Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 2-августундагы № 344-б
буйругу менен бекитилген Кошумча нарк салыгынын ордун толтуруу боюнча убактылуу комиссиянын иштөө регламенти I. Жалпы жоболор 1. Бул Регламент Кошумча нарк салыгынын ордун толтуруу боюнчаубактылуу комиссиянын (мындан ары - Комиссия) иштөө тартибин, ишти уюш-туруунун негизги эрежелери менен жол-жоболорун аныктайт. Комиссия ко-шумча нарк салыгы боюнча чегерүүлөрдүн, кайтарып берүүлөрдүн жана ордунтолтуруулардын ачык-айкын болушун жакшыртуу максатында түзүлөт. 2. Комиссия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Салык
кодексин, Кыр-гыз Республикасынын өкмөтүнүн 2005-жылдын 29-июнундагы № 269
токтомуменен бекитилген "Салык жана башка төлөмдөр боюнча ашык төлөнгөн сумма-ны бюджеттен чегерүү, кайтарып берүү жана ордун толтуруу тартибижөнүндөгү"
жобону (мындан ары - Жобо), Кыргыз Республикасынын башкамыйзам актыларын жана ушул Регламентти жетекчиликке алат. 3. Комиссиянын курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому ме-нен бекитилет. 4. Комиссиянын ишине төрага, ал жок болуп калса - анын орун басарыжетекчилик кылат. 5. Комиссия ыйгарым укуктарын өз заседаниелеринде жүзөгө ашырат. II. Комиссиянын милдеттери 6. Комиссиянын негизги милдеттери: -
Жободогу 2-бөлүмдүн сегизинчи жана тогузунчу главаларында,5-бөлүмдө аныкталган маселелерди кароо, ал маселелер комиссиянын компе-тенциясына кирет жана аймактык салык органдары тарабынан кабыл алынышымүмкүн эмес; - кошумча нарк салыгы боюнча чегерүү жана ордун толтуруу боюнчажүргүзүлгөн жол-жоболорду инвентаризациялоо жана талдоо; - Жобонун талаптарынын сакталышын көзөмөлгө алуу болуп эсептелет. III. Комиссиянын укуктары 7. Комиссия: - органдардан Комиссиянын компетенциясына кирүүчү маселелер боюнчамаалымат алууга; - ыйгарым укуктуу органдарга Комиссиянын кароосуна берилген мате-риалдар менен маалыматтардын туура экендигин текшерүү боюнча тапшырмаберүүгө; - Комиссиянын компетенциясындагы маселелер боюнча мыйзам актылары-на өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуш киргизүүгө; - кызмат адамдары тартип бузган учурда жана алардын иш-аракеттериКыргыз Республикасынын Салык
кодексинин жана
Жобонун талаптарына тууракелбеген кезде алардын жоопкерчилиги жөнүндө сунуш киргизүүгө; - Комиссияга тиешелүү милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон башкаиштерди жүзөгө ашырууга укуктуу. IV. Комиссиянын иштөө тартиби 8. Комиссиянын заседаниесинде карала турган маселе боюнча матери-алдар Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инс-пекциясы (мындан ары - МСИ) тарабынан
Жобонун талаптарына ылайык даяр-далып, жетекчинин колу коюлуп жазылган тийиштүү кат менен коштолуп су-нуш кылынат. Сунуш кылынган документтер Кыргыз Республикасынын Финансыминистрлигинин жалпы бөлүмүндө катталып, номер коюлуп, боо өткөрүлүпбайланыш керек. Эгерде материалдар көрсөтүлгөн талаптарга жооп бербесе,анда алар кайтарылып берилүүгө тийиш. 9. Материалдар Комиссиянын заседаниесине келип түшкөн кезде, ошон-дой эле маселе каралгандан кийин МСИге кайтарылып берилгенде, атайынжурналга катталат. 10. Чарбакер субъектилердин Комиссиянын кароосуна берилген алгачкыдокументтери маселе каралгандан кийин МСИге кайтарылып берилип, анынсактоосунда болууга тийиш. 11. МСИ Комиссиянын заседаниесине
