КР Өкмөтүнүн
2011-жылдын 13-майындагы № 163-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2004-жылдын 13-ноябры № 810-б
Борду калдык сактоочу жайынын бүтүндүгү, аны консервациялоо жана рекультивациялоо, калдык сактоочу жайга чектешкен бассейндин жер бетиндеги жана жер астындагы сууларынын булганышы, Чүй регионунун радиациялык коркунучун азайтуу менен байланышкан мүмкүн болуучу өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча чараларды көрүү максатында:
1. "Кыргыз химия-металлургиялык завод" акционердик коомуна белгиленген тартипте Борду калдык сактоочу жайын Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин балансына өткөрүп берүү сунуш кылынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги.
- "Кыргыз химия-металлургиялык завод" акционердик коомуна тиешелүү Борду калдык сактоочу жайын өз балансына кабыл алсын;
- "Кыргыз химия-металлургиялык завод" акционердик коому менен бирдикте Борду калдык сактоочу жайын кабыл алуу-өткөрүү боюнча ведомстволор аралык комиссия түзсүн;
- министрликке 2005-жылдын бюджетинде каралган каражаттардын эсебинен Борду калдык сактоочу жайын тейлөөгө чыгымдарды карасын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2006-жылдан тартып республикалык бюджеттен Борду калдык сактоочу жайын тейлөөгө каражат карасын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын экономика, өнөр жай жана соода башкармалыгына жана Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Н.Танаев |