Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (XXX чакырылышынын) кезексиз VIII сессиясы
2023-жылдын 28-сентябрындагы № 7
Чаек айыл өкмөтүнүн “Чаек” муниципалдык ишканасынын Уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 26-декабрындагы №713 Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун аймагында жайгашкан айыл аймактарында ирригацияны, ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын күтүүнү, ошондой эле жайыттарды башкарууну жана таштанды чыгарууну комплекстүү уюштуруу боюнча пилоттук долбоорду ишке аышруу боюнча токтомунун негизинде Чаек айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Чаек” муниципалдык ишканасынын Уставын бекитип берүү боюнча Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Чаек айыл өкмөтүнүн алдындагы “Чаек” муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндө сунушу айлдык кеңештин депутаттары тарабынан жактырылып, макулдук берилсин.
2. Муниципалдык ишкананы түзүү, уставын бекитип мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы, токтомдун аткарылышын камсыздоо Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы-экономика жана пландоо бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана өзүмө калтырамын.
Төрага: | А.Муталиев |