КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2010-жылдын 16-августу № 60-п
"Кыргыз Республикасынын эл аралык финансылык уюмдардагы мүчөлүгү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын башкаруучунун милдетин аткаруу төмөнкүлөргө жүктөлсүн:
- Азия өнүктүрүү банкында, Ислам өнүктүрүү банкында, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкында, Эл аралык реконструкция жана өнүктүрүү банкында, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясында, Эл аралык финансы корпорациясында, Көп тараптуу инвестициялык гарантиялоо агенттигинде - Кыргыз Республикасынын финансы министрине;
- Эл аралык валюта фондунда - Кыргыз Республикасынын улуттук банкынын төрагасына.
2. Төмөнкүлөр башкаруучунун альтернаты катары аныкталсын:
- Азия өнүктүрүү банкында, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкында, Ислам өнүктүрүү банкында, Эл аралык реконструкция жана өнүктүрүү банкында, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясында, Эл аралык финансы корпорациясында, Көп тараптуу инвестициялык гарантиялоо агенттигинде - Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри;
- Эл аралык валюта фондунда - Кыргыз Республикасынын финансы министрине.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 10-декабрындагы № 310 тескемеси күчүн жоготту деп табылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р.Отунбаева |