Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 19-марты № 171-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия ФедерациясынынӨкмөтүнүн ортосундагы Эки тараптуу аскердик-техникалык кызматташуунунжүрүшүндө интеллектуалдык ишмердүүлүктүн пайдаланылган жана алынган жы-йынтыктарына карата укуктарды өз ара коргоо жөнүндө Макулдашуунун
дол-боору жактырылсын. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчнкбоюнча мамлекеттик агентствонун директоруна принципиалдуу эмесмүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү укугу менен көрсөтүлгөн МакулдашуугаКыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берил-син. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 30-ноябрындагы №662-б
буйругу күчүн жоготту деп табылсын. Премьер-министр Н.Танаев
Долбоор Эки тараптуу аскердик-техникалык кызматташуунун жүрүшүндө интеллектуалдык ишмердүүлүктүн пайдаланылган жана алынган жыйынтыктарына карата укуктарды өз ара коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы МАКУЛДАШУУ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жа-на Россия Федерациясынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия ФедерациясынынӨкмөтүнүн ортосунда аскердик-техникалык кызматташуу жөнүндө 1999-жылдын25-августундагы Макулдашууну, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Рос-сия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосунда өнөр жай менчигин коргоо тарма-гындагы кызматташуусу жөнүндө 1995-жылдын 13-октябрындагы Макулдашуунужана Тараптардын мамлекеттери катышуучусу болуп саналган башка эл ара-лык келишимдерди жетекчиликке алышып, аскердик-техникалык кызматташуу чөйрөсүндөгү интеллектуалдык иш-мердүүлүктүн жыйынтыктарына карата укуктарды коргоонун маанилүүлүгүнсезип, тењ укуктуулуктун жана өз ара пайда көрүү принциптерине негизде-нип, төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья Бул Макулдашманын максаттары үчүн төмөндөгүдөй түшүнүктөр колдону-лат: "аскердик-техникалык кызматташуу" - аскердик багыттагы продукцияныташып келүү жана ташып чыгуу менен, анын ичинде аны камдап берүү же са-тып алуу, ошондой эле аны иштеп чыгуу жана өндүрүүгө бйланышкан эл ара-лык мамилелер жаатындагы ишмердүүлүк; "интеллектуалдык менчик" - 1967-жылы 14-июлда Стокгольм шаарындакол коюлган Интеллектуалдык менчиктин Бүткүл дүйнөлүк уюмун түзүүчүКонвенциянын 2-статьясында көрсөтүлгөн мааниде түшүнүлөт; "маалымат" - аларды берүүнүн формасына карабастан, эки тараптууаскердик-техникалык кызматташуунун жүрүшүндө түзүлгөн келишимдердин(контракттардын) предметине тиешелүү маселелер, фактылар, окуялар,көрүнүштөр жана процесстер жөнүндө, алардын аткарылышы жана/же алынганжыйынтыктар жөнүндө маалыматтар; "жашыруун маалымат" - анын үчүнчү жактарга белгисиздигине байла-ныштуу чыныгы же потенциалдуу коммерциялык баалуулук болгон, аны мый-замдуу негизде эркин алууга болбой турган жана анын ээси тарабынан анынжашыруундугун камсыз кылуу үчүн чара көрүлүүчү маалымат; "аскердик багыттагы продукция" - курал-жарак, аскердик техника,интеллектуалдык ишмердүүлүктүн жумуштары, кызмат көрсөтүүлөрү, жыйын-тыктары, анын ичинде аларга (интеллектуалдык менчикке) карата өзгөчөукуктар жана аскердик-техникалык кызматташууга таандык маалыматтар; "интеллектуалдык ишмердүүлүктүн жыйынтыктары" - техникалык жанаилимий-техникалык документацияда болгон, материалдык алып жүрүүчүлөрдөчагылдырылган, ошондой эле тажрыйбалык үлгүлөрдө, буюмдун макеттериндеболгон илимий, конструктордук, техникалык жана технологиялык чечимдер; "интеллектуалдык ишмердүүлүктүн пайдаланылуучу жыйынтыктары" -аларга карата укуктар Тараптардын биринин мамлекетине же ушул мамлекет-тен аскердик-техникалык кызматташуунун катышуучуларына таандык болгон,эки тараптуу аскердик-техникалык кызматташуунун жүрүшүндө түзүлгөн ке-лишимдерди (контракттарды) аткаруу үчүн зарыл болгон интеллектуалдыкишмердүүлүктүн жыйынтыктары; "интеллектуалдык ишмердүүлүктөн алынган жыйынтыктар" - эки тарап-туу аскердик-техникалык кызматташуунун жүрүшүндө жаратылган интеллекту-алдык ишмердүүлүктүн жыйынтыктары; "аскердик-техникалык кызматташуунун катышуучулары" - Тараптардынмамлекеттеринин мыйзамдарына ылайык аскердик багыттагы продукцияга ка-рата тышкы соода ишмердүүлүгүн ишке ашырууга укук алган ишканалары, би-рикмелери жана уюмдары. 