Жободо көрсөтүлгөн материалдарменен бир эле мезгилде, КНСтин төлөнгөн суммасын бөлүп көрсөтүү менен,ишкананын 50 мињ сомдон ашык суммага сатып алган материалдык ресурста-рынын реестрин, жүзөгө ашырылган берүүлөрдүн реестрин, ошондой эле тек-шерилип жаткан мезгилдеги КНС боюнча декларациялардын көчүрмөлөрүн бе-рет. 12. МСИ материалдар келип түшкөн кезде ал материалдарды кайра кар-жылоого байланыштуу пайда болгон ашык төлөөлөрдүн пайда болуу себебинаныктоо жана ашык төлөөлөр боюнча чегерүүлөрдү болтурбоо үчүн кайракаржылоо боюнча жүргүзүлгөн иштердин реестери менен салыштырат. 13. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук Казы-начылыгы Комиссиянын кароосуна КНСти чегерүүлөрдун толтуруу укугунберүү жөнүндөгү Комиссиянын чечимин аткаруунун жыйынтыгы жөнүндө жумасайын маалымат берип турат. 14. МСИ айдын аягында Комиссиянын кароосуна: - аймактык салык органдарынын кабыл алган чечимдери боюнча салыктөлөөчүлөргө карата 100 мињ сомго чейинки өлчөмдө жүргүзүлгөн че-герүүлөрдүн суммасы жөнүндө; -
Жобонун 27- жана 38-пунктарына ылайык чарбакер субъектилердинтизмеси боюнча 100 мињ сомдон ашык өлчөмдө жүргүзүлгөн чегерүүлөрдүнсуммасы жөнүндө маалыматтарды берип турууга милдеттүү. 15. Эгерде зарыл болуп калса, Комиссия аймактык салык органдарытарабынан кабыл алынган чечимдерди кайрадан текшерет. 16. Комиссиянын заседаниелери ушул Регламентке ылайык, ар бир жу-манын экинчи күнү, документтердин Кыргыз Республикасынын Финансы ми-нистрлигине түшүүсүнө жараша өткөрүлөт. Өтө эле зарыл болуп калса, Ко-миссиянын көпчүлүк мүчөлөрүнүн же төраганын, ал жок болуп калса анынорун басарынын демилгеси боюнча кезексиз заседание чакырылат. 17. Комиссиянын бардык мүчөлөрү катышкан заседание мыйзамдуу болупэсептелет. Кворум болбой калган учурларда заседание Комиссиянын келгенмүчөлөрү же төрага, ал жок болуп калса анын орун басары белгилегенкүнгө жылдырылат. 18. Күн тартибиндеги ар бир маселе боюнча Комиссиянын чечими Ко-миссиянын бардык мүчөлөрүнүн макулдугу менен бир добуштан кабыл алынсамыйзамдуу болуп эсептелет, протокол жазылат, ал протоколго Комиссиянынбардык мүчөлөрү кол коюшат. 19. Маселени карап, чечим кабыл алуунун жүрүшүндө Комиссиянынмүчөлөрү тарабынан айтылган өзгөчө пикирлер протоколго жазылат. 20. Заседаниенин протоколунун көчүрмөсү Комиссиянын мүчөлөрүнөалардын талаптары боюнча берилет. 21. Комиссиянын чечими Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигитарабынан тиешеси бар органдарга жана адамдарга жазуу жүзүндө берилет. 22. Комиссиянын ишин уюштуруучулук-методикалык жана техникалыкжактан камсыз кылууну Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жүзөгөашырат. 23. Күн тартибин кезектеги заседаниеге бир күн калганга чейин Ко-миссиянын мүчөлөрүнө жиберүүнү, заседаниеге тийиштүү материалдарды да-ярдоону, протоколдорду тариздөөнү (бир күндүн ичинде) Комиссиянын кат-чысы жүзөгө ашырат. 24. Комиссиянын протоколго жазылган тапшырмалары Комиссиянын бар-дык мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин структура-сына кирген органдар тарабынан сөзсүз түрдө аткарылышы керек.