(Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2023-жылдын 15-декабрындагы № 1 токтомунун редакциясына ылаык күчүн жоготту)
ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектеги 12-сессиясы
2022-жылдын 16-сентябры № 12
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 15-сентябрындагы № 217 сандуу катына негиз, Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн, Жандама айылында жайгашкан “Сахаба” мечитинин аймагында жайгашкан “Мегаком” компаниясына тиешелүү антенасын ижара акысы жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 15-сентябрындагы № 217 сандуу катына негиз, “Сахаба” мечиттин аймагына “Мегаком” компаниясы тарабынан орнотулган антенанын ижара акысын ушул мечиттин муктаждыктарына иштетүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” жана “Экономика, бюджет, салык, ишкердүүлүктү өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссияларын 2022-жылдын 15-сентябрындагы кошмо жыйынынын протоколуна негиз, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 27-статьясынын 1-бөлүгүнө ылайык Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Жандама айылындагы “Сахаба” мечитинин аймагында “Мегаком” компаниясы тарабынан орнотулгөн антенадан түшкөн ижара акысын мыйзам чегинде, мечиттин муктаждыктарына иштетүүгө макулдук берилсин.
2.Токтомдун Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык аткарылышын“Сахаба” мечитинин жамаатыне жана Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” жана “Экономика, бюджет, салык, ишкердүүлүктү өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы: | К. Сатторов |