2-статья Макулдашуунун максаты эки тараптуу аскердик-техникалык кызматташу-унун жүрүшүндө пайдаланылуучу жана алынган интеллектуадцык иш-мердүүлүктүн жыйынтыктарына карата укуктарды коргоону Россия Федерация-сынын аймагында - Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык, КыргызРеспубликасынын аймагында - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайыккамсыз кылуу үчүн Тараптардын шарт түзүүсү болуп саналат. 3-статья Ушул Макулдашууну жүзөгө ашыруу боюнча Тараптардын ыйгарым укуктууоргандары төмөндөгүлөр болуп саналат: Кыргызстан тарабынан - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштууИнтеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агентство; Россия тарабынан - Россия Федерациясынын Юстиция министрлиги. Тараптар өздөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарын өзгөрткөндүгүжөнүндө бири-бирине дипломатиялык каналдар боюнча өз убагында кабарлаптурушат. Тараптар жана Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары аскердик-тех-никалык кызматташуунун катышуучуларынын ушул Макулдашуунун жоболорунаткаруу боюнча ишмердүүлүгүн контролдоону Тараптардын мамлекеттерининмыйзамдарында аныкталган тартипте ишке ашырышат. 4-статья Аскердик-техникалык кызматташуу тармагында интеллектуалдык иш-мердүүлүктүн жыйынтыктарына карата укуктарды коргоону камсыз кылуу бо-юнча кызматташтык төмөнкүдөй жолдор менен ишке ашырылат: интеллектуалдык ишмердүүлүктүн пайдаланылуучу жана алынган жыйын-тыктарына карата укуктарды коргоого байланышкан маселелерди макулдашуу; интеллектуалдык менчик тармагында укук бучууларды болтурбоо боюнчаиш-чараларды жүзөгө ашыруу; интеллектуалдык ишмердүүлүктүн жыйынтыктарын пайдалануунун тарти-бин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бир Тараптын экинчи Тарап-ка суроо-талабы боюнча бериши; интеллектуалдык ишмердүүлүктүн жыйынтыктарына карата укуктардыкоргоо маселелери боюнча тажрыйба алмашуу; Тараптардын эл аралык кызматташуу тажрыйбасы жана интеллектуалдыкменчик укуктарын коргоонун өзгөчөлүктөрүн аныктоочу башка эл аралык ке-лишимдерге катышуусу жөнүндө маалыматтарды алмашуу; кызматташууунун Тараптар макулдашкан башка формаларын жүзөгө ашы-руу. 5-статья Интеллектуалдык ишмердүүлүктүн пайдаланылган жана алынган жыйын-тыктарына карата укуктар аскердик-техникалык кызматташуунун катышуучу-лары тарабынан түзүлүүчү келишимдерде (контракттарда) аныкталган шарт-тарда бөлүштүрүлөт. 6-статья Аскердик-техникалык кызматташуунун катышуучулары келишимдерди(Контракттардн) түзүүдө төмөндөгүлөрдү аныкташат: келишимдерди (контракттарды) аткарууда түзүлүшү, берилиши же пай-даланылышы алдын ала негиздүү айкын болгон интеллектуалдык менчик объ-ектилерин; интеллектуалдык ишмердүүлүктүн пайдаланылган жыйынтыктарын кошоалганда ар бир катышуучунун салымын; интеллектуалдык ишмердүүлүктүн пайдаланылган жана алынган жыйын-тыктарын укуктук коргоону камсыз кылуу боюнча катышуучулардын милдет-тенмелерин; Тараптардын мамлекеттеринин аймактарында, ошондой эле үчүнчү мам-лекеттердин аймактарында интеллектуалдык ишмердүүлүктөн алынган жыйын-тыктарды пайдалануунун түрлөрүн жана көлөмүн; ар бир катышуучунун жашыруун маалыматты пайдаланууга карата укук-тарын жана жашыруун маалыматты коргоо боюнча милдеттерин; интеллектуалдык ишмердүүлүктөн алынган жыйынтыктар жөнүндө маалы-маттарды берүүнүн, алмашуунун жана/же жарыялоонун тартибин жана шартта-рын; Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарында каралган башка шарттар-ды. 7-статья Эгерде аскердик-техникалык кызматташуунун катышуучуларынын бирикелишимдерди (контракттарды) аткарууда интеллектуалдык ишмердүүлүктөнжыйынтыктар алынып, бирок аларга карата укуктар Тараптардын мамлекетте-ринин мыйзамдарында корголбойт деп эсептеген учурда, аскердик-техника-лык кызматташуунун катышуучулары аларды коргоо маселелери боюнча кечик-тирбестен консультацияларды өткөрүшөт. 8-статья Келишимдерди (контракттарды) түзүүдө аскердик-техникалык кызматта-шуунун катышуучулары интеллектуалдык ишмердүүлүктүн жыйынтыктарына ка-рата укуктарды коргоо менен байланышкан маселелерди Тараптардын ыйгарымукуктуу органдары менен макулдашат. 