Загрузка документа…
| Бекитилди Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 8 токтому менен |
Чаек айыл аймагындагы Чаек айыл өкмөтүнүн карамагындагы Көк-Ой, Арал жана Кызыл-Жылдыз айылдарындагы үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөөлүк, мааракелик
салтанаттарды, маркумду жерге коюу, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана иш –чараларды өткөрүү тартиби жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
Ушул Жобо Чаек айыл аймагында Чаек айыл өкмөтүнүн алдындагы Көк-Ой, Арал жана Кызыл-Жылдыз айылдарындагы үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду жерге коюу, маркумду эскерүү үрп адаттарын жана иш чараларды өткөрүү тартибин аныктайт.
Ушул жобо Кыргыз Республикасынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты: Кыргыз Республикасынын Конституциясына;
“Жергиликтүү мамлекеттик админстрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
Кыргыз Респуликасынын Президентинин 2022-жылдын 24- февралындагы ПЖ №54 “Кыргыз Республикасында үй бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгына;
Чаек айыл аймагынын жергиликтүү жааматынын Уставына.
3. Ушул Жободо төмөнкү негизги түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:
маркумду жерге коюу иш-чаралары-өлгөн адамдын сөөгүн коюуга байланышкан үрп-адаттардын жана аракеттердин жыйындысы (куран окутуу, 40 күндүк ,жылдык, ж.б )
II. Жобонун максаты жана милдеттери
4. Ушул Жобонун максаты жарандардын социалдык кызыкчылыктарын коргоо жана жарандардын экономикалык кызыкчылыктарына жана моралдык негиздерине олуттуу зыян келтирген ашыкча чыгымга жана ысарапкерчиликке жол бербөө чараларын белгилөө болуп саналат.
5. Ушул Жобонун милдеттери үйлөнүү үлпөтүн, үй бүлөөлүк, маарекелик,салтанаттарды, маркумду жерге коюу, маркумду эскерүү үрп адаттарын жана иш чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү, ошондой эле калк арасында алардын маңызын жана маанисин туура түшүнүүну калыптандыруу болуп саналат.
III. Ушул Жобону ишке ашырууну контролдоо боюнча комиссия
6. Ушул Жобону ишке ашыруу үчүн Чаек айыл өкмөтүнүн карамагындагы Көк-Ой, Арал жана Кызыл-Жылдыз айылдарындагы Үйлөнүү үлпөтүн, үй бүлөлүк, маарекелик салтанаттарды, маркумду жерге коюу, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана иш-чараларды өткөрүү тартипке келтирүү боюнча туруктуу комиссия түзүлөт.
7. Комиссия түзүмү:
1) Комиссиянын жетекчиси (Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы)
2) Комиссиянын мүчөлөрү: Чаек айылдык кеңешинин депутаттары, Чаек айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү, айыл башчылары, айыл тургундары, дин кызматкерлери ж.б
8. Комиссия түзүү жана анын курамы жөнүндө чечим Чаек айылдык кеңеши тарабынан бекитилет. Комиссиянын сандык курамы ушул Жобону ишке ашыруу бонча аткарылуучу иш-чаралардын көлөмүн эске алуу менен Чаек айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушу боюнча бекитилет.
9. Комиссиянын ишин уюштуруучулук формасы болуп Комиссиянын отуруму саналат. Эгер отурумга Комиссиянын мүчөлөрүнүн кеминде жарымы катышса, аны өткөрүүгө укутуу деп эсептелет. Комиссия мүчөлөрүнүн отурумуна катышкандардын жарымынан көбү добуш берсе, чечим кабыл алынды деп эсептелет.
10. Комиссия төмөнкү функцияларды аткарат:
-ушул Жобонун талаптарына ылайык үйлөнүү үлпөтүн, үй бүлөлүк, маарекелик салтанаттарды, маркумду жерге коюу, маркумду эскерүү үрп-адаттардын жана иш- чараларды өткөрүүгө контроль жүргүзөт;
-үйлөнүү үлпөтүн, мааракелик салтанаттарды, маркумду жерге коюу, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана иш-чараларды өткөрүүнү тартипке келтирүү маселелери боюнча Чаек айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандардын натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат;
-үйлөнүү үлпөтүн, үй бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду жерге коюу,маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана иш-чараларды өткөрүүгө ысарапкерчиликке жол бербөө жөнүндө калк арасынада маалыматтык-түшүндүрүү иштери уюштурулат;
- үйлөнүү үлпөтүн, үй бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду жерге коюу, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана иш-чараларды өткөрүү боюнча алдыңкы тажырыйбаларды жайылтат;
-Чаек айыл аймагындагы жеке жана юридикалык жактардан ушул Жобонун аткарылышын талап кылат.
IV. Үйлөнүү үлпөт, үй- бүлөлүк, мааракелик салтанаттар
11. Үй бүлөлүк, мааракелик салтанаттар жана иш-чаралар 100дөн көп эмес киши чакыруу менен өткөрүлөт.
12. Үйлөнүү үлпөт салтанаты бир күндүн ичинде 200 кишиге чейинкиге банкет менен өткөрүлөт.
13. ЗАГС органдарында никени малекеттик каттоо аземи 3 төн көп эмес жеңил авто унааны колдонуу менен өткөрүлөт.
14.Үйлөнүү үлпөтү, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттар, үрп-адаттар жана иш-чаралар дем алыш күндөрү 8.00 дөн 23.00 гө чейин, ал эми иш күндөру 18.00дөн 22.00гө чейин өткөрүлөт.
V. Маркумду жерге коюу, маркумду эскерүү үрп-адаттары жана иш чаралары
15. Маркумду жерге коюу үрп-адаттары жана иш-чаралары (“жаназа” үрп-адаты) бодо мал, жылкы жана кой союлбастан жана катышуучулардын санын чектебестен өткөрүлөт.
16. Маркумду көмүү маркумдун денесин (сөөгүн) үйгө жеткирген же адам өлгөн учурдан тартып бир суткадан кечиктирилбестен жүргүзүлөт.
17. Маркумду эскерүү үрп-адаттары жана иш-чаралары (куран окутуу, 40 күндүк,жылдык ж.б.) бодо мал, жылкы жана кой союлбастан 100 дөн кем эмес киши чакыруу менен өткөрүлөт.
VI. Ушул Жобону аткаруу боюнча жеке жана юридикалык жактардын милдеттери
18. Жеке жана юридикалык жактар үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду жерге коюу, маркумду эскерүү үрп-адаттарын жана иш-чараларды Комиссияны милдетүү түрдө кабарландыруу аркылуу ушул Жобонун талаптарын сактоо менен өткөрүүгө милдеттүү.
19. Чаек айыл аймагындагы кафе жана ресторандардын администрациялары пландалган салтанаттар, маркумду жерге коюу жана маркумду эскерүү иш-чаралары туралуу Комиссияны жана ички иштер органдарын иш-чарага чейин бир күн кечиктирбестен жазуу жүзүндө кабарландырууга милдеттүү.
20. Жеке жана юридикалык жактар ушул Жобонун талаптарын сактабагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылат. Ушул Жобону бузууга жол бербеген адамдар жөнүндө маалымат Чаек айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жайгаштырылат.
VII. Корутунду жобо
21. Ушул Жобо, ага толуктоолор, өзгөрүүлөр Чаек айылдык кеңеши тарабынан бекитилет.
Төрага: | А.Муталиев |