Загрузка документа…
Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын 27-декабрындагы кезектеги XV сессиясынын № 104 токтомуна тиркеме |
Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги
негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө
ЖОБО
І. Жалпы жоболор
1.1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, Кыргыз Республикасынын "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" мыйзамына, Кыргыз Республикасынын “Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык иштелип чыкты.
1.2. Ушул Жобо муниципалдык мүлк катары эсептелген негизги каражат-унаа транспорт каражатын эсептен чыгаруу, ошондой эле эсептен чыгаргандан кийин аны колдонуу тартибин жөнгө салат.
1.3. Ушул жобо негизги каражаттарга кирген төмөнкү муниципалдык мүлккө тиешелүү: жумушчу жана кызматтык унаалар жана жабдуулар, анын ичинде муниципалдык менчик болуп саналган, 1 жылдан ашык мезгил ичинде пайдаланууга мүмкүн болбогон унаа транспорт каражаттары (кызматтык колдонууда жүргөн жеңил автоунаалар (9 адамга чейинки-седан, универсал, хетчбэк, лифтбек, лимузин, пикап, минивень, купе, жүргүнчү адамдарды ташып жүргөн автобустар, троллейбустар, жүк ташуучу унаалар-ар кандай жүктөрдү ташуу үчүн арналган транспорт каражаттары, тракторлор).
1.4. Негизги каражаттарды эсептен чыгаруу төмөнкү учурларда орун алат:
а) моралдык жешилүү (унаа транспорт каражаттарынын, жабдуулардын азыркы деңгээлине ылайык келбеши), же физикалык жешилүү ( техникалык абалынын касиеттеринин анын баштапкы абалына ылайык келбеши);
б) аварияларда, табият кырсыктарында жана башка өзгөчө кырдаалдарда жок болуу;
в) негизги каражаттардын уурдалышы, жоголушу, жок болушу же бузулушу, мындан аларды андан ары пайдалануу калыбына келтирүүгө олуттуу чыгымдарсыз мүмкүн эмес болуп калган;
г) нормативдик иштөө мөөнөтү өтө элек негизги каражаттарды, ошондой эле алар бузулган учурда эсептен чыгаруу, ошол мүлктүн калабына келтирилүүчү наркын аракети негизги каражатты жараксыз абалга келтирген адамдардын эсебинен төлөтүү менен жүргүзүлөт (форс-мажордук кырдаалдардан тышкары).
Негизги каражаттарга кирген муниципалдык мүлк аны калыбына келтирүү мүмкүн эмес же экономикалык жактан максатка ылайык эмес болгон, ошондой эле ал физикалык же юридикалык жактарга бекитилген тартипте сатылышы мүмкүн эмес болгон учурларда гана эсептен чыгарууга жатат.
1.5. Автоунаа каражаттары, техникалык, медициналык жана башка маанидеги түзүлүштөр жана жабдуулар болуп саналган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу, алар толук комплектте болгон шартта гана жүргүзүлөт.
II. Мүлктү эсептен чыгаруунун жалпы тартиби
2.1. Негизги каражаттарды эсептен чыгаруунун же андан ары пайдалануунун максатка ылайыктуулугун, аны калыбына келтирүү мүмкүндүгүн жана натыйжалуулугун аныктоо үчүн, ошондой эле өзүнүн балансында муниципалдык мүлк бар мекеме-ишканаларда эсептен чыгарууга документацияны тариздөө үчүн жетекчинин буйругу менен курамына төмөнкүлөр кирген туруктуу комиссия түзүлөт:
- жетекчи же орун басары (комиссиянын төрагасы);
- башкы бухгалтер (бухгалтер);
- тиешелүү техникалык адис, эгерде тейлөө жүргүзүлгөн болсо, жабдууну сервистик тейлөөнү ишке ашырган уюмдун техникалык адиси;
- ошол мүлктүн сакталышы үчүн жоопкерчилик жүктөлгөн адам.
Мындан тышкары, комиссиянын курамына коомдук уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле башка адамдар кириши мүмкүн (юридикалык жактын жетекчисинин кароосу менен).
2.2.Мекеме-ишканаларда туруктуу иштеген комиссиялар:
а)эсептен чыгарыла турган мүлктү кароону жүргүзүшөт, мында керектүү техникалык документацияны (паспорт жана башка документтерди), ошондой эле бухгалтердик эсептин маалыматтарын пайдаланышат жана аны эсептен чыгаруу боюнча корутунду чыгарышат;
б)эсептен чыгаруунун объектиси болуп жабдуу саналган учурда, негизги каражаттардын жараксыздыгы жөнүндө корутунду берүү үчүн сөзсүз түрдө тиешелүү уюмдардын, юридикалык жактардын адистерин же атайын адистерди тартышат;
в)мүлктү эсептен чыгаруунун конкреттүү себептерин аныкташат (жешилүү, авария, эксплуатациялоонун нормалдуу шарттарын бузуу жана башка);
г)негизги каражаттардын убактысынан мурда эксплуатациядан чыгышына айыптуу адамдарды аныкташат, аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартуу боюнча сунуштарды киргизишет;
д)эсептен чыгарылып жаткан каражаттардан жарактуу деталдарды, материалдарды, түстүү жана баалуу металлдарды, алардын санын, салмагын аныкташат жана аларды андан ары пайдаланууну, сактоону жана сатууну ишке ашырышат;
ж)негизги каражаттардын объектилерин эсептен чыгарууга төмөнкү актыларды түзүшөт:
-Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги тарабынан бекитилген ОС-4a форма боюнча "Бюджеттик мекемелерде унаа каражаттарын эсептен чыгаруу жөнүндө актыга" шайкеш келген акт.
2.3. Негизги каражаттарга мекеме-ишканаларда туруктуу иштеген комиссия тарабынан (мындан ары - уюм) ушул Жобого тиркемеде көрсөтүлгөн керектүү документтер таризделет жана жогоруда турган уюм, мекеме же ишкана менен макулдашкандан кийин алар эсептен чыгаруу Актылары менен кошо Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу органга негизги каражаттарды эсептен чыгаруу боюнча тиешелүү жумушчу комиссиянын (мындан ары - Комиссия) кароосуна кийирүү үчүн берилет.
Эсептен чыгарууга материалдар сөзсүз түрдө тигилип, номерленип, негизги каражаттарды эсептен чыгарууну демилгелеген мекеменин, уюмдун же ишкананын жетекчиси кол коюшу керек жана бардык топтолгон документтердин тизмеси менен тигилиши керек.
2.4.Автоунаа каражаттарын эсептен чыгаруу боюнча Жумушчу комиссиянын курамы Ош шаарынын мэринин буйругу менен бекитилет, ага комиссиянын төрагасы катары - муниципалдык менчик маселелерин көзөмөлдөгөн вице-мэр жана комиссия мүчөсү катары - негизги каражаттарды эсептен чыгаруу процедурасын демилгелеген мекемени, уюмду же ишкананы көзөмөлдөгөн вице-мэр жана тиешелүү адистер кириши керек.
2.5.Муниципалдык менчикке кирген негизги каражаттарды ушул жобонун 1.4-пунктуна кирбеген себептер менен эсептен чыгаруу төмөнкү тартипте жүргүзүлөт:
а)Муниципалдык мүлктөгү негизги каражаттарды эсептен чыгаруу боюнча жумушчу комиссия жыйынтык документти (Акт) жана керектүү документтерди карап чыгат;
б) комиссиянын ишинин жыйынтыктары боюнча протокол таризделет, ал комиссиянын төрагасы тарабынан бекитилет.
2.6.Эсептен чыгаруу актыларында негизги каражаттардын төмөнкү көрсөткүчтөрү көрсөтүлөт:
- даярдалган жылы;
- ишканага же мекемеге келип түшкөн күнү;
- эксплуатацияга киргизилген убактысы;
- объектинин баштапкы наркы (кайра баалангандар үчүн-калыбына келтирүү наркы);
- бухгалтердик эсептин маалыматтары боюнча чегерилген жешилүүнүн суммасы;
- эгерде жасалган болсо, жасалган капиталдык ремонттордун саны жана аларга кеткен чыгымдардын суммасы;
- ошондой эле негизги каражаттарды эсептен чыгаруунун себептери, алардын негизги бөлүктөрүнүн, деталдарынын, түйүндөрүнүн, конструктивдик элементтеринин абалы кеңири чагылдырылат.
Мындан тышкары, автомобилдин канча жол жүргөнү көрсөтүлөт жана агрегаттары менен деталдарына техникалык мүнөздөмө берилет, аны чачып бузуудан алынышы мүмкүн болгон деталдар менен түйүндөрдү андан ары пайдалануу мүмкүндүктөрү көрсөтүлөт.
Авариялардын кесепетинен иштен чыккан негизги каражаттарды эсептен чыгарууда эсептен чыгаруу жөнүндө актыга авария жөнүндө актынын көчүрмөсү тиркелет, ошондой эле аварияга алып келген себептер түшүндүрүлөт жана күнөөлүү адамдарга карата кабыл алынган чаралар көрсөтүлөт.
Негизги каражаттардын бардык түрлөрүн Комиссиянын чечими менен эсептен чыгарууда керектүү документтердин тизмесине сөзсүз түрдө фото жана видеоматериалдар тиркелет.
Уурдоонун, өрттүн, табигый кырсыктын, форс-мажордук аракеттердин натыйжасында жок кылынган негизги каражаттарды эсептен чыгарууда уюм кошумча төмөнкү документтерди тапшырууга милдеттүү:
- мүлктү жоготуу фактысын тастыктаган документ (кылмыш ишин козгоо, же кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө токтом, өрт инспекциясынын өрт фактысы боюнча тактамасы жана ушул сыяктуулар);
- муниципалдык мүлк өткөрүп берилген мекеме-ишкананын жетекчисинин жана материалдык жооптуу адамдардын мүлктү жоготуу фактысы боюнча түшүнүк каттары;
- күнөөлүү адамдардын жазаланышын жана келтирилген зыяндын (калыбына келтирилүү наркынын) орду толтурулушун тастыктаган документтер.
Негизги каражаттарды эсептен чыгаруу боюнча жумушчу комиссия маалыматтардын тууралыгын текшерет, зарыл учурларда эксперттерди тартат, эсептен чыгаруу мүмкүндүгү жөнүндө чечим кабыл алат жана протоколго кол коет.
2.7. Негизги каражаттарды эсептен чыгаруу протоколу төмөнкүлөрдү камтышы керек:
а) эсептен чыгарылган мүлктү колдонуу жолу жөнүндө чечимди (жок кылуу, металлоломго өткөрүп берүү, тапшыруу, кайрадан чийки зат катары иштетүү);
б) аткаруучунун ушул аракеттерди жасоо боюнча көрсөтмөлөрүн;
в) негизги каражаттардын реестрине өзгөртүүлөрдү кийирүү жөнүндө көрсөтмөлөрдү.
2.8. Негизги каражаттарды эсептен чыгаруу протоколу негизги каражаттардын муниципалдык реестринине өзгөртүүлөрдү кийирүү жана андан чыгаруу үчүн негиз болуп саналат.
2.9.Ар кандай же белгисиз себептер менен документтери же мамлекеттик белгилери белгиленген тартипте таризделбей калган авто унаа транспорттук каражаттарды эсептен (пайдалануудан) чыгарууда, көз карандысыз баалочунун отчетуна жана мекеме-ишкананын жетекчилиги баштаган тиешелүү кызматкерлеринин ( башкы инженер, гараж башчы, башкы механик, башкы эсепчи ж.б) актысына ылайык, ушул жободо көрсөтүлгөн эрежелер колдонулат.
III. Эсептен чыгарылган негизги каражаттарды сатуу, демонтаж жасоо тартиби.
3.1. Негизги каражаттарды эсептен чыгаруу боюнча жумушчу комиссиянын актылары бекитилгенге чейин негизги каражаттарды бузууга, демонтаж жасоого жана жок кылууга уруксат берилбейт.
3.2. Чачып бузулган жана демонтаж жасалган негизги каражаттардын андан ары колдонууга жарактуу болгон бардык деталдары, түйүндөрү, агрегаттары жана жабдуулары мекеме-ишканалардын бухгалтериясы тарабынан көрсөтүлгөн баалуулуктар эсепке алынган тиешелүү эсептерге кириштелет, ал эми жараксыз деталдар жана жабдуулар боюнча белгиленген тартипте иш алып барылат.
Бул жерде ломду, кара жана түстүү металлдардын калдыктарын эсепке алуу, сактоо жана эсептен чыгаруу, ошондой эле чийки затты жок кылуу, баштапкы чийки зат, материалдар жана даяр продукция үчүн аныкталган тартипте жүргүзүлөт.
Баалуу металлдарды колдонуу менен даярдалган деталдар жана жабдуулар, ошондой эле кара жана түстүү металлдардан даярдалган деталдар жана жабдуулар мекеме-ишкананын муктаждыктарына колдонулбаса, эсептен чыгарылгандан кийин тиешелүү тараптарга сатууга жатат.
Негизги каражаттарды сатуудан түшкөн каражаттар жергиликтүү бюджетке которулат.
Комиссия тарабынан акт бекитилгенден кийин, ушул жобого ылайык эсептен чыгарылган негизги каражаттарга карата кириштөө, жок кылуу, сатуу жана башка аракеттерди юридикалык жак комиссиялык түрдө ишке ашырат.
3.3. Эсептен чыгарылган негизги каражаттар чачып бузулгандан кийин алынган жана ишканада кайрадан пайдаланууга жараксыз болгон чийки зат сатылууга же жок кылынууга тийиш. Эсептен чыгарылган мүлктү сатуудан алынган суммалар мекеме-ишканалар тарабынан кириштелет, бул жөнүндө тиешелүү каржылык документ түзүлөт.
