Загрузка документа…
|
| Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 95 токтомуна 1-тиркеме |
Бишкек шаарында жеке турак жай курулушуна карата кошумча жер участокторун ижара шарттарында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Бишкек шаарында жеке турак жай курулушуна карата кошумча жер участокторун ижара шарттарында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө", "Борбордун статусу жөнүндө", "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.
2. Ушул Жобонун предмети болуп жеке турак жай курулушуна карата кошумча жер участокторун ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүүнүн тартибин жөнгө салуу жана шарттарын белгилөө саналат.
2. Терминдер жана түшүнүктөр
3. Ушул Жободо колдонулуучу түшүнүктөр жана терминдер:
ижарага берүүчү - муниципалдык менчикте турган жер участокторун башкаруу жана ээлик кылуу боюнча ыйгарым укуктары берилген Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү;
ижарачы - жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде ушул Жобо менен белгиленген тартипте жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугу бериле турган чет өлкөлүк жактар;
жер участогу - туташ чектердеги жер аянты;
негизги жер участогу - жеке турак жай курулушу үчүн жеке жана юридикалык жакка менчикке берилген, мамлекеттик кадастрдык эсепке алуудан өткөрүлгөн, белгиленген тартипте укугу катталган жер участок;
кошумча жер участогу - негизги жер участогуна кошуу үчүн суралып жаткан, арыз ээсине менчик укугунда таандык болгон жер участок;
жер участогун пайдалануу укугу - жер участоктун менчик ээси болуп эсептелбеген жеке жана юридикалык жактардын буюмдук укугу;
жер участогуна укуктарды берүү - муниципалдык менчикте турган жер участогунун ыйгарым укуктуу орган тарабынан жеке же юридикалык жактарга пайдаланууга берилиши;
түз сатуу (берүү) - тоорук өткөрүүсүз түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен жеке жана юридикалык жактарга (арыз ээлерине) жер участокко ижара укугун берүү ыкмасы;
ыйгарым укуктуу орган - муниципалдык менчикте турган жер участокторун башкаруу жана тескөө боюнча ыйгарым укуктар берилген Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү;
жер пайдаланууну контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу орган - жер участоктордун пайдаланылышын контролдоо боюнча ыйгарым укуктар берилген Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү;
архитектура боюнча ыйгарым укуктуу орган - архитектура маселелерин кароо боюнча ыйгарым укуктар берилген аймактык орган;
жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган - Бишкек шаарында жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик каттоо органы.
3. Жеке турак жай курулушуна карата муниципалдык менчикте турган кошумча жер участокторду табуу тартиби
4. Жеке турак жай курулушуна карата муниципалдык менчикте турган кошумча жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугу төмөнкү учурларда түз сатуу аркылуу берилет:
а) өз алдынча кыймылсыз мүлк бирдиги катары калыптандырууга мүмкүн эмес болгон муниципалдык менчиктин аймагында жайгашкан курулмалар (анын ичинде тосмолор), коммерциялык эмес мүнөздөгү кошумча курулмалар, көрктөндүрүүлөр;
б) тротуарга, жолго, бак дарактарга олуттуу тоскоолдуктарды жаратпаган курулмалар (анын ичинде тосмолор), коммерциялык эмес кошумча курулмалар, көрктөндүрүүлөр;
в) жеке же юридикалык жакта негизги жер участокко укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтердин болуусу.
5. Ушул Жобонун 4-пунктуна ылайык келбеген учурда, жер пайдаланууну контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан аныкталган тартипте аларды четтетүү (бузуу) боюнча чараларды көрөт.
6. Жеке турак жай курулушуна карата муниципалдык менчикте турган кошумча жер участокторду табуу боюнча ыйгарым укуктуу орган ыйгарым укуктуу органдардын катышуусу менен комиссиялык чыгууну уюштурат:
жер пайдаланууну контролдоо боюнча;
архитектура боюнча;
жерге жайгаштыруу, каттоо боюнча;
тийиштүү аймактык райондук администрация.
7. Комиссиялык чыгуунун жыйынтыгы боюнча ушул Жобонун 4-пунктуна ылайык келген учурда ыйгарым укуктуу органдын өкүлү катышкан ыйгарым укуктуу органдардын бардык өкүлдөрү кол тамга коюла турган, тиешелүү протокол түзөт.
8. Протоколдо төмөнкү маалыматтар чагылдырылат:
а) номери, датасы, толтуруу орду жана дареги;
б) негизги жер участогунун менчик ээси болуп саналган жеке же юридикалык жактын маалыматтары;
в) жеке турак жай курулушуна карата муниципалдык менчикте турган кошумча жер участогунун ээлеген аянтынын (узундугу жана туурасы) маалыматтары;
г) фотофиксациялоо менен муниципалдык менчикте турган жер участогундагы объекттин мүнөздөмөсү;
д) негизги жер участогунун менчик ээсине тургузулган курулманы, кошумча курулушту четтетүү (бузуу) жана көрктөндүрүү боюнча чараларды көрүүнү эскертүү менен отуз күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органга кайрылуу зарылдыгы жөнүндө (дүмүрчөк түрүндөгү айрылуучу бөлүгү) кабарлоо.
9. Протокол эки нускада түзүлөт: бири - жеке же юридикалык жакка, негизги участоктун менчик ээсине кабарлоо үчүн жөнөтүлөт, экинчиси - сактоо үчүн ыйгарым укуктуу органда калат.
