Загрузка документа…
| Бекитилди Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 8 токтому менен |
Чаек айыл өкмөтүнүн
«Чаек» муниципалдык ишканасынын Уставы
Жалпы жобо
1.1. «Чаек» муниципалдык ишканасынын Уставы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыгып, муниципалдык ишкананын ишмердүүлүгүн аныктайт.
1.2. «Чаек» муниципалдык ишканасы өз алдынча эсеби бар, чарбалык муниципалдык ишкана болуп саналат. Негизги милдеттери айлана – чөйрөнү коргоо, жашылдандыруу, көрктөндүрүү, таза суу жана санитардык жактан тазалоого. Ишкананын аталышы: мамлекеттик тилде – «Чаек» муниципалдык ишканасы. Расмий тилде аталышы – Муниципальное предприятие «Чаек».
1.3. Муниципалдык ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормативдик - укуктук актыларынын негизинде жана белгиленген тартипте каттоодон өткөн Уставына ылайык иш алып барат.
1.4. Муниципалдык ишкана мамлекеттик каттоодон өткөндөн баштап, юридикалык жак болуп саналат, анын иш жүргүзүүгө, өзүнүн балансы эсептик жана башка банк мекемелеринде эсеби бар, мамлекеттик тилде жана расмий тилде аталган мөөрү, штампы, эмблемасы жана өзүнүн бланкасы болуусу керек.
1.5. Муниципалдык ишкананы түзүүчүсү болуп Чаек айыл өкмөтү саналат.
1.6. Чаек айыл өкмөтү «Чаек» муниципалдык ишканасынын милдеттерине жоопкерчиликтүү эмес, ошондой эле муниципалдык ишкана Чаек айыл өкмөтүнүн милдеттерине жооп бербейт.
1.7. Чарбалык субьектилер жана жеке жактар менен түзүлгөн келишимдердин негизинде «Чаек» муниципалдык ишканасы, Уставда көрсөтүлгөн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде иштерди алып барууга укуктуу.
1.8. «Чаек» муниципалдык ишканасынин структураларынын түзүлүшү же жоюлушу Кыргыз Республикасынын белгиленген тартиптеги мыйзамдарынын негизинде ишке ашырылат.
1.9. «Чаек» муниципалдык ишканасында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген жана негизги аткарылуучу милдеттерине жараша профсоюздук уюм түзүлүүшү мүмкүн.
1.10. «Чаек» муниципалдык ишканасынын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Нарын облусу, Жумгал району, Кызыл-Жылдыз айылы, И.Модубаев көчөсү - 13.
2. Муниципалдык ишкананын максаты жана иштери.
2.1. «Чаек» муниципалдык ишканасы өз ишин жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык иш-аракеттерди аткарат:
1) калкты ичүүчү таза суу менен толук жабдуу, анын коопсуздугун жана сапатын камсыз кылуу, ичүүчү сууну туура колдонуу, акысын чогултуу, тарифтерин бекитүү боюнча түшундүрүү иштерин жүргүзүү;
2) калктуу конуштарда канализация жана тазалоочу курулмалардын тутумунун ишин камсыз кылуу;
3) айыл ичиндеги муниципалдык жолдорду ондоо-түздөө, кеңейтүү жана канааттандырарлык деңгээлде иштешин камсыз кылуу;
4) айыл ичинде жана жалпы пайдалануудагы жерлерге, көчөлөргө жарык берүүнү уюштуруу;
5) көрүстөндөрдү тейлөө, аларды тосуу;
6) айылдардын ичиндеги жалпы пайдалануудагы жерлерди (көчөлөрдү, парктарды, аянттарды ж.б.) көрктөндүрүү жана жашылдандырууну камсыз кылуу;
7) айыл ичиндеги парктарды, спорттук курулмаларды, балдар ойноочу аянттарды ондоо-түздөө иштерин жүргузүү;
8) белгиленген убакыттарда жалпы пайдалануудагы жерлерди, парктарды, спорт аянтчаларын, көчөлөрдү, тротуарларды, арыктарды жарандардын катышуусу менен тазалоо;
9) турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып кетүүнү жана керектен чыгарууну (утилизацияны) уюштуруу, таштанды төгүүчү жайларды ирээтке келтирүү, тыюу салынган жерлерге таштанды чыгарган жарандарга тийиштүү административдик жаза чара колдонуу жана таштандыларды чогултууга бекитилген тариф боюнча төлөмдөрдү чогултуу;
10) муниципалдык транспорттун иштешин камсыз кылуу жана калктуу конуштардын чегинде коомдук транспорттун иштешин жөнгө салуу;
11) өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга көмөктөшүү;
12) айыл ичин жана талаадагы айдоо жерлерди суугат суу менен камсыз кылуу, ирригацияларды орнотуу, ондоп-түздөө, тазалоо иштерин жүргүзүү, сугат сууну пайдалануу эрежелерин жана кезектешүү графиктерин иштеп чыгуу жана төлөмдөрүн чогултуу;
13) жайыт маселелери боюнча иш алып баруу, бодо жана мал жандыктарына бекитилген тарифтер менен чогултууларды уюштуруу;
14) Жолбун жаныбарларды атуу, аларды санитардык көрсөтмөгө ылайык атайын бөлүнгөн жерлерге көмүү;
15) Жарандардын, мектеп окуучуларынын жана балдардын кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча айыл аймактын калктуу территориясында жайгашкан жолдоруна жол белгилерин (знак, лежачий полицейский) камсыз кылуу үчүн тиешелүү мамлекеттик органдар менен иш-аракеттерди алып баруу.
