Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн

2009-жылдын 10-апрелинин № 155-б буйругуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2004-жылдын 12-майы № 284-б

Кыргыз Республикасы менен Германия Федеративдүү Республикасынын ортосундагы финансылык жана техникалык кызматташтык жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууну аткаруу максатында жана Германия Федеративдүү Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы Чолпоната шаарында Экологиялык маалыматтык борбор маселеси боюнча өнүктүрүүгө көмөк берүү жаатындагы эки тараптуу кызматташтык жөнүндө 2003-жылдын 17-майындагы сүйлөшүүлөрдүй негизинде:

1. Ысыккөл облусу, Ысыккөл району, Чолпоната шаары, Совет көчөсү, 61 дареги боюнча жайгашкан администрациялык имарат жана мурда "Кыргызшампан" акционердик коомуна таандык болгон жана анын банкроттугунун натыйжасында жеке адамга сатылган, аталган имаратты куруу үчүн бөлүнгөн жер участогу мамлекеттик муктаждыктар үчүн кайра кайтарылууга тийиш экендиги белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети:

- алып коюлгандын ордуна менчик ээсине мүлктү барабар баада белгиленген тартипте кайтарып берүү жөнүндө маселени чечсин;

- ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн администрациялык имаратты Экологиялык маалыматтык борборду жайгаштыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик токой кызматынын "Ысык-Көл" биосфералык аймагынын башкы дирекциясынын балансына өткөрүп берсин.

3. Чолпоната шаардык башкармалыгына Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик токой кызматынын "Ысык-Көл" биосфералык аймагынын башкы дирекциясына Совет көчөсүнөн өткөрүп берилүүчү администрациялык имаратка чейинки 0,13 га аянттагы кошумча жер участкасын мөөнөтсүз пайдаланууга берүү мүмкүнчүлүгүн кароо сунуш кылынсын.

4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик токой кызматы "Ысык-Көл биосфералык аймагын колдоо" Германия техникалык борборунун долбоору менен бирдикте ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн администрациялык имаратты Германия техникалык борборунун долбоорун колдоону жана "Ысык-Көл" биосфералык аймагынын башкы дирекциясынын атайын каражаттарын пайдалануу менен Экологиялык маалыматтык борбордун иштеши үчүн кайра профилдөө жөнүндө маселени иштеп чыксын жана аны эксплуатацияга берүүнү камсыз кылсын.

5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.

 

            Премьер-министр

 

 Н.Танаев