Загрузка документа…
КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПТ № 173 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2010-жылдын 30-ноябры № 136-П
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссияны жоюу боюнча комиссия (мындан ары - Жоюу комиссиясы) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Жоюу комиссиясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган бардык зарыл иш-чараларды жыйырма күндүк мөөнөттө жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министри Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиянын секретариатынын мурдагы кызматчыларына эс алуу пособиелерин жана компенсацияларын төлөө үчүн зарыл болгон акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча комиссиянын секретариатынын алыш-бериш эсебине которсун.
4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алдындагы Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча комиссиянын секретариаты Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиянын секретариатынын мурдагы кызматчыларына бардык тиешелүү суммаларды Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиянын 2008-жылдын 1-июлунан баштап 2010-жылдын 31-августуна чейинки мезгилдеги бюджеттик жана башка каражаттарын пайдалануунун аудитинин 2010-жылдын 22-октябрындагы актысында камтылган Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын корутундусун эске алуу менен Жоюу палатасынын чечиминин негизинде мыйзамдарга ылайык төлөп берсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р.Отунбаева |
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин бөлүм башчысы, комиссиянын төрагасы.
Комиссия мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин бөлүм башчысы;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин бөлүм башчысы;
Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин бөлүм башчысы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын бөлүм башчысы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын бөлүм башчысы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык-укуктук департаментинин эки тараптуу кызматташтык бөлүмүнүн башчысы.