16) Чаек айыл аймагында соода логистикалык борборлорун уюштуруу.
3. Муниципалдык ишкананын милдети жана укуктары
3.1. Муниципалдык ишкана өзүнун милдеттерин ишке ашырууда, муниципалдык ишкана кайсыл укуктук органдын карамагында баш ийүүсү менен, өзүнүн милдетин ишке ашырууга укуктуу:
- Белгиленген тартипте эсебин өндүрүп чыгаруусу, ошону менен бирге башка юридикалык жана физикалык жактардан атайын эсептерди ачып алууга;
-Сотто доочу жана жооптуу болууга;
- муниципалдык мекеменин функцияларынын милдеттеринин негизинде жеке жана юридикалык жактар менен келишимдерди түзүүгө;
- муниципалдык мекеменин иштерин аткарууга жарандарды тартуу, эмгек келишими жана башка жарандык укуктук келишимдердин негизинде ишке алууга;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормасынын негизинде (колькуляция) өзүнчө иштердин түрлөрүн жүргүзүүгө;
- муниципалдык ишкананын керектелүүчү иштерине ылайык, юридикалык жактардан атайын авто унааларды, күйүүчү майларды алууга;
3.2. муниципалдык мекеменин иши жана эс алуу режими, социалдык камсыздоосу, социалдык коргоосу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамынын негизинде туураланып жүргүзүлөт.
3.3. муниципалдык мекеме төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү:
-Мекеменин ичиндеги бекитилген сметанын негизинде, курулуш, капиталдык жана кезектеги оңдоп-түзөө иштерине реконструкция жүргүзүүгө;
-Бардык кызматкерлердин коопсуздугуна, бардык шарттарды түзүп, белгиленген тартипте алардын ден-соолугуна жана эмгектенисүүнө тосколдуктарын жоопкерчилигине алууга;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана бекитилген келишимдин негизинде өзүнүн милдеттерин аткарууга;
- муниципалдык мекеменин кызматкерлерин социалдык жактан колдоо көрсөтүү.
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде тиешелүү органдарга отчет, белгиленген тартипте салыктарды төлөөгө, эсептерди өз убагында өткөрүү.
Муниципалдык мекеменин кызматкерлери, кызмат учурунда болгон иштерди, мамлекеттик кызматтык сырларды чыгарбай жашырууга милдеттүү.
4. Муниципалдык ишкананын мүлкү жана каржы булагы.
4.1. Муниципалдык мекеменин материалдык-техникалык базасын, аларга бекитилип берилген иш жүргүзүлүүчү чарбасы, негизги өндүрүүчү фондусунун айлануу каражаты, материалдык баалулугу жана каржы булактары түзөт.
4.2. Муниципалдык ишкана, максат кылган иштерди, берилген таршырмаларды аткарууга мүлктү колдонууга укуктуу.
4.3. Муниципалдык ишкана, чарбалык иштерди жүргүзүүгө түзүүчү бекитип берген мүлктөргө кожоюндук кылууга укуктуу.
4.4. Муниципалдык ишкананын негизги каражаттарын, жабдыктар, орнотуулар, аппаратура, унаа, акча каражаттары ж.б. мүлктөрдү түзөт.
4.5. Муниципалдык мекеменин каржы базасынын жайлуулугу башка эсептик булактардан да түзүлөт.
4.6. Муниципалдык ишкананын өздүк фондусу, айландыруучу каражаттары жана мүлктөрү, Чаек айыл өкмөтүнүн чечими менен же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына туура келбеген жагдайда, соттун чечими менен гана алууга жол берилет.
5. Муниципалдык ишкананы башкаруу
5.1. Муниципалдык ишкананын башкы органы болуп түзүүчү саналат.
-Түзүүчүнүн компетенциясына коммуналдык ишкананы түзүү боюнча суроолор, Уставга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жана анын түзүлүшү же жоюлушу боюнча суроолор кирет.
5.2. Муниципалдык ишкананын күндөлүк ишин, ишкананын жетекчиси (мүдүрү) жетектейт.
