Загрузка документа…
КР 2021-жылдын 31-декабрындагы ПТ № 265 буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2010-жылдын 21-июлу ПБ № 12-П
Кыргыз Республпкасынын Көз карандысыздыгынын күнүнүн урматына өткүрүлүүчү жана Кыргыз Республикасында жашаган элдердин достугун чындоого багытталган «Алтай - Ала-Too. Манастын жолу менен өтөбүз» атчан марш өткөрүүгө колдоо көрсөтүүмаксатында.
1.«Алтай – Ала-Тоо, Манастын жолу менен өтөбүз» атчан марш (мындан ары –атчан марш) өткөрүү жөнүндө демилге тобунун сунушу колдоого алынсын.
2.Ушул тескеменин тиркемесине ылайык курамда атчан марш өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлсүн.
3.Атчан марш өткөрүүгө байланыщтуу чыгымдар республикалык бюджеттин каражаттарын тартпастан демилгечи топтун каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылсын.
4.Министрликтер , мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор, башка аткаруу бийлик органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар атчан марш өткөрүүдө уюштуруу комитетине көмөк көрсөтсүн.
5.Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн экономика, өнөр жай жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 21-июлундагы № 21-П тескемесине тиркеме |
«Алтай- Ала-Тоо,Манастын жолу менен өтөбүз» атчан марш өткөрүүгө жардам көрсөтүү боюнча уюштуруу комитетинин курамы
А.А.Касенов | -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Ө.М.Алмакүчүков | -атчан марш өткөрүү боюнча демилгечи топтун мүчөсү, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Т.Ч.Мамашов | - атчан марш өткөрүү боюнча демилгечи топтун мүчөсү, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:
А.Зарылбек уулу | - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат департаментинин паспорттук-визалык бөлүмүнүн башчысы; |
С.Т.Алиев | - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин мал чарбачылыгы жана ветеранария башкармалыгынын начальниги |
Э.К.Баев | -Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин коомдук-коопсуздук башкы башкармалыгынын начальниги |
С.Ш.Тойматов | - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардам уюштуруу башкармалыгынын бөлүм башчысы; |
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р.Отунбаева |