9-статья Аскердик-техникалык кызматташуунун катышуучулары келишимдерде(контракттарда) интеллектуалдык ишмердүүлүктүн пайдаланылган жана алын-ган жыйынтыктарын колдонуу алар укуктук жактан коргоо камсыз болгондогана ишке ашырыла тургандыгын карашат. 10-статья Аскердик-техникалык кызматташуунун катышуучулары экинчи Тараптынмамлекетине же ушул мамлекеттен аскердик-техникалык кызматташуунун ка-тышуучуларына таандык болгон интеллектуалдык ишмердүүлүктүн жыйынтыгынпайдаланып, аскердик багытындагы продукцияны экинчи Тараптын жазуужүзүндөгү макулдугусуз өндүрүп чыгарышпайт жана үчүнчү мамлекеттерге өзмамлекетинин аймагынан экспорттошпойт. Бул Макулдашууну ага кол коюлганга чейин интеллектуалдык иш-мердүүлүктүн жыйынтыгын пайдалануу менен даярдалган аскердик багыттагыпродукцияга карата колдонулбайт. 11-статья Аскердик-техникалык кызматташуунун катышуучулары келишимдерди(контракттарды) жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө алынган интеллектуалдык иш-мердүүлүктүн жыйынтыктарын патенттөөнүн же ал жөнүндө маалыматты жашы-руундук режиминде сактоонун максатка ылайыктуулугун Тараптардын ыйгарымукуктуу органдары менен макулдашып аныкташат. Аскердик-техникалык кызматташуунун катышуучулары патенттикөтүнмөлөрдү берүүдө төмөнкү эрежелерди жетекчиликке алышат: Кыргыз Республикасында жаратылган ойлоп табууларга патент алуу бо-юнча өтүнмөлөр Кыргыз Республикасынын патенттик ведомствосуна берилет; Россия Федерациясында жаратылган ойлоп табууларга патент алуу бо-юнча өтүнмөлөр аткаруу бийлигинин федералдык органдарына берилет, ыйга-рым укуктуулар мындай өтүнмөлөрдү Россия Федерациясынын мыйзамдарынаылайык карап чыгышат. 12-статья Интеллектуалдык ишмердүүлүктүн пайдаланылган жана алынган жыйык-тыктарын, анын ичинде аларга карата өзгөчө укуктарды катышуучулардынбири-бирине өткөрүп берүүсү Тараптардын мамлекеттеринин мыйзамдарынажана алардын эл аралык милдеттенмелерине ылайык ишке ашырылат. Муну менен бирге интеллектуалдык ишмердүүлүктүн пайдаланылуучу жа-на алынган жыйынтыктарын, анын ичинде аларга карата өзгөчө укуктардыТараптардын биринин же аскердик-техникалык кызматташуунун катышуучула-рынын үчүнчү тарапка берүүсүнө экинчи Тараптын мамлекетинин жазуужүзүндөгү макулдугусуз жол берилбейт. 13-статья Келишимдерди (контракттарды) аткаруунун жүрүшүндө интеллектуалдыкишмердүүлүктүн пайдаланылган жана алынган жыйынтыктары жөнүндө маалыматаскердик-техникалык кызматташуунун катышуучуларынын бири тарабынан жа-шыруун деп таанылса, ал экинчи катышуучу тарабынан да ушундай деп таа-нылат. Мындай маалымат аскердик-техникалык кызматташуунун катышуучуларытарабынан түзүлүүчү келишимдерде (контракттарда) так көрсөтүлөт, мунуменен бирге аларда жашыруундук режимин камсыз кылуу боюнча иш жүзүндөкөрүлүүчү чаралар жана өз ара милдеттенмелер аныкталат. Россия Федерациясында мамлекеттик сыр болуп эсептелген жана КыргызРеспубликасында мамлекеттик жашыруун сыр болуп эсептелген маалыматтардыбири-бирине берүүнүн жана өз ара коргоонун тартиби өзүнчө макулдашууменен аныкталат. 14-статья Бул Макулдашууга өзүнчө протокол менен таризделүүчү өзгөртүүлөркиргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашманын ажырагыс бөлүгү болуп сана-лат. 15-статья Бул Макулдашууну колдонууга же чечмелөөгө байланыштуу талаш чыкканучурларда Тараптардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү консультацияларды жесүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт. 16-статья Бул Макулдашуу анын күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекеттик ичкижол-жоболорду Тараптар аткаргандыгы жөнүндө акыркы кат жүзүндөгү кабаралынган күндөн тартып күчүнө кирет. Бул Макулдашуу беш жылдык мөөнөткө түзүлөт жана эгерде Тараптардынбири Макулдашуунун кезектеги колдонуулуш мөөнөтү бүткөнгө алты ай кал-ганга чейин аны колдонууну токтотуу ниети жөнүндө экинчи Тарапка дипло-матиялык каналдар боюнча кат жүзүндө кабарлабаса ал кезектеги беш жыл-дык мөөнөткө узартылып турат. Бул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу, эгерде Тараптар башкачамакулдашпаса, ушл Макулдашуунун 10 жана 13-статьяларында караштырылганмилдеттенмелерди аткарууга таасир тийгизбейт. Макулдашуу 2005-жылдын ____________ орус жана кыргыз тилдеринде арбири эки нускада түзүлдү, эки текст тењ бирдей күчкө ээ. Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн