Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2010-жылдын 26-августу № 71-п
Коомдун социалдык-экономикалык проблемаларын чечүү боюнча көмөк көрсөтүү жана Кыргыз Республикасынын Президенти менен байланышта иштөө боюнча оперативдүү мүмкүнчүлүктөрдү жарандарга берүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча коомдук кабылдамасы Ош шаарында ачылсын.
2. Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысы-губернатор:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин коомдук кабылдамасы үчүн Ош облустук мамлекеттик администрациясынын имаратынан жай берсин;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин коомдук кабылдамасын зарыл болгон жабдуулар, байланыш каражаттары жана сарпталуучу материалдар менен камсыз кылсын, "ишеним телефондорунун" номерлерин аныктасын.
3. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын мамлекеттик администрация башчылары-губернаторлор:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин коомдук кабылдамасынын ишине ар тараптуу көмөк көрсөтүшсүн;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин коомдук кабылдамасынын телефондук жана башка билдирүүлөрүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык оперативдүү жана өз убагында чара көрүшсүн;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин коомдук кабылдамасынын жайгашкан жери жөнүндө жана "ишеним телефондорунун" номерлери тууралуу маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялашсын.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин коомдук кабылдамасы жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча коомдук кабылдамасын Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын жана Администрациясынын чыгымдарынын сметаларынын эсебинен андан ары күтүүнү камсыз кылсын;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча коомдук кабылдамасынын ишин финансылык, материалдык-техникалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Иш башкармасынын алдындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин Түштүк резиденциясына жүктөлсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча коомдук кабылдамасынын ишин камсыздоого Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын арызына ылайык республикалык бюджеттен учурдагы жыл үчүн кошумча каражаттарды тапсын жана бөлүп берсин;
- "Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга божомолу жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна белгиленген тартипте киргизсин.
7. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрация жетекчиси 2010-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча коомдук кабылдамасынын кызматкерлеринин штатын үч бирдик санында Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын Өкмөт үйүн тейлөө боюнча департаментинин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишин камсыздоо боюнча адистер тобунун штаттык бирдиктеринин эсебинен комплектесин.
8. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрация жетекчисине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р.Отунбаева |