Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 05-октябрындагы № 24-1
Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз XXIV сессиясы күн тартибиндеги: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” № 215-Жарлыгын ишке ашыруу максатында Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин 2023-жылдын 6-сентябрындагы № 1-чечими менен бекитилген жергиликтүү жамаатардын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү боюнча тийешелүү аймакты бөлүктөргө бөлүү чечими боюнча түшүндүрмөнүн, Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чаралар календардык планынын жергиликтүү кеңештерге тийиштүүлүгүн аткаруу боюнча”, “Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү жөнүндөгү” маселени карап чыгып, талкуулап токтом кылат:
I. Айылдык аймактын өкүлчүлүктүү жыйыны 2023-жылдын 18-ноябрь күнү саат 10-00 гө айыл өкмөтүнүн кеңсесинде өткөрүлсүн.
Айылдык аймактын өкүлчүлүктүү жыйынына катышуучу өкүлдөрдү саны 200 болуп, айылдар боюнча төмөнкүдөй санда көрсөтүлсүн:
1 | Керме-Тоо айылынан - | 20 |
2 | Коммунист айылынан - | 20 |
3 | Кызыл-Байрак айылынан - | 10 |
4 | Ишкаван айылынан - | 20 |
5 | Кызыл-Кыштак айылынан - | 60 |
6 | Андижан айылынан - | 25 |
7 | Жаңы-Турмуш айылынан - | 25 |
8 | Сүрөттүү-Таш участкасынан - | 20 |
II. Айылдык аймактын өкүлчүлүктүү жыйынына катышуучу өкүлдөрдү көрсөтүү боюнча жергиликтүү жамаатардын жыйындырын өткөрүү боюнча графиги, калктуу конуштар боюнча төмөнкүдөй болуп бекитилсин:
1. Керме-Тоо айылында – 16-октябрь күнү саат 14:00 дө, Ы.Насыров атындагы орто мектепте;
2. Коммунист айылында – 17-октябрь күнү саат 14:00 дө, айылдык клубда;
3. Кызыл-Байрак айылында – 18-октябрь күнү саат 10:00 дө, М.Маматалиев атындагы орто мектепте;
4. Ишкаван айылында – 18-октябрь күнү саат 14:00 дө, К.Маткеримов атындагы орто мектепте;
5. Андижан айылында – 19-октябрь күнү саат 14:00 дө, Айбек атындагы негизги мектепте;
6. Кызыл-Кыштак айылында – 20-октябрь күнү саат 14:00 дө, М.Сабиров атындагы орто мектепте;
7. Сүрөттүү-Таш участкасында – 23-октябрь күнү саат 10:00 дө, Сүрөттүү-Таш негизги мектепте;
8. Жаңы-Турмуш айылында – 23-октябрь күнү саат 14:00 дө, айыл өкмөтүнүн кеңсесинде.
III. Калктуу конуштарда өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүгө жооптуу депутаттардын тизмеси төмөнкүдөй болуп бекитилсин:
1. Керме-Тоо айылы боюнча: Камилов Ж. жана Камчиева Б.
2. Коммунист айылы боюнча: Мансуров И. жана Мирабитова Д.
3. Кызыл-Байрак айылы боюнча: Токторалиева О. жана Асылбеков К.
4. Ишкаван айылы боюнча: Мирзакаримова Г. жана Кадыров Т.
5. Андижан айылы боюнча: Алимов С., Номанов Д., Халматов Б. жана Рахимов И.,
6. Кызыл-Кыштак айылы боюнча: Сатвалдиев Д., Абдулазимов У., Умаралиева Д., Газиев М., Исамидинова М., Рахматуллаев Х., Ташбаева Р., Раимова Ё., Умаралиева Д., жана Турды Ахунова А.
7. Сүрөттүү-Таш участкасы боюнча: Хамдамов С. жана Джамалова О.
8. Жаңы-Турмуш айылы боюнча: Кимсанова М., Абдуллаева Д., Касимов А., Фазилов Р. жана Умурзаков Б.
IV. Айылдык аймактын өкүлчүлүктүү жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун саны 11 адам болуп, төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
1. Рахманова Д. – комиссиянын төрайымы;
2. Жоробаев Т. – комиссиянын катчысы.
Комиссиянын мүчөлөрү:
3. Мансуров И. – айылдык кеңештин төрайымынын орун басары;
4. Алимов К. – айылдык кеңештин төрайымынын орун басары;
5. Махмудов Д. – айылдык кеңештин депутаты;
6. Маматов А. – айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы;
7. Аширова Б. – айыл өкмөтүнүн ФЭБнин башчысы;
8. Максудова М. – Коммунист айылынын аялдар кеңешинин төрайымы;
9. Жоробаева О. – Ишкаван айылынын аялдар кеңешинин төрайымы;
10. Байназарова Ш. – жарандык коомдон;
11. Умурзаков А. – Жаңы-Турмуш айылынын айыл башчысы.
V. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы | Д.Д.Рахманова |