Кызыл-Туу айылдык кеңешинин 2023-жылдын 6-мартындагы № 4 токтомунун редакциясына ылайык
ЖОККО ЧЫГАРЫЛДЫ
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 23-январы № 1
“Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер» категориясына которуу жөнүндө
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Маловодное - Кара-Сакал айылынын трассасынын боюнда жайгашкан, жалпы аянты 1,8 га жерди, анын ичинен №164 контурда - 1,5 га сугат айдоо жерин жана №162 контурда - 0,3 га жайыт жерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер» категориясына которуу жөнүндө туруктуу Жер комиссиясынын 20.01.2023-ж. №2 протоколунун негизинде органикалык айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү завод куруу үчүн карап чыгып Кызыл-Туу айылдык Кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Маловодное - Кара-Сакал айылынын трассасынын боюнда жайгашкан, жалпы аянты 1,8 га жерди, анын ичинен №164 контур боюнча - 1,5 га сугат айдоо жерин жана №162 контур боюнча - 0,3 га жайыт жерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан «Өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер» категориясына которууга уруксат берилсин.
Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Б. Джылжымышовго жүктөлсүн.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу ИЖС жер комиссиясына жүктөлсүн..
Айылдык кенештин төрагасы |
| Иманалиев К.Ю. |