Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Сай айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХХV сессиясы
2022-жылдын 25-апрели №116
Кыргыз Республикасынын Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 26-мартындагы №01-11/30 сандуу чыгыш катын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” №54 жарлыгын турмушка ашыруу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 26-мартындагы №10-11/30 сандуу чыгыш катын карап, талкуулап чыгып Ак-Сай айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХХV сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 жарлыгын турмушка ашыруу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 26-мартындагы №01-11/30 сандуу чыгыш каты аткарууга алынсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам
Айылдык кеңешинин төрагасы: |
А.Талиев |