Загрузка документа…
CАРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 06-октябры № 4/22
Айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 24-февраль 2022-жылдагы ПЖ №54
Жарлыгын жетекчиликке алып Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарды тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» ПЖ №54 Жарлыгы аткарууга алынсын.
2. Сары-Булак айыл аймагынын аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М. Асанбаевге милдеттендирилсин.
Тѳрага: | А. Зарылбек уулу |