Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 28-сентябрындагы № 8
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ №54 “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын Чаек айыл аймагындагы айыл өкмөтүнүн карамагындагы Көк-Ой, Арал жана Кызыл-Жылдыз айылдарында иш чараларды өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБО ну бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ №54 “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын Чаек айыл аймагындагы айыл өкмөтүнүн карамагындагы Көк-Ой, Арал жана Кызыл-Жылдыз айылдарында иш чараларды өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБО ну бекитип берүү жөнүндө Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз сиссиясы угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ №54 “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын Чаек айыл аймагындагы айыл өкмөтүнүн карамагындагы Көк-Ой, Арал жана Кызыл-Жылдыз айылдарында иш чараларды өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБО тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп, chaek-aimak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго жүктөлсүн.
Төрага: | А.Муталиев |