Загрузка документа…
Сары-Булак айыл аймагынын
айылдык Кеңешинин 6-октябрь
2023-жылдагы №4/22 токтомуна
1-тиркеме
Сары-Булак айыл аймагынын аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Типтүү жобо
1. Жалпы жоболор
2. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби
3. Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби
4. Өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби
5. Жергиликтүү комиссия
6. Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
1. Жалпы жоболор
1.1. Бул Жобо «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын иретке келтирүү чаралары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 54-Жарлыгына ылайык, жергиликтүү калктын өзгөчөлүгүн жана салтын эске алып иштелип чыккан жергиликтүү жамааттын жыйынында кабыл алынган эрежелерди камтыйт.
1.2. Жобонун максаты айылдарда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү иретке келтирүү, ашыкча ысырапкорчулукка жол бербей, элибиздин нукура салт-санаасын жана ырым-жырымдарын кеңири пропагандалоо жана жайылтуу болуп эсептелет.
2. Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби
2.1. Айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону (мындан ары – жобо) иштеп чыгуу үчүн айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен курамы 13 (он үч) адамдан турган (айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринен, жергиликтүү кеңештин депутаттарынан, ардагерлердин, аялдар жана жаштар уюмдарынын, аксакалдар сотунун, диний уюмдардын) өкүлдөрүнөн турган жумушчу тобу түзүлөт.
2.2. Ушул Типтүү жобонун негизинде жумушчу тобу тарабынан иштелип чыккан жобонун долбоору айыл элинин арасында талкууланып жана иштелип чыккан жобо жергиликтүү Кеңештин сессиясында бекитилет.
2.3. Жобону бекитүү жөнүндө жергиликтүү Кеңештин токтому www.kochkor.kg веб-сайтына жарыяланып, юстиция органында мамлекеттик каттоодон өткөрүлөт.
2.4. Жобо ага кызыккан жарандарга токтоосуз тааныштырылат.
3. Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби
3.1. Сары-Булак айыл аймагынын аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарга бешик тою, тушоо кесүү тою, балдарды сүннөткө отургузуу, нике (үйлөнүү) тою, куда тосуу, маараке салтанаттары ж.б. кирет.
3.2. Үй-бүлөлүк салтанаттар айылдарда төмөндөгү эрежелер жана тартип боюнча өткөрүлөт:
- кафе, ресторандарда үй-бүлөлүк салтанаттарга той берүүгө тыюу салынат.
- куда тосууда ашыкча чыгым келтирүүгө тыюу салынат.
3.3. Үй-бүлөлүк салтанаттар айылдарда калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча, киргизилген чектөөлөрдү жана тыюуларды бекем сактоо менен өткөрүлөт.
4. Өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби
4.1. Өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүдө элдин мүдөөсүн жана ой пикирлерин, сунуштарын эске алып, маркумду акыркы сапарга узатууда ашыкча чыгым болууга жол берилбейт. тыюу салынат. Мындан сырткары пакет (таттууларды алып келүү, таратууга жана жыртыш берүүгө) тыюу салынат.
4.2. Айылдарда өлгөндү эске алуу ырым-жырымдар мал союуну эсепке албаганда калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча өткөрүлөт.
5. Жергиликтүү комиссия
5.1. Жергиликтүү түзүлгөн комиссия айыл өкмөтүндө түзүлөт. Анын курамына айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, маданият мекемесинин, ардагерлердин, аялдардын жана жаштардын уюмдарынын, аксакалдар сотунун, диний уюмдардын, милициянын, жергиликтүү коомдоштуктун өкүлдөрү кирет. Жергиликтүү комиссия айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен бекитилет.
5.2. Жергиликтүү комиссиянын мүчөлөрү өлгөндү эске алуу ырым-жырымы өткөрүлүп жаткан жерге чогуусу менен барып түшүндүрүү иштерин жүргүзөт, өлүк ээсин жобонун талаптары менен тааныштырып, ал тууралуу журналга кол койдурат, жобонун талаптарынын аткарылышына мониторинг жана көзөмөл жүргүзөт, жобонун талаптарын бузуу болгон учурда ал жөнүндө журналга каттоо жүргүзөт (же акт түзөт), ал тууралуу комиссияда маселе карайт, талапты бузган адамдарга карата чара (анын ичинде коомдук уяткаруу чарасын) көрөт.
6. Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
6.1. Айыл аймагынын аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүү боюнча жобонун талабын бузгандык үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинде, жергиликтүү жамаатын уставында жана айылдардын ички мыйзамдарында жана эрежелеринде каралган (элдик курултай, айылдык жыйындар, жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынган) айып жазаларынын өлчөмдөрү, салынган айыптарды төлөө мөөнөтү жана тартиби каралат.
Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы |
М.Ж. Асанбаев |