Загрузка документа…
Кайыңды шаардык кеңешинин
2023-жылдын 16-мартындагы № 65/XXI-6
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КАЙЫНДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-декабры № 74/XXV-3
Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө” кодексинин жана Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнѳ караштуу жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 17-октябрындагы № 01-18/126 буйругуна ылайык Кайынды шаардык Кенеш депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайынды шаарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын Жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Комиссиянын курамы тѳмѳндѳгүдѳй тартипте бекитилсин:
1.Кайыңды шаарынын мэринин орун басары,комиссиянын төрагасы;
2.Кайыңды шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик боюнча башкы адиси, төраганын орун басары;
Комиссиянын мүчѳлѳрү:
3.Кайыңды шаарынын мэриясынын юристи – башкы адис
4.”Кайыңды – Сервис” муниципалдык ишканасынын директору
5.Кайыңды шаарынын аксакалдар сотунун мүчөсү (макулдашуу менен)
6.Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты (макулдашуу менен)
7.Кайыңды шаарынын Панфилов райондук ИИБ участкалык инспектору.
(Кайынды шаардык кенешинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 52//XVIII-2 токтомунун редакцияcына ылайык)
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу милдети Кайынды шаардык кенешинин социалдык туруктуу депутаттык комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага | У.Б. Абдрасулов |