Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2011-жылдын 13-майы № 163-б
Калдык сактагычтарды колдонууну тартипке салуу максатында, "Кыргыз химиялык-металлургиялык заводу" ачык акционердик коомунун кайрылуусун эске алып:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги белгиленген тартипте:
- мурда Кыргыз тоо кен комбинатына (азыр - "Кыргыз химиялык-металлургиялык завод" ачык акционердик коому) таандык Ак-Түз шаарчасындагы № 1, № 3 калдык сактагычтар жана Боорду калдык сактагычы "Кыргыз химиялык-металлургиялык заводу" ачык акционердик коомунун балансына өткөрүп берсин;
- "Кыргыз химиялык-металлургиялык заводу" ачык акционердик коому менен бирге Ак-Түз шаарчасындагы № 1, № 3 калдык сактагычтарды жана Боорду калдык сактагычын кабыл алуу-өткөрүү боюнча ведомстволор аралык комиссия түзсүн.
2. "Кыргыз химиялык-металлургиялык заводу" ачык акционердик коомуна Ак-Түз шаарчасындагы № 1, № 3 калдык сактагычтарды жана Боорду калдык сактагычын өзүнүн балансына алуу сунушталсын.
3. "Кыргыз химиялык-металлургиялык заводу" ачык акционердик коому Ак-Түз шаарчасындагы № 1, № 3 калдык сактагычтарды жана Боорду калдык сактагычын эксплуатациялоо, коопсуз күтүүнү камсыз кылуу, кайтаруу жана реабилитациялоо үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жооптуу экендиги белгиленсин.
4. Министрликтер жана администрациялык ведомстволор "Кыргыз химиялык-металлургиялык заводу" ачык акционердик коомуна карата контролдук функцияларды аткаруу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте камсыз кылышсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 13-декабрындагы № 810-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | А.Атамбаев |