10. Негизги жер участогунун менчик ээси болуп саналган жеке же юридикалык жак жеке турак жай курулушуна карата муниципалдык менчикте турган кошумча жер участокторун аныктоо үчүн ыйгарым укуктуу органга өз алдынча кайрылууга укуктуу.
4. Кошумча жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби
11. Негизги жер участогунун менчик ээси болуп саналган жеке же юридикалык жак протокол түзүлгөн күндөн тартып отуз күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органга кайрылууга тийиш.
12. Арыздарды жана ага карата документтерди кабыл алуу "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча жүзөгө ашырылат. Жазуу жүзүндөгү арызда жазуу жүзүндөгү арыз жиберилип жаткан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышы, ошондой эле өзүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты (акыркы бар болсо), жооп жөнөтүлө турган почта дареги, өкүл аркылуу кайрылган учурда ишеним каттын реквизиттери милдеттүү түрдө көрсөтүлөт, юридикалык жактар үчүн анын чет өлкөлүк экендиги жөнүндө кошумча көрсөтүлөт.
13. Арызга төмөнкү көчүрмөлөр тиркелет:
а) негизги жер участогуна укук белгилөөчү жана укук тастыктоочу документтер;
б) эгерде арыз ээси юридикалык жак болуп саналса, арыз ээсинин өздүгүн ырастоочу документ жана уюштуруу документтери.
14. Ыйгарым укуктуу орган арыз ээсине арыздын кабыл алынгандыгын ырастаган документти берет, келип түшкөн арыз боюнча чектөөлөрдүн (Бишкек шаардык кеңешинин, Бишкек шаарынын мэриясынын чечимдеринин, укук коргоо жана сот органдарынын актыларынын) бар экендигин карап чыгат. Чектөөлөр болгон учурда арыз катталган учурдан тартып 3 (үч) жумушчу күндүн ичинде арыз ээсине даттануу тартибин көрсөтүү менен негизделген баш тартууну жиберет. Жогоруда көрсөтүлгөн чектөөлөр жок болгон учурда ыйгарым укуктуу орган тийиштүү буйрук чыгарат жана 5 (беш) жумушчу күндүн ичинде ижара келишимин түзөт.
15. Менчик ээси ушул Жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттө баш тартууну алган учурда же кайрылбаган учурда ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан аныкталган тартипте аларды четтетүү (бузуу) боюнча чараларды көрүү үчүн жер пайдаланууну контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органга билдирүү жөнөтөт.
5. Мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилген кошумча жер участокту эсептөө жана акы төлөө тартиби
16. Ижара келишими 3 (үч) жылдан көп эмес мөөнөткө түзүлөт.
17. Жер участогун ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүүдө ушул Жобонун 16-пунктунан тышкары ижара келишими түзүлгөн күндөн тартып ижарачы тарабынан ижара акы төлөнөт.
18. Ижара төлөмдөрү эсептөө Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 141 "Бишкек шаарындагы жер участокторду ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген эсептөөлөргө ылайык жүргүзүлөт.
19. Жер участогуна же анын бөлүгүнө укукту жарандык-укуктук бүтүмдөрдүн, соттук чечимдердин негизинде өткөрүп бергенге чейин же өткөрүп берүү учурунда ижара төлөмдөрү төлөнбөгөн учурда, укук өткөрүлүп берилген жердин ижарасы үчүн карызды төлөө боюнча милдеттенме кийинки жерди пайдалануучуга жүктөлөт.
Ижара төлөмдөрү өз убагында төлөнбөгөн учурда ыйгарым укуктуу орган ижара келишиминде белгиленген айыптык санкцияларды (туумдарды) колдонот.
20. Эгерде ижарачы жер участогун мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу мөөнөтү аяктагандан кийин дагы колдоно берсе, ижарачы жер участогун иш жүзүндө пайдалануу мезгили үчүн жер участогун мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу мөөнөтү узартылганга чейин ижара акысын төлөөгө милдеттүү.
Жер участогун иш жүзүндө пайдалануу үчүн акы төлөө ыйгарым укуктуу орган тарабынан жер участогуна ижара келишими түзүлгөнгө чейин мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин жүргүзүлөт.
21. Ижарачынын жер участокту пайдалануусунда тоскоолдуктар болгондо, ыйгарым укуктуу орган соттук актылардын негизинде ижара төлөмдөрүн эсептөөнү токтотууга милдеттүү.
22. Ыйгарым укуктуу орган ижара келишимин төмөнкү учурларда бир тараптуу тартипте буза алат:
а) ижарачы тарабынан 6 (алты) айдан көп өз убагында акы төлөнбөсө;
б) муниципалдык менчикте турган жер участокторун сатуу боюнча мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан тийиштүү чечимдер, актылар чыгарылганда.
23. Ыйгарым укуктуу орган ижарачыга жана жер пайдаланууну контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органга Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан аныкталган тартипте аларды четтетүү (бузуу) боюнча чараларды көрүү үчүн келишимди бузуу жөнүндө билдирүү жөнөтөт.
6. Корутунду жоболор
24. Жер участокторун пайдалануу укугун өткөрүп берүүдөн түшкөн каражаттар шаардык бюджетке түшөт.
25. Каражаттардын түшүүсүн контролдоо Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан жүзөгө ашырылат.
26. Ыйгарым укуктуу органдардын жер участокторун берүүгө тиешелүү чечимдери Кыргыз Республикасынын административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамына ылайык даттанылышы мүмкүн.
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
| И.Аденов |