Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 27-декабры № 106
Ош шаарындагы имараттарды мамлекеттик менчиктен муниципалдык менчикке өткөрүп алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27, 34, 39, 40-беренелерин жетекчиликке алып, Ош шаарындагы имараттарды мамлекеттик менчиктен муниципалдык менчикке өткөрүп алуу жөнүндө Ош шаарынын вице-мэри Ж.Азимовдун маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2022-жылдын 22-декабрындагы №33 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Ош шаарынын аймагындагы тиркемеде көрсөтүлгөн даректердеги, мамлекеттик менчикте, баланста турган административдик жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарын муниципалдык менчиктин балансына кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Ош шаарынын мэриясына (Б.Жетигенов), “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ош филиалына (И.Сансызбаев), Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына (С.Төрөбек уулу), Ош шаардык билим берүү башкармалыгына (С.Аматова), Ош шаарынын мэриясынын тышкы байланыштар жана аналитика башкармалыгына (М.Исраилов):
- ушул токтомду ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрүү;
- мыйзамда белгиленген тартипте учеттук-инвентаризациялоо иштерин жүргүзүүнү, административдик жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарын муниципалдык менчиктин балансына өткөрүп алууга зарыл болгон бардык укук тастыктоочу иш-кагаздарын даярдоо жана ушул токтомго шайкеш келтирүүнү камсыздоо;
- мындан ары тиркемеде белгиленген даректердеги административдик жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарын муниципалдык менчиктин балансына өткөрүп алуу боюнча жеткиликтүү иш алып баруу тапшырылсын.
3. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Кулов Р.А.) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Абдиев Ч.Т.)
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Ш.Бакир уулу) жүктөлсүн.
Ош шаардык кеңешинин төрагасы |
С.С. Назылбеков |
Ош шаардык кеңешинин
2022-жылдын 27-декабрындагы
XV сессиясынын
№ 106 токтомуна
тиркеме
Ош шаарынын аймагындагы муниципалдык менчиктин балансына кабыл алынуучу мамлекеттик менчиктин балансында турган административдик жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарынын тизмеси
| № | Мурдагы аталышы жана катар номери | Дареги | Максаттык багытынын түрү |
| ||||
|
|
| |||||||
|
| АДМИНИСТРАТИВДИК ИМАРАТТАР |
| ||||||
| 1. | Ош шаарынын мэриясы жана Ош обл. админстрациясы жайгашкан имарат | Ленин көчөсү, 221 | Администр-к |
| ||||
| 2. | Мэриянын батыш тарабындагы чоң жыйындар залы (дом политпросвещения) | Курманжан Датка көчөсү, 128 | Администр-к |
| ||||
| 3. |
КРИИМ Ош жана Баткен облусу боюнча ички иликтөө кызматынын (МРУ) имараты | 1.Ю.Заднепровский көчөсү, 4 | Администр-к |
| ||||
| 2.Ю.Заднепровский көчөсү, 4/3 | Администр-к |
| ||||||
| 3.Ю.Заднепровский көчөсү, 4/4 | Администр-к |
| ||||||
| 4.Ю.Заднепровский көчөсү, 4/5 | Администр-к |
| ||||||
| 4. | Ош шаарынын мэриясынын жана Ош обл. автогаражы жайгашкан имарат | Молдо Нияз көчөсү, 73 | Гараж |
| ||||
| 5. | Геологиялык экспедиция мекемесинин автогаражы | Курманжан Датка көчөсү, 1 | Өндүрүш |
| ||||
| 6. | Ош шаарындагы балдар жана өспүрүмдөр спорт мектеби (ДЮСШ) | Сай Бою көчөсү, 5/2 | Жазылган эмес |
| ||||
|
| МАМЛЕКЕТТИК БАЛАНСТА ТУРГАН БАЛА БАКЧАЛАР |
| ||||||
| № | Мурдагы аталышы ж-а катар номери | Дареги | Максаттык багытынын түрү |
| ||||
| 1. | № 4 “Лоло” бала бакча | “Манас-Ата” МАБна А.Навои, 33 | Социалдык мектепке чейинки билим берүү уюму (МЧББУ) |
| ||||
| 2. | № 6 “Светлячок” бала бакча | “Сулайман-Тоо” МАБна Ленин көч. № 516 (Тешик таш) | Социалдык (МЧББУ)
|
| ||||
| 3. | № 7 “Булак” бала бакча | “Манас Ата” МАБ Ашимахунова көч. №46 | Социалдык (МЧББУ) |
| ||||
| 4. | № 11 “Вишенка” бала бакча | “Керме-Тоо” МАБ Моминова көч.№148 а | Социалдык (МЧББУ) |
| ||||
| 5. | № 17 “Светофор” бала бакчасы (БиМ ОшМУ) | “Манас-Ата” МАБна Масалиев көч. № 80 а | Социалдык (МЧББУ) |
| ||||
| 6. | № 18 “Юбилейная” бала бакча | “Керме-Тоо” МАБна (СМУТТ) Кукум-Бий көч. № 13 | Социалдык (МЧББУ) |
| ||||
| 7. | № 23 бала бакча | “Керме-Тоо” МАБна Моминова көч. №10 | Социалдык (МЧББУ) |
| ||||
| 8. | № 26 “Хрусталик” бала бакча | “Туран” МАБна Суйумбаева № 57/2 (мурдагы Шахтерска) | Социалдык (МЧББУ) |
| ||||
| 9. | № 28 бала бакча | “Керме-Тоо” МАБна Каримова көч. № 31 (Черемушка) | Социалдык (МЧББУ) |
| ||||
| 10. | № 31 “Зирек” балдар бакчасы “Колосок” | Абакир уулу Торобек (Петрова №1 а) № 45 "а" | Социалдык (МЧББУ) |
| ||||
| 11. | № 38 “Келечек” бала бакчасы | Абакир уулу Торобек көч. № 33 “в” | Социалдык (МЧББУ) |
| ||||
| 12. | № 42 “Золушка” бала бакчасы | “Манас-Ата” МАБна Аэропорт көч. 6/5 | Социалдык (МЧББУ) |
| ||||
| 13. | №45 “Жоогазын” бала бакча | “Манас-Ата” МАБна Салиева көч. № 37 | Социалдык (МЧББУ) |
| ||||
| 14. | № 52 “Ручеек” бала бакча | “Курманжан Датка” МАБ Өзгөн көч. №130 а | Социалдык (МЧББУ) |
| ||||
| 15. | № 54 “Ивушка” бала бакча | Манас-Ата” МАБна Салиева көч. № 40в/1 | Социалдык (МЧББУ) |
| ||||
| 16. | № 56 “Юбилейный” бала бакча | “Манас-Ата” МАБна Салиева көч. № 40 д | Социалдык (МЧББУ) |
| ||||
| 17. | № 58 “Дюймовочка” бала бакча | “Манас-Ата” МАБна Салиева көч. № 57 | Социалдык (МЧББУ) |
| ||||
| 18. | № 59 “Тополек” бала бакчасы | “Керме-Тоо” МАБна Кулатов көч. 8/1 | Социалдык (МЧББУ) |
| ||||
| 19. | № 70 “Курманжан Датка” бала бакча | “Керме-Тоо” МАБна Абдыкадыров көч. № 195 д | Социалдык (МЧББУ) |
| ||||
| 20. | № жок бала бакча | Джим көч. № 11 “Оомат” баня жанында | Социалдык (МЧББУ) |
| ||||
|
| ||||||||
Ош шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
И. Абдыраимов | ||||||||