Эсептен чыгарылган негизги каражаттарды чачып бузгандан алынган чийки зат, ал кайталап пайдаланууга жараксыз болгон учурда юридикалык жак тарабынан кириштелет, бул тууралуу каржылык документ түзүлөт.
Эсептен чыгарылган негизги каражаттарга карата мекеме-ишкана тарабынан иш-чаралар жүргүзүлгөндөн кийин, тиешелүү мекеме, уюм же ишкана 10 күндүн ичинде Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу органга муниципалдык мүлктүн жок кылынышын (металломго тапшырууну, чийки затты кайра иштетүүнү, өткөрүп берүүнүн жана жок кылууну) тастыктаган тиешелүү жайынтык документтерди берүүгө, келип түшкөн акча каражаттарынын төлөм документтеринин көчүрмөлөрүн, ошондой эле андан ары пайдаланууга жарактуу түйүндөр менен жабдуулардын кириштелишин, негизги каражаттардын муниципалдык мүлк реестринен чыгарылышын тастыктаган документтерди тапшырууга милдеттүү.
IV. Жоопкерчилик.
4.1. Эсептен чыгарылышы керек болгон негизги каражаттар жөнүндө сапатсыз жана туура эмес маалыматтарды берүү үчүн мекеменин, уюмдун же ишкананын жетекчисине, башкы бухгалтерине же автотранспорт каражаттары боюнча түздөн-түз жооптуу адиске мыйзамда каралган тартипте юридикалык жана дисциплинардык жоопкерчилик жүктөлөт.
4.2. Материалдык зыян келтирилген учурда күнөөлүү адам келтирилген зыяндын ордун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толтурууга милдеттүү.
4.3. Баланстан негизги каражаттарды эсептен чыгаруунун аракеттеги тартиби бузулган, ошондой эле материалдык баалуулуктарга чарбачыл эмес мамиле жасалган (жок кылуу, күйгүзүү жана ушул сыяктуу) учурларда буга күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жоопкерчиликке тартылууга тийиш.
4.4. Негизги каражаттарды эсептен чыгаруу протоколуна жана актысына жумушчу комиссиянын бардык мүчөлөрү кол койгонго чейин, эсептен чыгарылып жаткан негизги каражаттардын сакташы жана толук комплектациясы үчүн уюмдун, ишкананын, мекеменин материалдык жооптуу адамдары жооп беришет.
Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси |
И.Абдыраимов |
Тиркеме
Муниципалдык мүлктү эсептен чыгаруу
үчүн муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча
ыйгарым укуктуу органга тапшырылуучу документтердин
ТИЗМЕСИ
1. Муниципалдык мүлктү эсептен чыгарууга өтүнмө, эсептен чыгарыла турган мүлктүн тизмесин көрсөтүү менен (1 нуска).
2. Эсептен чыгаруу боюнча комиссия түзүү жөнүндө буйруктун көчүрмөсү (1 нуска).
3. Эсептен чыгаруу жөнүндө акты:
а) Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги тарабынан бекитилген ОС-4a форма боюнча "Бюджеттик мекемелерде унаа каражаттарын эсептен чыгаруу жөнүндө актыга" шайкеш келген акт.
4. Авто транспорт каражаттарынын техникалык паспортунун көчүрмөсү.
5. Инвентардык карточканын көчүрмөсү (1 нуска).
6. Адистин мүлктү мындан ары эксплуатациялоого жараксыздыгы жөнүндө техникалык корутундусу.
7. Төмөнкүлөрдүн натыйжасында автоунаа каражаттарын эсептен чыгарууда:
а) авария, табигый кырсык, бөлөк өзгөчө кырдаалдарда - ыйгарым укуктуу уюм тарабынан түзүлгөн актынын көчүрмөсү;
6) уурдоо, жоготуу же бузууда төмөнкүлөр тиркелет:
- автотранспорт каражаттарын (мүлк) уурдоо, жоготуу же бузуу фактысын тастыктаган документ (кылмыш ишин козгоо, же кылмыш ишин козгоодон баш тартуу боюнча токтом, муниципалдык мүлк өткөрүлүп берилген уюмдун жетекчисинин жана материалдык жооптуу адамдын мүлктү уурдоо, жоготуу же бузуу фактысы жөнүндө түшүнүк каттары);
- күнөөлүү адамдардын жазаланышын жана келтирилген зыяндын (калыбына келтирүүчү нарктын) ордун толтурууну тастыктаган документтер.
8. Фото жана видеоматериалдар (электрондук жана чыгарылган вариантта).
Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси |
И.Абдыраимов |