Редакцияот 10.04.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2009-жылдын 10-апрели № 155-б

Мамлекеттик административдик имараттарды натыйжалуу пайдалануу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети:

- белгиленген тартипте Бишкек шаары, Киев көөчөсү, 74 дареги боюнча жайгашкан, жанаша жер участогу бар мамлекеттик имаратты жеке менчик укугунда жаран А.В.Кимге таандык, Чолпон-Ата шаары, Совет көчөсү, 61 дареги боюнча жайгашкан жанаша жер участогу бар имаратка алмаштырууну жүргүзсүн;

- "Ысык-Көл" биосфера аймагынын башкы дирекциясынын Экологиялык маалымат борборун жайгаштыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына Чолпон-Ата шаары, Совет көчөсү, 61 дареги боюнча жайгашкан имаратты өткөрүп берсин;

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 12-майындагы № 284-б жана 2004-жылдын 8-июлундагы № 430-б буйруктары күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

            Премьер-министр

 

 И.Чудинов