Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 29-июнундагы N 269
токтому менен бекитилген Салыктар жана башка төлөмдөр боюнча ашыкча төлөнгөн суммаларды эсепке алуу, бюджеттен кайтарып берүү жана ордун толтуруу жөнүндө ЖОБО Ушул Салыктар жана башка төлөмдөр боюнча ашыкча төлөнгөн суммалар-ды эсепке алуу, бюджеттен кайтарып берүү жана ордун толтуруу жөнүндөЖобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Салык
кодексинин талап-тарына ылайык иштелип чыккан жана салыктарды жана төлөмдөрдү эсепкеалуунун кайтарып берүүнүн жана ордун толтуруунун жол-жоболорун; Казына-лыктын органдары тарабынан салыктарды жана төлөмдөрдү эсепке алуу, кай-тарып берүү жана ордун толтуруу жөнүндө чечимдерди аткарышынын жол-жо-босун; Салыктарды жана төлөмдөрдү эсепке алууга, кайтарууга жана ордунтолтурууга укук берүү жөнүндө маселени кароодо зарыл болгон документ-терди даярдоонун, документтерди жана маалыматты эсепке алуунун тарти-бин; бажы органдарынын кызмат адамдарынын салыктар жана башка төлөмдөрбоюнча ашык төлөнгөн суммаларды эсепке алуу, бюджеттен кайтарып берүүжана ордун толтуруу маселелери боюнча чечимдерине даттануунун тартибинжөнгө салат. Ашык төлөнгөн же ашыкча өндүрүлгөн бажы төлөмдөрүн эсепке алуунун,кайтарып берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдары тара-бынан жөнгө салынат. Жободо пайдаланылган түшүнүктөр: 1. "Кайтарып берүү" - ашыкча төлөнгөн салыктын суммасын салыктөлөөчүнүн эсептешүү эсебине төлөп берүү; 2. "Ордун толтуруу": - Кыргыз Республикасынын Салык
кодексинин 149-статьясына ылайыкКНСтин ставкасы нөлгө барабар болгон жөнөтүүлөр боюнча салыктарды, баш-ка салыктарды жана төлөмдөрдү, анын ичинде бажы төлөмдөрүн төлөөнүнэсебине таандык кылуу; - Кыргыз Республикасынын Салык
кодексинин 149-статьясына ылайыкКНСтин ставкасы нөлгө барабар болгон жөнөтүүлөр боюнча кошумча нарк са-лыгын салык төлөөчүнүн эсептешүү эсебине төлөп берүү; 3. "Утурлама текшерүү" - ыйгарым укуктуу адам тарабынан субъектинианын башка текшерилип жаткан субъект менен финансылык-чарбалык мамиле-син белгилөө максатында гана жүргүзүлгөн кошумча текшерүү. 4. "Салыктар боюнча карыз" - салыктын негизги суммасы, салык боюн-ча пайыздар жана айыптык санкциялар боюнча карызды камтыган карыз жанабюджеттин пайдасына алынуучу башка ар кандай карыз. 5. "SТI-012 формасын түзүү" - Кыргыз Республикасынын Финансы ми-нистрлигинин буйругу менен бекитилген салык боюнча ашыкча төлөөнү башкасалыктык милдеттенменин эсебине чегерүү жөнүндө корутунду. 6. "SТI-013 формасын түзүү" - салык боюнча ашыкча төлөөнү бюджет-тен кайтаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин буй-ругу менен бекитилген корутунду. 7. "Эсепке алуу" - башка салыктарды жана төлөмдөрдү, анын ичиндебажылык төлөмдөрдү төлөөнүн эсебине таандык кылуу, алар: - ашыкча төлөнгөн салыктын суммасын; - жөнөтүүлөр үчүн аталган мезгилде чегерилген кошумча нарк салыгы-нын эсепке алынууга тийиш болгон суммасынан ашып кеткен кошумча нарксалыгынын суммасы. 8. "Эсепке алуу операциялары" - бюджеттик мекемелерге товарлардыберүүчү (жумуштарын аткаруучу, кызматтарды көрсөтүүчү) чарбакер субъек-ттердин салыктар боюнча карыздарын жоюу үчүн бюджеттик мекемелерди мак-саттык каржылоо жана салыктар боюнча ашык төлөнгөндөрдү башка салыктар-дын жана төлөмдөрдүн эсебине чегерүү же кириштөө жолу менен жүргүзүлгөноперациялар; 9. "Арыз" - ушул
