Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ош шаардык кеңешинин кезектеги XV сессиясы (V чакырылыш)
2022-жылдын 27-декабры № 111
Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылга иш планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин жана Ош шаардык Кеңешинин Регламентинин 23.1, 23.2 жана 23.4 пункттарынын негизинде, Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларынын жана депутаттык фракциялардын сунуштарын, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган ой-пикирлерди эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылга иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын (Ч.Абдиев).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси И.Абдыраимовго жүктөлсүн.
Төрага | С.С. Назылбеков |
Ош шаардык Кеңешинин
2022-жылдын 27-декабрындагы
№ 111 токтомуна тиркеме
Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылга иш планы
№ | Иш - чаралар | Аткаруу мөөнөтү | Аткаруучулар |
| Шаардык Кеңештин сессияларында карала турган маселелер | ||
1. | Ош шаарынын 2023-жылга бюджетин жана 2024-2025-жылдарга болжолун, 2023-2025-жылдарга Ош шаарынын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн болжолун бекитүү жөнүндө | 1-квартал | Бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
2. | Ош шаарынын мэринин 2022-жылдын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана бюджетинин аткарылуусу боюнча отчету жөнүндө | 1-квартал | Бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
3. | Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер жонүндө | 1-квартал | Архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
4. | Ош шаарында калктын саламаттыгын сактоо боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө | 1-квартал | Социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
5. | Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ишканалардын эскилиги жетип, жараксыз болуп калган автоунааларын эсептен чыгаруу боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө | 1-квартал | Транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
6. | Ош шаарынын 2022-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө | 2-квартал | Бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
7. | Ош шаарынын мэриясынын шаардагы коомдук коопсуздукту камсыздоо, жашы жете элек өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу, диний агымдардын жана экстремисттик-террористтик көз караштагы кыймылдардын терс көрүнүштөрүнө карата көрүлүп жаткан иштери жөнүндө | 2-квартал | Мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
8. | Ош шаарынын мүлкүнө сырткы жарнак жана маалымат обьектилерин орнотуунун жана пайдалануунун абалы жөнүндө | 2-квартал | Архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
9. | Ош шаарында билим берүү тармагына тиешелүү мекемелердин аткарып жаткан иштери жөнүндө | 2-квартал | Социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
10. | Ош шаарынын мэриясынын шаардагы ээлери аныкталбаган электр көмөк чордондорун Ош райондук электр тармактар ишканасынын балансына өткөрүү боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө | 2-квартал | Транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
11. | Ош шаарынын мэриясынын Ош шаарына инвестиция тартуу, тышкы экономикалык байланыштарды түзүү жана ишкерлерге шарт түзүү боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө | 2-квартал | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
12. | Ош шаарынын мэринин 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы менен Ош шаарынын соиалдык-экономикалык абалы жана бюджетинин аткарылышы боюнча отчету жөнүндө | 3-квартал | Бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
13. | Ош шаарынын мэриясы тарабынан Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” жана “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамдарынын аткарылышы боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери жөнүндө | 3-квартал | Мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
14. | Ош шаарынын архитектуралык, курулуштук контролдоо боюнча башкармалыгынын жана Ош регионалдык шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын аткарып жаткан иштери жөнүндө маалыматтарын угуу | 3-квартал | Архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
15. | “Алтын уя”, “Боорукердик” үй-интернаттарынын, “Лотос” балдар үйүнүн абалдарын жакшыртуу боюнча Ош шаарынын мэриясынын аткарып жаткан иштери жөнүндө | 3-квартал | Социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
16. | Жылуулук-энергетикалык комплекс мекемелеринин 2023-2024-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдгы жөнүндө | 3-квартал | Транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
17. | Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгы жана Ош шаары жана Ош облусу боюнча ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо башкармалыгы, ошондой эле Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан Ош шаарынын 2023-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылуусун камсыздоо боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө. | 4-квартал | Бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
18. | Ош шаардык Кеңешинин токтомдорунун аткарылышы жөнүндө | 4-квартал | Мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
19. | Ош шаарынын жаштар иштери боюнча комитетинин аткарып жаткан иштери жөнүндо | 4-квартал | Социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
20. | Ош шаарынын мэриясынын калкты таза суу менен камсыз кылуу, шаарды жашылдандыруу, тазалыкты сактоо, турак-жайларды актап-сырдоо иштеринин абалы жана жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапаттуулугу боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө | 4-квартал | Транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
21. | Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык башкармалыктарынын жана Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын аткарып жаткан иштери жөнүндө | 4-квартал | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
22. | Ош шаарынын Аксакалдар сотторунун шайлоолорун өткөрүү жөнүндө | 4-квартал | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
Практикалык иш чаралар | |||
1. | Ош шаардык Кеңешинин сессияларында жана туруктуу депутаттык комиссияларынын отурумдарында карала турган маселелерди сапаттуу жана өз убагында даярдоо | Иш пландар боюнча | Туруктуу депутаттык комиссиялар Шаардык Кеңештин аппараты |
2. | Шаардык Кеңештин сессияларында кабыл алынган токтомдорду шаардык Кеңештин сайтына жайгаштыруу | Ар бир сессиядан кийин | Шаардык Кеңештин аппараты |
3. | Шаардык Кеңештин токтомдорунун, туруктуу депутаттык комиссиялардын чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө | Аткаруу мөөнөттөрү боюнча | Туруктуу депутаттык комиссиялар Шаардык Кеңештин аппараты |
4. | Башкаруу органдары, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар уюштурган семинарларга жана тегерек столдорго активдүү катышуу | Чакыруу боюнча | Депутаттык фракциялар, Туруктуу депутаттык комиссиялар Шаардык Кеңештин аппараты |
5. | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча республикадагы шаардык кеңештер менен тажрыйба алмашуу | Жыл ичинде | Депутаттык фракциялар,Туруктуу депутаттык комиссиялар, Шаардык Кеңештин аппараты |
6. | Шаардын бюджети жана шаар үчүн маанилүү деп эсептелген көйгөйлүү маселелер боюнча коомдук угууларды уюштуруу | Зарылдыгына жараша | Туруктуу депутаттык комиссиялар, Шаардык Кеңештин аппараты |
7. | Шайлоочулар менен жолугушуу, шайлоочулардын алдында аткарылган иштер боюнча отчет берүү, шайлоочулардын сунуш-талаптарын жалпылап, шаардык мэрияга аткарууга тапшыруу | Жыл ичинде | Депутаттык фракциялар |
8. | Шаардык Кеңештин сессияларын, туруктуу депутаттык комиссиялардын отурумдарын жана башка иш чараларды шаардык Кеңештин сайтына жана башка жалпыга маалымдоо каражаттарына чыгаруу | Ар бир иш чарадан кийин | Шаардык Кеңештин аппараты |
9. | Сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сын-пикирлерди жана сунуштарды жалпылоо, аларды аткаруу үчүн шаардык мэрияга жөнөтүү жана алардын аткарылышы боюнча маалыматтарды депутаттарга маалымдоо | Ар бир сессиядан кийин | Шаардык Кеңештин аппараты |
10. | Шаарда өткөрүлүүчү коомдук, маданий жана спорттук иш чараларга активдүү катышуу | Ар дайым | Шаардык Кеңештин депутаттары Шаардык Кеңештин аппараты |
11. | Шаардык Кеңешке келип түшкөн кайрылууларды, каттарды жана арыздарды өз убагында кароо жана жыйынтыгын ээлерине билдирүү | Мыйзам чегинде | Туруктуу депутаттык комиссиялар Шаардык Кеңештин аппараты |
Ош шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
И.Абдыраимов |