Загрузка документа…
АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Александровка айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын 20-сессиясынын токтому
2023-жылдын 16-майындагы № 76
Жер мунапысын өткөрүүнүн чегинде Александровка айыл аймагынын айылдары боюнча жеке менчикке бекитүү үчүн жер мунапысына туш болгон жер тилкелеринин (короолор) аянттарына ченем белгилөө жөнүндө
Александровка айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу, жарандык коргоо жана өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу боюнча башкы адиси Д.Хиязовдун маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Александровка айыл аймагынын жашоочуларынын көптөгөн кайрылууларына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесине, “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291-токтомуна, Александровка айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын 2023-жылдын 28-апрелиндеги протоколуна ылайык:
Александровка айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291-токтомун аткарууда жеке менчикке бекитүү үчүн жер мунапысына туш болгон жер тилкелеринин (короолор) аянтарына ченемдер айылдар боюнча төмөндөгүдөй болуп белгиленсин:
- Беш-Көрүк айылы – 0,30 га чейин (3000,0 кв.м)
- Крупское айылы – 0,20 га чейин (2000,0 кв.м.)
- Александровка айылы – 0,25 га га чейин (2500,0 кв.м.)
2. Александровка айыл өкмөтү жер мунапысына туш болгон жер тилкелерине (короолор) иш кагаздарын жүргүзүүдө ушул токтомду жетекчиликке алсын.
3. Ушул Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Александровка айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Султаналиевке жүктөлсүн.
Төрайым | Давузова М.Ю. |