Загрузка документа…
КЫЗЫЛ–КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 26-июлу № 27/98
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 20/70 “Кызыл-Кыя шаардык муниципалдык автоунаа” ишканасын ачуу жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени талкуулап чыгып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине негиз , Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 20/70 “Кызыл-Кыя шаардык муниципалдык автоунаа” ишканасын ачуу жөнүндө” токтомунун 1,2,3 пункттарындагы “Кызыл-Кыя шаардык муниципалдык автоунаа” ишканасы” деген сөздөр төмөндөгүдөй болуп жазылсын: “Кызыл-Кыя шаардык автоунаа” муниципалдык ишканасы”.
2. Кызыл-Кыя шаарынын аймагында автотранспортту парковкалоо үчүн конкурс өткөрүп, жеңүүчүлөр менен келишимдерди түзүү, жыйымды өз убагында чогултуу Муниципалдык менчик департаментине (И.Салиев) жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ж.Калматов |