5.3. Муниципалдык мекеменин жетекчисин ишке алуу жана иштен бошотуучусу Чаек айыл өкмөтүнүн макулдугу менен жана Кыргыз Республикасынын бекитилген мыйзамдарынын негизинде мекеменин түзүүчүсүнөн аныкталат.
5.4. Муниципалдык ишканын жетекчиси ишеним кагазы жок эле, коммуналдык ишкананын атынан келишимдерди түзүүгө, анын ичинен эмгек келишимин, ишеним каттарды берүүгө, банктарда эсебин ачууга, каражаттарды бөлүштүрүүгө, бекитилген мыйзамдардын негизинде буйрук берип, буюрууга, кызматкерлерди ишке алууга жана материалдык колдоо көргөзүү укугуна ээ.
5.5. Муниципалдык ишкананын кызматкерлери, адистери кызматка алуусу жана иштен бошотулушу жетекчи аркылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эмгек келишиминин негизинде жүргүзүлөт.
5.6. Муниципалдык ишкананын түзүмү жана штаттык бирдиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаса Чаек айылдык Кеңеши тарабынан бекитилет.
5.7. Муниципалдык ишкананын жеке жана юридикалык жактардан бардык чарбалык иш чөйрөсүндө иштер келишимдин негизинде жүргүзүлөт.
5.8. Муниципалдык ишкананын жетекчиси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде кадр маселелерин чечүүгө, тартипти, эмгек төлөмдөрүнүн формасын жана ыкмасын уюштурууга, төлөнүүчү айлык акыга кошумча төлөмдү түзөт, сыйлоолорду аныктайт, иш күнүнүн жана жуманын улануусун, эмгек өргүүсүн жана эс алуу күндөрүн тартип боюнча берүүгө укуктуу.
5.9. Муниципалдык ишкананын каржы жана материалдык активдери коммуналдык ишкананын түзүүчүсүнүн муниципалдык мүлкү болуп саналат.
6. Муниципалдык ишкананын эсеби жана отчету
6.1. Муниципалдык ишканада түзүүчү тарабынан иштелип чыккан Чаек айыл өкмөтү бекитип берген иш планынын негизинде иш жүргүзүлөт.
6.2. Муниципалдык ишкана аткарган иштеринин жыйынтыктарын бухгалтердик эсеби менен жүргүзөт жана статистикалык отчетун Кыргыз Республикасынын белгиленген мыйзамдарынын негизинде тапшырат.
- Керектелүүчү оперативдик башкарууга жана жетектөөгө коммуналдык ишкананын түзүлүүсүнүн чарбалык чөйрөдөгү аткарган иштерин жыйынтыктайт жана маалымдайт.
- Норма жана нормативдик сметанын негизинде каражат колдонулган мүлктөрдүн жүрүүсүнө, эмгек жана каржы ресурстарынын чыгышын текшерүүнү камсыз кылат.
- Чарба ичиндеги каржы иштери боюнча туура эмес учурларды тезинен өз убагында чечүүгө, билдирүүгө милдеттүү.
6.3. Муниципалдык ишкананын ишин текшерүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын тиешелүү текшерүүчү органдары аркылуу ишке ашырылат.
7. Муниципалдык ишкананы кайрадан түзүү жана жоюу
7.1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын негизинде коммуналдык ишкананы кайрадан түзүүсү жана жоюсу түзүүчүнун чечими менен, ошондой эле кокустук учурларда соттун чечими менен жүргүзүлөт.
7.2. Мекеменин жоюлусуна комиссия курамы активдерин баалап, дебитор, кредиторлор менен эсептешип, жоюлуучу балансын түзүп, ишкананын Түзүүчүнүн кароосуна жиберет.
7.3. Муниципалдык мекеме жоюлуп кеткен учурда иштен бошотулган кызматкерлерге компенсация төлөнүп берилет, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка жеңилдиктер жана кепилдиктер берилет.
7.4. Муниципалдык ишкананын түзүлүүсү же жоюлушу юридикалык жактан мамлекеттик реестрга катталгандан кийин гана түзүлдү же жоюлду деп эсептелинет.
7.5. Муниципалдык ишкана жоюлгандан кийин, анын тиешелүү жана тиешесиз мүлкү, укуктары жана милдеттери келип чыгуучу юридикалык жакка же түзүүчүгө биригүүгө өткөрүлүп берилүүчү актынын негизинде бөлгүч балансына ылайык берилет.
8. Жыйынтыктоочу жобо
8.1. Муниципалдык ишкананын ушул Уставында көрсөтүлбөгөн маселелер Кыргыз Республикасынын колдонулуп жаткан мыйзамдарынын негизинде жөнгө салынат.
8.2. Ушул Уставдын чегиндеги Муниципалдык ишкананын башчысы ыйгарым укугуна ылайык, чыгарылган буйруктар жана башка нормативдик укуктук актылары ушул Уставга майда карама - каршылыктар келип чыкса, ал учурда Устав юридикалык күчкө ээ болот.
Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы: | Т.Кучмуратов |