Жобонун N 1 тиркемесине ылайык салыктар боюнчаашыкча төлөөнү эсепке алуу, кайтарып берүү жана ордун толтуруу жөнүндөсалык төлөөчүнүн белгиленген үлгүдөгү жазуу жүзүндөгү кайрылуусу. 10. "Товарларды импорттоо" - салык мыйзамдарынын негизинде эркинжүгүртүүгө чыгаруу режимине ылайык Кыргыз Республикасынын бажылык айма-гына товарларды алып келүү. 11. "Комиссия" - кошумча нарк салыгынын ордун толтуруу боюнча ко-миссия, анын курамы жана ишинин регламенти Кыргыз РеепубликасынынӨкмөтүнүн буйругу менен бекитилет. 12. "Салыктык милдеттенме" - Кыргыз Республикасынын Салык
кодекситарабынан мамлекеттик бюджеттин пайдасына билдирилген милдеттүүтөлөмдөрдүн суммасынын салык кызматы тарабынан салык төлөөчүгө коюлушу,ошондой эле салык төлөөчүнүн Кыргыз Республикасынын Салык кодексиндеаныкталган милдеттери. 13. "Салык органы" - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мам-лекеттик салык инспекциясынын шаарлар, райондор боюнча мамлекеттик са-лык инспекциялары жана ири салык төлөөчүлөргө жана тышкы экономикалыкиштин катышуучуларына контролдук жүргүзүү боюнча башкарма. 14. "Иликтөө" - салыктар боюнча ашыкча төлөөнүн түзүлгөндүгүнүннегиздүүлүгүн аныктоого байланыштуу иш-чаралардын комплекси. 15. "Тизме" - ыйгарым укуктуу органдын баалоо системасынын крите-рийлерине ылайык берген сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнбуйругу менен бекитилчү салык төлөөчүлөрдүн тизмеси, ага өндүрүштүкциклинде экспортко арналган продукцияларды (жумуштарды жана кызматтар-ды) өндүрүү үчүн жабдууларды, сырьену, материалдарды жана комплек-тилөөчү буюмдарды пайдаланган, ошондой эле "жашыруун" деген гриф мененаскердик-техникалык багыттагы продукцияны чыгарган чарба жүргүзүүчүсубъектилер жана жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү эл аралык ташуучу ишкана-лар кирет. 16. "Чектелген мөөнөттөр" - салык төлөөчү Кыргыз РеспубликасынынСалык
кодексинин 38-статьясына ылайык салыктык мезгил аяктагандан кийинүч жылдын ичинде төлөмдү кайтарып берүү же аны башка салыктык милдет-тенмеге таандык кылуу жөнүндө талап менен кайрылуу укугу. 17. "КРБ" - казыналыктын региондук бөлүмү. 18. "Эсептик фактура" - катуу отчеттуулуктагы бланк, ал КыргызРеспубликасынын Салык
кодексинин 156-статьясынын негизинде салык салы-нуучу жөнөтүүгө байланыштуу берилет. 19. "Бажы төлөмдөрү" - бажы алымы, ошондой эле бажы органдары та-рабынан белгиленген тартипте алынуучу салыктар. 20. "Ыйгарым укуктуу орган" - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ка-раштуу Мамлекеттик салык инспекциясы. 21. "Ыйгарым укуктуу адам" - Ыйгарым укуктуу органдын жана анынжер-жерлердеги органдарынын ошол органдын жетекчиси тарабынан өзүнүнфункциясын аткарууга ыйгарым укук берилген кызматкери. 22. "БК" - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордукказыналыгы. 23. "Товарларды экспорттоо" - салык салынуучу субъект тарабынантоварларды Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинде аныкталган "Экспорт"деген бажы режиминде жөнөтүү. Ушул жободо пайдаланылган башка түшүнүктөр Кыргыз РеспубликасынынСалык
