Загрузка документа…
| Бекитемин: Ак-Сай айылдык кеңешинин төрагасы __________________Талиев. А. С |
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар” жөнүндөгү №54 Жарлыгын Ак-Сай айыл өкмөтүндө ишке ашыруу жөнүндө
ЖОБО:
1.Жалпы жоболор.
Жоболордун иш-чаралары Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар” жөнүндөгү №54 жарлыгына ылайык уюштурулат жана жүргүзүлөт.
I. Маркумду узатуунун тартиби:
1. Жер-жерлерде маркумду узатууда (маркум өткөндөгу аза күтүү күндөрү) 3 күнгө чейин эч кандай мал жандыктарын сойбоо;
2. Маркум өткөндөн кийин биринчи бейшемби, экинчи бейшемби, кыркы жана жылдык деген көрүнуштөрдү токтотуу;
3. Эл арасындагы ар түрдүү кудайыларды, мааракелерди өткөрбөө ( ата-энеси, туугандары өткөн учурда кыздары тарабынан өз үйүндө кадым ж.б. өткөрбөө);
4. Маркум өткөн мезгилде тиешелүү адамдар тарабынан мал союлуп келүүгө тыюу салуу;
5. Суук маарекеде маркумдун жакындары тарабынан (аялдар) материал, себет, кийим кийгизүү, чүпүрөк, жайнамаз баалуу буюмдарды таркатпоо;
6. Аялдар үчүн аза күтүп, көк кийди жана ак кийди үрп-адаттарын токтотуу;
7. Сөөктү жуугандарга баалуу буюмдарды берүүнү токтотуу:
8. Маркум өткөндөн 3 күндөн кийин мүмкүнчүлүккө карап 3 же андан ашык күндөрү бир кой же эчки союп жана элди чакырып ихсан берүүгө жол берилет (бодо мал союуга жол берилбейт);
II. “Ажы”, “Умра” тойлор:
1. Ажы жана Умрага барган жарандарга өзүнүн жакын туугандары тарабынан уюштурулган ашыкча той, маарекелерди өткөрүүгө тыюу салуу;
2. Тасби, жайнамаз ж.б. баалуу буюмдарды таркатууга тыюу салуу;
III. Сүннөт тойду өткөрүүнүн тартиби.
1. Сүннөт тойго келген жакындары үчүн көптөгөн конокторду берүүнү токтотуу (конокту үчтөн ашырбоого жол берилет);
2. Жакындары тарабынан кийит кийгизүүнү токтотуу;
3. Тойго келген жарандар тарабынан (аялдар) себет алып келүү жана кайра себет алып кетүү көрүнүштөрүнө тыюу салуу;
4. Той ээси тарабынан келген жарандарга нан, пакет, ж.б. таркатууга тыюу салуу (эли-журттун аксакалдарына берсе болот);
5. Той ээси тарабынан тойго арнап бир бодо мал жана ага кошумча бир кой союу жана андан ашыкча чыгымга жол бербөө;
6. Окуучу балдарга конок берүүгө жол берилбейт;
7. Эли-журтту сүннөт тойго чакыруу өз мүмкүнчүлүктөрүнө жараша жүргүзүлөт;
8. Тойго келген жакын туугандарына (адиялар) согум сойду жана нан таркатуу иштерин уюштурбоо
9. Келген жакын туугандарына (кудаларга) себет коюуну төрттөн ашырбоо
10. Калпак, жоолук жана дасторкон көтөрүп келүүнү токтотуу, колдон келсе акча каражаты тарабынан жардам берүү;
