Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ош шаардык кеңешинин кезектеги XV сессиясы (V чакырылыш)
2022-жылдын 27-декабры № 105
“Ынтымак” жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө
(Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 113 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27, 34, 40-беренелери жана Кыргыз Республикасынын “Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө” Мыйзамынын 15-беренесинин 2-пунктун жана Ош шаардык Кеңешинин Регламентинин 33, 34, 35, 36-главаларын жетекчиликке алып, “Ынтымак” жамаатынын төрагасы К.Оморовдун маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2022-жылдын 13-декабрындагы №14 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кенеши токтом кылат:
1. “Ынтымак” жамаатынын уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
(Ош шаардык кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы № 113 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Ч.Абдиев).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянына (Б.Усөнов) жүктөлсүн.
Төрага | С.С. Назылбеков |