Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 5-октябры № 94
2024-жылга Бишкек шаарынын бюджетинин баштапкы долбоорун макулдашуу жана 2025-2026-жылдарга пландуу мезгил жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 95-беренесинин 3-бөлүгүн, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамынын 34- жана 39-беренелерин жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 19711968,4 миң сом - кирешелер боюнча, 19711968,4 миң сом - чыгашалар боюнча 2024-жылга Бишкек шаарынын бюджетинин баштапкы долбооруна макулдук берилсин.
2. 1, 2-тиркемелерге ылайык, 2024-2026-жылдарга Бишкек шаарынын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү аныкталсын.
3. Бишкек шаарынын мэриясы алдын ала параметрлер боюнча түзүлгөн 2024-2026-жылдарга Бишкек шаарынын бюджетинин долбоорун Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жөнөтсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэри Э.М.Абдыкадыровго жүктөлсүн.
Төрага | К. Конгантиев |
|
| Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 94 токтомуна 1-тиркеме |
2024-2026-жылдарга Бишкек шаарынын бюджетинин КИРЕШЕ БӨЛҮГҮ
(миң сом)
Код | Кирешелердин аталыштары | 2023-жылга бекитилген план | 2024-жылга долбоор | 2025-жылга пландык мезгил | 2026-жылга пландык мезгил |
11111100 | Салык агенти төлөөчү киреше салыгы | 8768830,0 | 10540635,0 | 11762910,3 | 13527350,0 |
11122 | Патенттин негизинде салык | 1469400,0 | 1469400,0 | 1469400,0 | 1469400,0 |
11311 | Кыймылсыз мүлккө салык | 791896,9 | 791896,9 | 798151,9 | 798151,9 |
11312 | Кыймылдуу мүлккө салык | 302920,0 | 302920,0 | 302920,0 | 302920,0 |
11321100 | Жанаша, короо жай жана багбанчылык-огород жер участокторуна мүлк салыгы | 46451,0 | 46451,0 | 46451,0 | 46451,0 |
11321300 | Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерге мүлк салыгы | 176043,6 | 176043,6 | 176043,6 | 176043,6 |
11462 | Роялти | 24534,0 | 29534,0 | 32487,7 | 34437,0 |
14152100 | Калктуу конуштарда жер ижарасы үчүн акы | 905972,2 | 951270,8 | 951270,8 | 951270,8 |
14211200 | Муниципалдык менчикте турган жайлардын, имараттардын, курулмалардын, жабдуулардын жана техникалардын ижара акысы | 250000,0 | 262500,0 | 315000,0 | 315000,0 |
14211900 | Дагы башка мүлк ижарасы үчүн акы | 200000,0 | 210000,0 | 240000,0 | 240000,0 |
14224200 | Калктуу пункттардын таштандысын чыгаруу үчүн жыйым | 26800,0 | 26800,0 | 26800,0 | 26800,0 |
14511900 | Дагы башка салыктык эмес кирешелер | 10,6 | 10,6 | 10,6 | 10,6 |
31412110 | Айыл чарбасына жараксыз башка жерлерди сатуу | 800000,0 | 800000,0 | 800000,0 | 800000,0 |
Бардык кирешелер | 13762858,3 | 15607461,9 | 16921445,9 | 18687834,9 | |
1423 | Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр | 409799,6 | 431177,8 | 431177,8 | 431177,8 |
13321 | Жергиликтүү бюджеттерге трансферттер | 8696901,2 | 3673328,7 | ||
Бишкек шаары боюнча бардыгы | 22869559,1 | 19711968,4 | 17352623,7 | 19119012,7 |
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси | И.Б. Аденов |
|
| Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 94 токтомуна 2-тиркеме |
2024-2026-жылдарга Бишкек шаарынын бюджетинин ЧЫГАША БӨЛҮГҮ
(миң сом)
Код | 2023-жылга бекитилген план | 2024-жылга долбоор | 2025-жылга пландык мезгил | 2026-жылга пландык мезгил | |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
| Бишкек шаары боюнча бардыгы: | 22869559,1 | 19711968,4 | 20301227,4 | 20908164,2 |
701 | Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар | 1001098,4 | 1019792,3 | 1050386,1 | 1081897,7 |
| Резервдик фонду | 246800,0 | 70000,0 | 70000,0 | 70000,0 |
702 | Коргоо | 20783,3 | 25517,0 | 26282,5 | 27071,0 |
703 | Коомдук тартип жана коопсуздук | 48976,6 | 43000,0 | 44290,0 | 45618,7 |
704 | Экономикалык маселелер | 6399094,2 | 2964425,9 | 3053358,7 | 3144959,5 |
| анын ичинде: | ||||
* | Транспорт | 5248430,5 | 873786,4 | 900000,0 | 927000,0 |
* | Капиталдык салымдар | 530000,0 | 1030000,0 | 1060900,0 | 1092727,0 |
706 | Турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр, анын ичинде: | 5931591,1 | 5979003,8 | 6158373,9 | 6343125,1 |
* | Капиталдык салымдар | 1741786,5 | 1731000,0 | 1782930,0 | 1836417,9 |
707 | Саламаттык сактоо | 319224,8 | 330544,4 | 340460,7 | 350674,5 |
708 | Эс алуу, спорт, маданият жана дин | 841492,1 | 845121,6 | 870475,2 | 896589,4 |
709 | Билим берүү | 7552357,3 | 7895562,0 | 8132428,9 | 8376401,8 |
710 | Социалдык коргоо, анын ичинде: | 508141,3 | 539001,4 | 555171,4 | 571826,5 |
* | Даректүү социалдык жардам | 216237,3 | 221591,6 | 228239,3 | 235086,5 |
Бишкек шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси | И.Б. Аденов |