Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 15-ноябрындагы № 92
Ош шаарында мурда башка жактарга берилип кеткен балдар бакчаларын кайра муниципалдык менчикке кайтаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 33, 34, 40-беренелерин, 1992-жылы 12-февралдагы Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасында мектепке чейинки мекемелерде балдарды камсыздоо жөнүндө” №48 сандуу Жарлыгын жана 1995-жылы 16-февралда Кыргыз Республикасынын Президентинин “социалдык инфраструктуралык объектилерди пайдалануунун шарттарын камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” №37 Жарлыгын жана Ош шаардык Кеңешинин Регламентинин 33,34,35,36-главаларында көрсөтүлгөн талаптарды жетекчиликке алып, Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2022-жылдын 11-ноябрындагы отурумунун №12 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кенеши токтом кылат:
1. Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын Ош шаарында мурда башка жактарга берилип кеткен балдар бакчаларын кайра муниципалдык менчикке кайтаруу жөнүндөгү сунушу колдоого алынсын.
2. Ош шаарынын мэриясына (А.Мамбетов):
- Ош шаарынын аймагындагы менчигинин түрүнө карабастан жергиликтүү бийликтен сырткары мурда башка жактарга берилип кеткен балдар бакчаларынын максаттуу пайдаланылышына талдоо жүргузүү жана максатсыз пайдаланылып жаткан балдар бакчаларын муниципалдык менчикке кайтарып алуу боюнча чараларды көрүү;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аркылуу Ош шаарынын аймагында жайгашкан жогорку жана атайын орто билим берүү мекемелеринин жетекчилерин милдеттендирүү менен, аларга өткөрүлүп берилген балдар бакчаларынын максаттуу пайдаланылышына жетишүүнү камсыздоо тапшырылсын.
3. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Ч.Абдиев).
4. Токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянына (Б.Усөнов) жүктөлсүн.
Ош шаардык Кеңешинин төрагасы |
С.С. Назылбеков |