандардын санынын өсүү динамикасы жогорулап, 2020-жылы 290, 2021-жылы 340, 2023-жылдын 9 айында 163 үй-бүлө курулган. Адам санынын эсебинен чоң кожолуктарда турмуш курган жаңы үй-бүлөлөрдүн саны эки жана үчкө жеткендиги, ар түрдүү себептер менен турмушу бузулуп кеткен үй-бүлөлөрдүн жана ден соолугуна байланыштуу үй-бүлө курууга мүмкүнчүлүгү жок айыл тургундарынын санынын артышы, жер участогун алууга мыйзам чегинде жеңилдиги бар айыл тургундары боюнча иликтөө иштери жүргүзүлгөн убакытта алардын саны 643 кишиге жеткен.
Айыл аймагындагы калктуу конуштар боюнча турак жайга муктаж болгон үй-бүлөлөрдү иликтөө иштеринин жыйынтыгы:
№ | Айылдардын аталышы | Кожолуктун саны | Турак жай курууга муктаж адамдардын саны | Эскертүү |
1 | Жеке-Мисте | 653 | 507 |
|
2 | Ак-Шар | 689 | 577 |
|
3 | Найман | 744 | 561 |
|
4 | Сырт | 387 | 251 |
|
5 | Керкидан | 395 | 290 |
|
6 | Авиз | 387 | 357 | |
7 | Сары-Таш | 354 | 385 | |
Бардыгы | 3609 | 2928 |
Төө-Моюн айыл аймагындагы калктуу конуштар боюнча турак жай куруу үчүн ажыратылган жер участоктору:
| № | Айылдардын аталышы | Ажыратылган жер аянтынын өлчөмү, га |
|
1 | Жеке-Мисте |
| |
2 | Ак-Шар | 71,8 |
|
3 | Найман |
| |
4 | Сырт | 20,57 |
|
Жаштык | 8,03 | ||
5 | Керкидан | 43,98 | |
6 | Авиз | ||
7 | Сары-Таш | 54,42 | |
Айыл аймагы боюнча | 198,8 |
|
2023-жылы Төө-Моюн айыл өкмөтү, Төө-Моюн айылдык кеңешинин депутаттары жана жергиликтүү жамааттын катышуусу менен жергиликтүү аймактардын шарттарын карап, турак жай куруу үчүн жер участогун ажыратуу турак жайга муктаж болгон жарандарга жер участогун бөлүп берүү иштери Программанын негизинде жүргүзүлүүсү белгилеген.
2. Программанын максаты жана милдеттери
Төө-Моюн айыл аймагында жашаган жаңы курулган үй-бүлөлөрдү жана айыл тургундарынын жашоо деңгээлин жогорулатуу, жаштарды өз алдынча чарба жүргүзүүсүнө шарт түзүү максатын иш жүзүнө ашыруу үчүн төмөнкү милдеттерди аткаруу зарыл.
1.Айылдардагы турак жай курууга муктаж болгон үй-бүлөөлөрдүн тизмесин тактоо
2.Турак жай курууга муктаж үй-бүлөөлөрдү жашоо шартына карап категорияларга бөлүштүрүү
3.Айыл тургундарына турак жай куруу үчүн жер аянттарын аныктоо
4.Турак жай куруу үчүн ажыратылган жер аянтын коммуникациялык иштерге ылайыктыгы боюнча жогору турган органдарга сунуштарды берүү
3. Айыл тургундарын жер участок менен камсыз кылууну иликтөө
Жарандарга турак жай куруу үчүн бөлүнүп бериле турган жерлер Төө-Моюн айыл аймагында турак жай куруу үчүн пландаштырылган 20,57 га жер аянты, Сырт айылдарынан №1014, 1017, 245, 246, 247, контурларында, Жаштык айылында пландаштырылган 8,03 га жер аянты №75, 78, 73 контурларында, Керкидон айылында пландаштырылган 43,98 га жер аянты № 770, 772, 773, 774, 775, 776, 869, 871, 872 контурларында, Сары-Таш айылында пландаштырылган 54,42 га жер аянты № 1305, 1306, 1310, 1312 контурларында, Ак-Шар айылында 71,8 га жер аянты № 1276, 1277, 1278, 1279, 1280 контурунда жайгашган жана баалуулугу төмөн таштуу жайыт жерлер жана экономикалык жактан эффективдүү эмес.
4. Программаны иш жүзүнө ашыруунун механизимдери
Жер участогун которуу боюнча иш кагаздары жергиликтүү кызматтардын, анын ичинде архитектура жана курулуш, айлана-чөйрөнү коргоо, айыл жана суу чарбасы, саламаттыкты сактоо, өзгөчө кырдаалдар, энергетика, жер пайдаланылышын контролдоо инспекциясы жана башка райондук структуралар менен макулдашылып иш жүзүнө ашырылат.
Пландаштырылган жер аянттарынын калктуу конушка жакын жайгашуусу инженердик коммуникацияларды, электр энергиясынын берүү линияларын, суу түтүктөрүн, телефон линияларын тартууга, ошондой эле социалдык объектилерди, анын ичинде: мектеп, балдар бакчасын, медициналык объектилерди курууга мүмкүнчүлүгү бар экендигин аныктайт.
5. Күтүлүүчү натыйжалар
Төө-Моюн айыл аймагында жашоочу калктын биринчи кезекте кожолукта эки жана үч келини бар үй-бүлөөлөрдүн социалдык маселелери чечилет, мыйзам чегинде жеңилдиктери бар болгон айыл тургундардын мамлекетке болгон ишеничтерин бекемдейт, ден соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген, жугуштуу ооруга дуушар болгон адамдардын жашоого болгон кызыгуусун арттырууга, үй-бүлөлөрдө психологиялык абалды стабилдештирүүгө, жаш үй-бүлөлөрдүн араздашуу жана ажырашуу маселелерин азайтуу маселеси чечилиши күтүлүүдө.
Төө-Моюн айылдык
кеңешинин төрагасы ` А.Осмоналиев