Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 5-октябры № 95
Бишкек шаарында жеке турак жай курулушуна карата кошумча жер участокторун ижара шарттарында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Бишкек шаарында жер участокторуна укуктарды түзүү жана берүү тартибин оптималдаштыруу жана өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер, Жарандык кодекстерине, Кыргыз Республикасынын "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө", "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамдарына ылайык Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөндөгүлөр бекитилсин:
1-тиркемеге ылайык, Бишкек шаарында жеке турак жай курулушуна карата кошумча жер участокторун ижара шарттарында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүүнүн тартиби жөнүндө жобо;
2-тиркемеге ылайык, Жеке турак жай курулушуна карата кошумча жер участогун ижаралоонун типтүү келишими.
2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана муниципалдык мүлк, жер пайдалануу жана архитектура маселелери боюнча Бишкек шаарынын мэринин орун басарына жүктөлсүн.
Төрага | К. Конгантиев |
|
| Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 95 токтомуна 2-тиркеме |
Жеке турак жай курулушуна карата кошумча жер участокту ижаралоонун ТИПТҮҮ КЕЛИШИМИ
Бишкек шаары |
| 2023-жылдын "___" ___________ |
Бир тараптан мындан ары "Ижарага берүүчү" деп аталуучу Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин атынан
_____________________________________________________________________________ жана экинчи тараптан мындан ары "Ижарачы" деп аталуучу
_____________________________________________________________________ атынан
(жеке жактын аты-жөнү же юридикалык жактын аталышы)
_____________________________________________________________________________
(кызмат орду, аты-жөнү)
бирге "Тараптар" деп аталуучулар, төмөндөгүлөр жөнүндө ушул келишимди түзүштү:
1. Келишимдин предмети
1.1. Ижарага берүүчү Ижарачыга Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментинин 20_-жылдын "___" _____________ буйругуна ылайык, ________________________ үчүн Бишкек шаары _________________________________ дареги боюнча жайгашкан ушул Келишимге тиркелген жер участогунун схемасында көрсөтүлгөн чектерде аянты _______ чарчы метр кошумча жер участогун _______ жылдык мөөнөткө ижаралык пайдаланууга берет.
2. Ижара төлөмү
2.1. Ижара төлөмдөрү ушул келишим түзүлгөн күндөн тартып эсептелет.
2.2. Ижара төлөмүн төлөө үстүдөгү айдын 31-числосунан кечиктирилбестен ай сайын жүргүзүлөт.
2.3. Ижара төлөмдөрүнүн өлчөмүн эсептөө Бишкек шаардык кеңешинин токтому менен бекитилген ошол учурдагы колдонуудагы эсептин негизинде аныкталат.
2.4. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык, Ижарачы ижара төлөмүнөн тышкары жер салыгын төлөйт. Ушул келишимде белгиленген мөөнөттөрдө жер салыгы төлөнбөгөн учурда, Ижарачы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
3. Ижарачынын укуктары жана милдеттери
3.1. Ижарачы төмөнкү укуктарга ээ:
3.1.1. Ушул келишимде аныкталган максаттарга жана шарттарга ылайык ижарага алынган жер участогунда өз алдынча чарба жүргүзүүгө укуктуу.
3.2. Ижарачы төмөнкүлөргө милдеттүү:
3.2.1. Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти тарабынан берилген эсептөөлөргө ылайык пайдалануу мөөнөтү аяктаган учурдан тартып, ушул келишим түзүлгөн учурга чейин жер участогун иш жүзүндө пайдалангандыгы үчүн ижаралык төлөмдөрдү төлөөнү жүргүзүүгө.
3.2.2. Аймакты тазалоону, таштандыларды ташып чыгарууну камсыз кылууга, көрктөндүрүү элементтерин талаптагыдай техникалык, санитардык жана эстетикалык абалда күтүүгө.
3.2.3 Башка жер пайдалануучулардын укуктарын, ошондой эле суу, токой жана башка жаратылыш объекттерин пайдалануу тартибин бузбоого.
