Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 26-августундагы № 71-п тескемеси менен бекитилген |
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин коомдук кабылдамасы (мындан ары - Коомдук кабылдама) Кыргыз Республикасынын Президенти менен байланышта иштөө боюнча оперативдүү мүмкүнчүлүктөрдү жарандарга жана коомчулукка берүү максатында уюштурулат.
2. Коомдук кабылдаманын ишин уюштуруучулук-методикалык камсыздоону Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча бөлүм жүргүзөт.
3. Коомдук кабылдама юридикалык жак болуп эсептелбейт, мөөрү жана штампы болбойт.
4. Коомдук кабылдама өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана тескемелерин, ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Коомдук кабылдама төмөнкү милдеттерди чечүү үчүн түзүлөт:
- Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жүргүзгөн саясатты жер-жерлерде түшүндүрүү;
- ар кандай мүнөздөгү проблемалары бар калкка жергиликтүү бийлик органдары менен эриш-аркак иштөөсүнө көмөк көрсөтүү;
- жарандардын жазуу жүзүндөгү жана ооз эки кайрылууларын кабыл алууну, эсепке алууну жана алардын өз убагында каралуусун уюштуруу;
- жарандардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын жүргүзүүдө аларга көмөк көрсөтүү;
- бийлик органдары менен эриш-аркак иштөө мүмкүнчүлүгүн жарандарга берүү;
- жарандардын кайрылуулары менен иштөөнү жакшыртуу боюнча зарыл маалыматтарды бийлик органдарына берүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында кепилдик берилген укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү түшүндүрүү максатында жарандарга консультация берүү.
6. Коомдук кабылдамага төмөнкүдөй жол менен кайрылган жарандардын проблемаларын чечүүдө практикалык жардам көрсөтүү Коомдук кабылдаманын ишинин негизги багыты болуп эсептелет:
- тиешелүү деңгээлде чечүүнү талап кылган жарандардын кайрылууларын Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясына билдирүү;
- кайрылууларды, суроо-талаптарды Кыргыз Республикасынын тиешелүү министрликтерине, администрациялык ведомстволоруна, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана мамлекеттик башкаруунун башка органдарына жиберүү жана алардын аткарылышынын жүрүшүн, берилген жоопторду текшерүү (зарыл болгон учурда);
- консультациялык жана укуктук жардам көрсөтүү үчүн министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка мамлекеттик органдардын кызматкерлерин ишке тартуу, алар белгиленген күндөрү белгилүү бир убакта жарандарды кабыл алышат жана жарандар койгон маселелерди чечүүгө кызматтык милдеттеринин чегинде жардам көрсөтүшөт.
7. Жарандар Коомдук кабылдамага төмөнкүдөй жолдор менен кайрылышы мүмкүн:
- Коомдук кабылдамага жеке өзү келип;
- жазуу жүзүндөгү кайрылуу жазып;
- "ишеним телефонуна" чалып;
- электрондук билдирүү жиберип.
8. Жарандарды күн сайын кабыл алууну Коомдук кабылдаманын жооптуу кызматкерлери белгиленген тартипте жүргүзүшөт, алар:
- жарандардын кайрылууларын кабыл алышат, аларды атайын журналда катташат жана жарандардын кайрылууларында көтөрүлгөн маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү боюнча чараларды көрүшөт;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин, ошондой эле облустук мамлекеттик администрация башчысынын-губернатордун жана бийликтин башка органдарынын жетекчилеринин жеке кабыл алуусуна жарандарды каттоону жүргүзүшөт;
- жарандардын кайрылуулары боюнча кызматтык документтерди тариздөөнү, каттоону жүргүзүшөт, аны аткарууга беришет;
- кайрылуулар боюнча жарандарга консультацияларды беришет жана тиешелүү органдын башка кызматкерлерин консультацияга тартышат;
- кайрылуу боюнча суроо-талаптарды мамлекеттик жана өз алдынча башкаруунун тиешелүү органдарына же уюмдарга жиберишет;
- жарандардын жазуу жүзүндөгү жана ооз эки кайрылууларын талдайт жана жалпылаштырышат, Коомдук кабылдамага келип түшкөн жарандардын жеке кайрылууларынын маалыматтык базасын жүргүзүшөт;
- жарандардын кайрылууларынын мүнөздөрү жана иштеринин абалы жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жума сайын беришет;
- төмөнкүлөр боюнча сунуш киргизишет:
жарандардын даттанууларын пайда кылган себептерди жоюу;
Коомдук кабылдаманын жана мамлекеттик башкаруу органдарынын жарандардын кайрылууларын кароо боюнча ишин өркүндөтүү жана жакшыртуу;
- жарандардын даттанууларын кароо мөөнөттөрүнүн сакталышын контролдошот;
- Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө даректелген жарандардын кайрылуулары боюнча маалыматтык ишти жүргүзөт;
- жарандардын кайрылуулары менен иштөөнүн түрлөрүн жана методдорун, иш кагаздарын жүргүзүүнү өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоого катышат;
- мыйзамдарга жана нормативдик укуктук актыларга ылайык жарандардын кайрылуулары боюнча делолорду, кызматтык документтерди белгилүү бир мезгилге түзөт жана сактайт.
9. Коомдук кабылдаманын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча бөлүмүнүн башчысына тикелей баш ийишет жана отчет беришет.
10. Коомдук кабылдаманын иши Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү чечими менен токтотулат.