Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2023-жылдын 4-майы № 5
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагындагы элдердин таштанды жыйымынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
( Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 06-июлу № 19 )
Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн салык кызматкери Нүрүдүн Жапаровдун билдирүүсүн, Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын отуруму 2023-жылдын 2-майындагы № 1 протоколун карап чыгып Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги II сессиясы
Токтом кылат
1. Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагындагы элдердин таштанды жыйымынын өлчөмү жылына ар бир жашоочуга 10 ( он ) сомдон бекитилсин.
( Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 06-июлу № 19 )
2. Ушул токтомдун аткарылышы айыл Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Татыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ысаков С.Б.
|