3.2.4. Жер участогун пайдалануу үчүн ижара төлөмүн өз убагында төлөөгө. Ижара төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттенмелер бузулган учурда кечиктирилген ар бир күн үчүн карыздын суммасынан 0,1 пайыз өлчөмүндө, бирок негизги карыздын суммасынан 25 пайыздан ашпаган туум эсептелет. Айыпты жана туумду төлөө ижарачыны жер участогунун ижарасы үчүн негизги сумманы төлөөдөн бошотпойт.
3.2.5. Ушул келишимдин колдонуу мөөнөтү аяктаган учурда жер участогун иш жүзүндө пайдалануу үчүн ижара төлөмүн төлөөгө.
3.2.6. Ушул келишимдин колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин 1 (бир) ай калганда жаңы мөөнөткө келишим түзүү ниети жөнүндө Ижарага берүүчүнү жазуу жүзүндө билдирүүгө.
3.3. Ижарачы И жарага берүүчүгө билдирбестен, ушул келишим боюнча өзүнүн укуктарын жана милдеттерин башка адамга өткөрүп берүүгө укуктуу эмес.
4. Ижарага берүүчүнүн укуктары жана милдеттери
4.1. Ижарага берүүчү төмөнкү укуктарга ээ:
4.1.1. Жерлердин пайдаланылышына жана корголушуна контролду жүзөгө ашырууга.
4.1.2. Келишимди төмөнкү учурларда бир тараптуу тартипте бузууга:
а) келишимде белгиленген мөөнөттөрдө ижаралык төлөм төлөнбөгөндө;
б) ушул келишимдин шарттары аткарылбаганда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары бузулганда.
4.1.3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөрүү киргизилген учурда Ижарачы менен макулдашуу боюнча келишимге зарыл болгон өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду жана тактоолорду киргизүүгө.
4.2. Ижарага берүүчү төмөнкүлөргө милдеттүү:
ижарачыга жер участогун ушул келишимдин шарттарына ылайык келген абалда берүүгө.
ижаралык пайдаланууга берилген жер участогунун абалына контролду жүзөгө ашырууга.
4.3. Ижарага берүүчү ушул келишимде көрсөтүлгөн жер участогун же анын бөлүгүн пайдалануу укугун келишимде белгиленген тартипте жокко чыгарбастан үчүнчү жакка берүүгө укуктуу эмес.
5. Башка шарттар
5.1. Тараптардын ар бири Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул келишимдин шарттарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
5.2. Ижарачы тарабынан жүргүзүлгөн жер участогунан бөлүнгүс жакшыртуулардын наркы кайтарылбайт.
5.3. Ижарачы Ижарага берүүчүнүн макулдугу менен, ал тараптан ушул келишимдин шарттары бузулбаган учурда, өзү каалаган учурда Ижарага берүүчүгө 1 (бир) ай мурда жазуу жүзүндө эскертүү менен ушул келишимди буза алат.
5.4. Ушул келишим Ижарага берүүчү тарабынан мөөнөтү бүткөнгө чейин 15 (он беш) жумушчу күн мурда жазуу жүзүндө эскертүү боюнча бир тараптуу тартипте өзгөртүлүшү же токтотулушу мүмкүн.
5.5. Эгерде Тараптар бул келишимди бузуу жөнүндө билдиришпесе, анда мөөнөт автоматтык түрдө ушундай эле мөөнөткө узартылат.
5.6. Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ болгон эки нускада түзүлөт. Бир нускасы Ижарага берүүчүдө калат, экинчиси Ижарачыга берилет.
6. Тараптардын юридикалык даректери жана банктык реквизиттери
ИЖАРАГА БЕРҮҮЧҮ: | ИЖАРАЧЫ: |
___________________________________ (кол тамгасы) | ___________________________________ (кол тамгасы) |
Мөөр орду | Мөөр орду |
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси |
| И.Б. Аденов |