Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 16-декабры № 52/XVIII-2
Кайыңды шаардык кеңешинин 2018 – жылынын 12 – декабрындагы № 74/XXV – 3 “Бузуулар жөнүндө иштерди кароо жөнүндө Жобону бекитүү жана Кайыңды шаарынын мэриясынын комиссия курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кайыңды шаарынын мэриясынын “Кайыңды шаардык кеңешинин 2018 – жылынын 12 – декабрындагы № 74/XXV – 3 “Бузуулар жөнүндө иштерди кароо жөнүндө Жобону бекитүү жана Кайыңды шаарынын мэриясынын комиссия курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө катын карап чыгып, ошондой эле орундарынын которулганына байланыштуу, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы, токтом кылат:
1.Кайынды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясынын 2018 – жылынын 12 – декабрындагы № 74 /XXV – 3 “Бузуулар жөнүндө иштерди кароо жөнүндө жобону жана комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө токтомунун 2 – пунктуна өзгөртүү киргизилсин.
2.Комиссиянын курамы төмөнкү курамында бекитилсин:
1.Кайыңды шаарынын мэринин орун басары,комиссиянын төрагасы;
2.Кайыңды шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик боюнча башкы адиси, төраганын орун басары;
Комиссия мүчөлөрү:
3.Кайыңды шаарынын мэриясынын юристи – башкы адис
4.”Кайыңды – Сервис” муниципалдык ишканасынын директору
5.Кайыңды шаарынын аксакалдар сотунун мүчөсү (макулдашуу менен)
6.Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты (макулдашуу менен)
7.Кайыңды шаарынын Панфилов райондук ИИБ участкалык инспектору.
3. 2020 – жылдын 29 – майындагы № 130/XXXVIII – 5 Кайыңды шаардык кеңешинин токтому жараксыз деп табылсын.
4. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй - Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети Кайыңды шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Э.Т. Иманкулов