Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
2023-жылдын 13-октябры № 26
Ак-Татыр айыл аймагы менен Самаркандек айыл аймагын бириктирүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан ары чаралар жөнүндөгү” ПЖ № 350 Жарлыгына негиз, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергилиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренеси, Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-апрелиндеги № 65 “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү туралуу” мыйзамынын 12-бернесине ылайык жана Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 11-октябрындагы № 01-27/117 сандуу катын карап талкуулап чыгып Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
Токтом кылат
1. Ак-Татыр айыл аймагы менен Самаркандек айыл аймагын бириктирүү менен административдик-аймактык түзүлүштөрдүн маселелерин жана географиялык жайгашкан аймакты эске алуу менен бириктирилген айыл аймактардын административдик борбору Ак-Татыр айылы болуп макулдук берилсин.
2. Ак-Татыр айыл аймагы менен Самаркандек айыл аймагын бириктирүүдө айыл аймактын административдик аталышы “Орто-Боз” деп аталсын, Баткен райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өзүмө жүктөлсүн.
Төрага | Ысаков С.Б.
|