кодексинде аныкталган мааниде чечмеленет. 1-БӨЛҮМ ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР 1-глава Салыктардын бюджетке ашыкча төлөнгөн суммаларын эсепке алуу жана кайтарып берүү 1. Иш жүзүндө төлөнгөн салыктардын суммасы салыктардын чегерилгенсуммасынан ашып кеткен учурда (мындан ары - салыктар боюнча ашыкчатөлөө), ашыкча төлөнгөн сумма төмөндөгүдөй эсепке алынат: 1.1. салык боюнча ашыкча төлөө салык төлөөчүнүн салык кызматы та-рабынан алынуучу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин алдында-гы ар кандай салыктык милдеттенмелеринин эсебине таандык кылынат; 1.2. салык төлөөчүнүн арызына ылайык салык боюнча ашыкча төлөө ба-жы төлөмдөрү боюнча келип чыккан милдеттенмелердин эсебине таандык кы-лынат. Салыктар боюнча ашыкча төлөөлөрдү алдыдагы бажылык төлөмдөрдүтөлөөнүн эсебине киргизүүгө жол берилбейт. 1.3. салык төлөөчүнүн арызына ылайык ушул Жобонун 1.1. жана1.2-пунктчалары аткарылгандан кийин калган ар кандай ашыкча төлөө салыктөлөөчүнүн салык кызматы тарабынан алынуучу салыктык төлөмдөрүнүн аркандай түрлөрүнүн алдыдагы учурдук төлөмдөрүнүн эсебине эсептелет. 1.4. Ушул Жобонун 1.1., 1.2. жана 1.3-пунктчалары аткарылганданкийин калган ар кандай ашыкча төлөө арыз берилген учурда салыктөлөөчүнүн эсептешүү эсебине кайтарылууга тийиш. 2. Ар кандай эсептик операциялардын эсебинен түзүлгөн салыктар бо-юнча ашыкча төлөө салык төлөөчүнүн эсептешүү эсебине кайтарылбайт жа-на/же бажы төлөмдөрүн төлөөнүн эсебине алынбайт. 3. Салыктар боюнча ашыкча төлөө үчүнчү жактын ар кандай милдеттен-мелери боюнча эсепке алынбайт жана кайтарылбайт. 4. Кыргыз Республикасынын Салык
кодексинин 125, 126 жана159-статьяларына ылайык кошумча нарк салыгы боюнча ашыкча төлөөнү кепкеалуунун, кайтарып берүүнүн жана ордун толтуруунун маселелери ушул Жобо-нун 2 жана 3-главалары тарабынан жөнгө салынат. 2-глава. Жөнөтүүлөр үчүн КНСтин суммасынан ашып кеткен КНСтин суммасына эсепке алуу 5. Эсепке алынууга тийиш болгон КНСтин суммасы белгилүү салыктыкмезгил үчүн ушул мезгилде жөнөтүүлөр үчүн чегерилген КНСтин суммасынанашып кетсе, (мындан ары - КНС боюнча ашыкча төлөө) ашып кетүүнүн сумма-сы Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 125 жана 126-статьяларынаылайык төмөндөгүдөй эсепке алынат. 5.1. КНС боюнча ашыкча төлөө арызсыз эле салык төлөөчүнүн КНС бо-юнча пайыздар жана финансылык санкциялар боюнча карызын төлөөнүн зсеби-не эсептелет; 5.2. КНС боюнча ашыкча төлөө КНС боюнча кийинки салыктык мезгилде-ги КНСти төлөөнүн зсебине эсептелет. 5.3. арыздын негизинде КНС боюнча ашыкча төлөө салык төлөөчүнүнбашка салыктар боюнча, анын ичинде бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча келипчыккан милдеттенмелерин төлөөнүн эсебине эсептелет. КНС боюнча ашыкча төлөөнү алдыдагы бажы төлөмдөрүн төлөөнүн эсеби-не зсептөөгө жол берилбейт. 6. Сатылып алынган материалдык ресурстар боюнча чектелген эсепкеалуунун зсебинен түзүлгөн КНС боюнча ашык төлөөнү салык төлөөчүнүнэсептешүү зсебине кайтарып берүүгө жол берилбейт. 7. Ар кандай эсептик операциялардын эсебинен түзүлгөн КНС боюнчаашыкча төлөө салык төлөөчүнүн эсептешүү эсебине жана/же башкытөлөмдөрүн төлөөнүн эсебине алынбайт. 8. КНС боюнча ашыкча төлөө үчүнчү жактын ар кандай милдеттенмелерибоюнча эсепке алынууга жана кайтарылууга жатпайт. 3-глава Ставкасы нөлгө барабар жөнөтүүлөр боюнча КНСтин суммасынын ордун толтуруу 9. Кыргыз Республикасынын Салык