11. Сүннөт той өткөрүүдө түрдүү белектер, кийим-кече бир гана балдар үчүн алынып, баланын ата-энесине, жакын туугандарына сарпай берүү, себет тартуу,конок берүү, жакын туугандары тарабынан эмеректерди алып келүүнү токтотуу;
12. Жакын туугандарына конок берүү мүмкүнчүлүктөрүнө жараша болуп, адамдын санын 30дан ашырбоо жана ашыкча ыксыз чыгымдарга жол бербөө;
13. Той ээсинин досторун сыйлоо мүмкүнчүлүккө жараша жүргүзүлөт жана ашыкча чыгымдарга тыюу салынат;
IV. Уул үйлөө жана кыз узатуу каада-салттарын өткөрүү тартиби:
1. Уул үйлөө тоюнда (ЗАГС) бир жеңил унаа жана бир чоң унаа (бусик ж.б.) менен гана чыгуу
2. Кызга калың берүү эки тараптын келишими менен жүргүзүлөт;
3. Кыз тарапка 100кг пахта, мал-жандыктарды төрттөн ашырбоо жана 800, 1000 даанага чейин нан берүү;
4. Күйөө балдарга тогуз табак коюу деген көрүнүштөрдү токтотуу;
5. Тойго алынып баруучу кант жана таттууларды төрт кутудан (каробка) ашырбоо (эки тараптын ортосундагы);
6. Тойго келгендерге себет тартуу төрттөн ашырбоо;
7. Үй эмеректерин алуу эки тараптын келишүүсү менен жүргүзүлөт, ашыкча чыгымдарга жол берилбейт.
8. Уул үйлөө, кыз узатуутойлоруна барган жарандарга себет, калпак, материал ж.б. буюмдарды алып баруугатыюу салуу (мүмкүнчүлүгүнө карап акча каражаты жактан жардам берсе болот);
9. Куда сыйларын өз үйлөрүндө өткөрүү (эки тарап мүмкүнчүлүгүнө карап тойканада өткөрсө болот, бирок адамдын саны 200гө чейин);
10. Кыз көчүрүүдө кыз тараптагы эркектердин баруусуна жол бербөө;
11. Кыз көчүрүп келүү каада-салттарындагы ашыкча урп-адаттарды жок кылуу (жук акчасын алуу,жол тосуу ж.б.);
12. Кыз көчүрүүгө 30 адамдан ашырбоо(аялдар);
13. Кызга сөйкө салуу учурунда ашыкча көрүнүштөрдү кыскартуу, адам санын бештен ашырбоо;
14. Сөйкө салуу учурунда материал ж.б. баалуу белектерди бербөө.
V. Күйөө чакыруу, келин көрүү каада-салттарын өткөрүү тартиби.
1. Күйөө чакыруу жана келин көрүү аземине көп адамдрдын баруусуна жол бербөө, адамдын санын бештен ашырбоо жана ашыкча чыгымдарга тыюу салуу;
2. Мал жандыктарды сойбоо;
VI. Бешик берүү тартиби.
1. Жакын туугандары тарабынан балага бешик берүү үлпөтүндө балага гана арналып сарпай берүү;
2. Ата-энесине сарпай берүүнү токтотуу;
3. Адамдан санын бештен ашырбоо
4. Мал жандыктарды сойбоо;
VII. Балага акыйка берүү:
1. Балага арнап акыйка берүүдө мүмкүнчүлүккө жараша мал союуну экиден ашырбоо (акыйка берүү салтанатында бешикти кошо берсе болот);
2. Эли-журтту чакырүү өз мүмкүнчүлүгүнө жараша жүргүзүлөт.
VIII. Жээнтек той.
1. Айыл өкмөтүндө жээнтек тойду өткөрүүгө тыюу салуу.
IX. Ата-энасине аш берүү:
1. 1 бодо мал, 1 кичине мал союуга болот, ашыкча союуга жана чыгымга жол берилбейт.
2. Конок берүүгө тыюу салуу.
3. Себет алып баруу кайра алып кетүүнү токтотуу;
4. Мал жандыктарын жана акча каражатын берүүгө тыюу салуу;
5. Нан алууга тыюу салуу (эли-журттун аксакалдары үчүн нан алууга жол берилет)
X. Орозо айт жана курбан айт майрамдарын белгилөө:
1. Орозо айт жана курбан айт намаздарын жер жерлердеги мечиттерде көпчүлүк элдердин катышуусунда окуу жана өткөрүү;
2. Жер жерлерде орозо айт жана курбан айт күндөрүн майрамдык маанайда өткөрүү;
3. Орозо айт жана курбан айт күндөрү барууга, үймө-үй кыдырууга тыюу салуу;
4. Ашыкча ыксыз чыгашаларды колдонууга жол бербөө;
5. Себет, нан берүүнү токтотуу;
6. Арапа күнү маркум өткөн жерге жакын туугандары келсе болот(аз сандагы адамдардын катышуусунда);
7. Маркумга арнап арапа күнү жакын туугандары тарабынан 1 (кой же эчки)мал союуга болот, ашыкча союуга жол берилбейт;
8. Курбан айт күнү мүмкүнчүлүккө жараша курбандык катары мал-жандыктарын союуга жол берилет.
XI. Ар кандай маанидеги жарандарга арналган юбилейлик иш-чараларды өткөрүүнүн тартиби:
1. Аймакта мектепти бүткөндөрдүн 10,20,30 жылдык юбилейлерин коомдук жайлардагы кафе, ресторандарда өткөрүүгө тыюу салуу;
2. Жер жерлердеги билим берүү мекемелеринде расмий түрдө101,20,30 жылдык юбилейлердин катышуусунда өткөрүүгө жол берилет.
3. Ар бир жаранга арналган 50,60,70,80 жылдык юбилейлик иш-чаралар аз сандагы адамдардын катышуусунда өткөрүүгө жол берилет. Ашыкча чыгымдарга тыюу салынат.
4. Жер-жерлердеги ресторандарда, кафелерде кассаларды, туулган күндөрдү уюштуруп өткөрүүгө чектөөлөрдү киргизүү.
2.Айылдык деңгээлдеги комиссия курамынын максаттары жана милдеттери:
Айылдык деңгээлдеги түзүлгөн комиссиясы:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар” жөнүндөгү №54 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 9-мартындагы №2 пратоколун, 2022-жылдын 26-мартындагы №1-11/30 сандуу чыгыш катын жетекчиликке алат.
2. Айылдык комиссияда тиешелүү маселелерди карайт, айылдык деңгээлдеги жобонун талаптарынын аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
3. Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүдө жана коомдук турмуштагы ашыкча ысырапкерчиликтижоюу боюнча тиешелүү иш аракеттерди көрөт, жер-жерлерде, эл арасында түшундүрүү иштерин жүргүзүүнү уюштурат.
4. Аймакта ысырапкерчиликти жоюу жана ыксыз чыгымдарды кыскартуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдындагы түзүлгөн айылдык деңгээлдеги жергиликтүү комиссиянын чечимдериндеги даттанууларды карайт, ишин көзөмөлдөйт жана сунуштарын угат.
5. Чечим кабыл алуу татаалданткан жагдайлар келип чыккан учурда чара көрүү үчүн райондук комиссияга сунуш киргизет.
3.Айылдык деңгээлдеги жобонун эрежелерин бузган учурда тиешелүү жактарга мыйзамда белгиленген тартипте чара көрүүнүн тартиптери.
1. Айылдык деңгээлдеги жобонун эрежелерин, мыйзамдуу чечимдерин жана талаптарын аткарбай койгон учурда мыйзамда белгиленген тартипте тиешелүү жарандар тарабынан чараларды көрүү.
2. Айылдарда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эске алуудагы ырым-жырымдарды өткөрүү боюнча айылдык жобонун талабы жеке жактар тарабынан бузулган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамынын “Укук бузуулар” жөнүндөгү кодексинде жергиликтүү кеңештери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кабыл алынган тиешелүү чечимдерине ылайык 20000 (жыйырма миң) -150000(жүз элүү миң) сомго чейин айып пулдарды салуу тартибин кароо