КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кең-Арал айылдык аймактык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы
2023-жылдын 2-октябры № 1
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын
29-августундагы “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” ПЖ №215 Жарлыгын аткаруу жөнүндө
Депутаттардын Кең-Арал айылдык аймактык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 16-сессиясы, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” ПЖ №215 Жарлыгын аткаруу жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” ПЖ №215 Жарлыгы аткарууга алынсын.
2.2023-жылдын 15-декабрында Кыргыз Республикасынын борбору Бишкек шаарында Элдик Курултай чакырылгандыгы эске алынсын.
3.Жергиликтүү Курултайды даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын календардык планы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4.Жергиликтүү Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
5.Календардык планга ылайык Жергиликтүү Курултайды өткөрүү күнү 18-ноябрь, Жергиликтүү Курултайдын делегаттарынын саны 40 деп белгиленсин.
6.Жергиликтүү жамааттардын жыйындары 16-октябрдан 21-октябрга чейин өткөрүлсүн.
7.Ушул токтом менен бекитилген Жергиликтүү Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын календардык планына жараша өз мөөнөттөрүндө аткаруу боюнча конкреттүү чаралар көрүлсүн.
8.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага: | Б.Токонов |
|
| 1-тиркеме Кең-Арал айылдык кеңешинин 2023-жылдын 2-октябрындагы №1 токтому менен бекитилген |
Жергиликтүү Курултайды өткөрүүнү уюштуруу жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын календардык планы
№ | Иш-чаралардын мазмуну | Өткөрүү убактысы | уюштуруучулар | Негиз/эскертме |
Элдик Курултайдын делегаттарын жергиликтүү жамааттардан шайлоо | ||||
1. | Жергиликтүү кеңеш тарабынан Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүчүлүктүү жыйындар (мындан ары-өкүлчүлүктүү жыйындар) жөнүндө чечимди сессияда кабыл алуу: -өкүлчүлүктүү жыйындын убактысын жана өтүүчү жерин аныктоо; -өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдүн санын бекитүү; -өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү боюнча жергиликтүү жамааттарды тиешелүү аймактык бөлүктөргө бөлүү ченемдери (нормасы); -жыйындарды өткөрүү графигин бекитүү; -өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тизмесин бекитүү; -өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамын бекитүү | 2023-жылдын\ 6-октябрына чейин | Айылдык кеңеш |
|
2. | Өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдү көрсөтүү боюнча жергиликтүү жамааттардын жыйындарын өткөрүү | 2023-жылдын 16-октябрынан 21-октябрына чейин | Айылдык кеңеш |
|
3. | Өкүлчүлүктүү жыйындын катышуучуларын көрсөтүү боюнча жамааттардын жыйындарынын протоколдорун жана өкүлдөрдүн анкеталарын чогултуп жалпылоо | Комиссиялар түзүлгөн учурдан тартып 2023-жылдын 23-25-октябрына чейин | Жумушчу топ | Бекитилген график боюнча |
4. | Өкүлчүлүктүү жыйындын катышуучуларынын тизмесин тактоо, сапаттык жана тармактык курамы боюнча маалымат даярдоо, ошондой эле өкүлчүлүктүү жыйындын күн тартибинин жана өткөрүү тартибинин долбоорлорун даярдоо | 2023-жылдын 14-ноябрына чейин | Өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топ |
|
5. | Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү | 2023-жылдын 18-ноябры (ишем-би) | Өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топ |
|
6. | Өкүлчүлүктүү жыйындардын Элдик Курултайдын делегаттарынын тизмелерин шайлоо тууралуу протоколдору жана толтурулган анкеталарды уюштуруу комитетине жөнөнтүү | 2023-жылдын 24-ноябрына чейин | Өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топ |
|
Жооптуу катчы Н.Бейшеналиева
|
| 2-тиркеме Кең-Арал айылдык кеңешинин 2023-жылдын 2-октябрындагы №1 токтому менен бекитилген |
Элдик Курултайга делегаттарды шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы
1.1. Б.Токонов-айылдык кеңештин төрагасы, жумушчу топтун төрагасы;
1.2. К.Кузебаева-Т.Алымкулов атындагы балдар бакчасынын директору,
жумушчу топтун орун басары;
1.3. Н.Бейшеналиева-айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы, жумушчу топтун катчысы
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
1.4. Н.Сулайманкулова-айылдык кеңештин төрагасынын орун басары;
1.5. Ж.Төлөгөнова -айылдык кеңештин депутаты;
1.6. Д.Алымкулов -айылдык кеңештин депутаты;
1.7. А.Анарбаева -айылдык кеңештин депутаты;
1.8. Г.Сооронкулова -айылдык кеңештин депутаты;
1.9. Р.Сүйүнбаев -айылдык кеңештин депутаты;
1.10. О.Жамангараев -айылдык кеңештин депутаты;
1.11.Улукбек уулу И. -айылдык кеңештин депутаты;
1.12.А.Карабаев -айылдык кеңештин депутаты;
1.13.А.Усенбеков -айылдык кеңештин депутаты;
1.14.Т.Жанышбекова -УДТ №5 мед.айым;ав+
1.15. Б.Азаматов -А.Арыстанов о/м мугалими;
Жооптуу катчы Н.Бейшеналиева
|
| “БЕКИТЕМ” Кең-Арал айылдык Кеңешинин төргасы _______________Б. Токонов 02.10.2023 |
Жамааттарда жыйындарды/чогулуштарды өткөрүү графиги
№ к/н | Жамааттардын аталышы | Делегаттардын саны
| Өткөрүү күнү | Орду |
1. | Кең-Арал айыл аймагынын калкы | 40 | 20.10.2023 14-00 | Клуб |
Жооптуу катчы Н.Бейшеналиева