Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы № 271 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2023-жылдын 29-августу ПЖ № 215
Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө
Элдик бийликтин негиздерин андан ары чыңдоо, Кыргыз Республикасында ынтымакты бекемдөө, жарандык коомду консолидациялоо, улуттук аң-сезимди өнүктүрүү, аймактык көйгөйлөрдү чечүү, ошондой эле өлкөнү туруктуу өнүктүрүү максатында, "Элдик Курултай жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-беренесине, 15-беренесинин 2-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Бишкек шаарында Элдик Курултайды өткөрүү 2023-жылдын 15-декабрына дайындалсын.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Элдик Курултайдын 700 (жети жүз) делегатынын квоталарга бөлүнүшү 1-тиркемеге ылайык;
2) Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитети жөнүндө убактылуу жобо 2-тиркемеге ылайык;
3) Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин курамы 3-тиркемеге ылайык.
3. Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитети:
1) "Элдик Курултай жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык делегаттарды шайлоону координациялоо боюнча тиешелүү иштерди жүргүзсүн;
2) Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитети жөнүндө убактылуу жободон келип чыгуучу чечимдерди кабыл алсын, ошондой эле Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча башка зарыл болгон чараларды көрсүн;
3) Элдик Курултайды өткөрүү боюнча регламенттин долбоорун иштел чыксын жана Элдик Курултайдын бекитүүсүнө киргизсин;
4) өзүнүн ишине мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн жана эксперттерди белгиленген тартипте тартсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы менен биргеликте ушул Жарлыктан келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
5. Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону өткөрүүнү уюштуруу Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине, ошондой эле "Кыргызстан элинин Ассамблеясы" Ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесине (макулдашуу боюнча) тапшырылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жер-жерлерде делегаттарды шайлоону уюштуруу жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоо боюнча чараларды көрсүн.
7. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 1-сентябрындагы № 70 (3519) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |