Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз XXIV сессиясынын
2023-жылдын 05-октябрындагы № 24-2
Административдик-аймактык реформа жөнүндө
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезексиз XXIV сессиясы күн тартибиндеги: “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 350 Жарлыгына ылайык “Административдик-аймактык реформа жөнүндөгү” маселени карап чыгып, талкуулап токтом кылат:
1. Кызыл-Кыштак айылдык аймакта, “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын айыл аймактар деңгээлинде жүрүп жаткан административдик-аймактык реформаны” мыйзам чегинде жүргүзүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомду аткарууга алуу айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, айылдык кеңештин “жер, курулуш, муниципалдык менчиктер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кызыл-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы | Д.Д.Рахманова |