кодексинин 149-статьясына ылайыкставкасы нөлгө барабар жөнөтүүнүн эсебинен түзүлгөн КНС боюнча ашыкчатөлөө (мындан ары - КНС боюнча ашыкча төлөө) төмөндөгүдөй түрдө ордутолтурулат: 9.1. КНС боюнча ашыкча төлөө арызсыз эле КНС боюнча пайыздарды жа-на финансылык санкцияларды тындыруунун эсебине орду толтурулат; 9.2. КНС боюнча ашыкча төлөө КНС боюнча кийинки салыктык мезгилде-ги КНСти төлөөнүн эсебине орду толтурулат; 9.3. арыздын негизинде КНС боюнча ашыкча төлөө башка салыктар бо-юнча карызды тындыруунун эсебине, ошондой эле бажы төлөмдөрү боюнча ке-лип чыккан милдеттенмелерди төлөөнүн эсебине орду толтурулат. КНС боюнча ашыкча төлөөнү алдыдагы бажылык төлөмдөрдү төлөөнүнэсебине ордун толтурууга жол берилбейт; 9.4. арызын негизинде КНС боюнча ашыкча төлөө отчеттук айдагы баш-ка салыктар боюнча төлөнүүгө тийиш болгон учурдук төлөмдөрдүн эсебинеорду толтурулат; 9.5. ушул Жобонун 9.1., 9.3. жана 9.4-пунктчалары аткарылганданкийин калган ставкасы нөлгө барабар жөнөтүүлөрдүн эсебинен түзүлгөн КНСбоюнча ашыкча төлөө арыздын негизинде, ушул Жобонун 34 жана 35-пунктча-ларынын талаптарына ылайык салык төлөөчүнүн эсептешүү эсебине орду тол-турулууга тийиш. 10. Сатылып алынган матераилдык ресурстар боюнча чектелген эсепкеалуунун эсебинен түзүлгөн КНС боюнча ашык төлөөнү салык төлөөчүнүнэсептешүү эсебине ордун толтурууга жол берилбейт. 11. КНС боюнча ашыкча төлөө үчүнчү жактын ар кандай милдеттенмеле-ри боюнча эсепке алынбайт жана орду толтурулбайт. 2-БӨЛҮМ САЛЫКТАР ЖАНА БАШКА ТӨЛӨМДӨР БОЮНЧА АШЫКЧА ТӨЛӨНГӨН СУММАЛАРДЫ ЭСЕПКЕ АЛУУНУН, КАЙТАРЫП БЕРҮҮНҮН ЖАНА БЮДЖЕТТЕН ОРДУН ТОЛТУРУУНУН ТАРТИБИ 4-глава Салыктар боюнча ашыкча төлөөнү салык төлөөчүнүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин алдындагы ар кандай салыктык милдеттенмелеринин эсебине эсепке алуу 12. Салыктар боюнча ашыкча төлөөнү ушул Жобонун 1.1-пунктчасынаылайык салык төлөөчүнүн мамлекеттик бюджеттин алдындагы ар кандай са-лыктык милдеттенмелеринин эсебине эсепке алуу жөнүндө чечим салыктөлөөчүнүн арызсыз эле, салык боюнча ашыкча төлөө түзүлгөн күндөн тар-тып 5 календарлык күн аяктагандан кийин кабыл алынат. 13. Ушул Жобонун 1.2-пунктчасына ылайык бажы төлөмдөрү боюнча ке-лип чыккан милдеттенмелерди төлөөнүн эсебине салыктар боюнча ашыкчатөлөөнү эсепке алуу салык төлөөчүнүн арызынын негизинде жүргүзүлөт. 14. Салык органы SТI-012 формасындагы корутундуну жазып берет,анын бир нускасы Казыналыктын органдары тарабынан аткарылгандан кийинсалык төлөөчүгө берилет. Корутунду жазып берүү үчүн негиз иликтөөнүннатыйжалары болуп саналат. Өздүк эсептин карточкалары, берилген салыктык эсептөөлөр, отчетторжана декларациялар, ошондой эле салыктык төлөм тапшырмалары, салыктардымамлекеттик бюджетке төгүүнү ырастаган мемориалдык ордерлер иликтенүүгөтийиш. 15. Салык төлөөчүнүн салыктар боюнча ашыкча төлөөсү салыктардын,пайыздардын жана финансылык санкциялардын ар бир түрү боюнча өзүнчө ка-рызды төлөөнүн зсебине эсептелет. 5-глава Салыктар боюнча ашыкча төлөөлөрдү алдыдагы төлөмдөрдүн эсебине киргизүү 16. Ушул Жобонун 1.3-пунктчасына ылайык салыктар боюнча ашыкчатөлөөнү алдыдагы агымдагы төлөмдөрдүн эсебине киргизүү жөнүндө чечимушул Жобонун 1.3-пунктчасына ылайык ал берилген күндөн тартып 5 кален-дарлык күндүн ичинде берилген салык төлөөчүнүн арызы болгон учурда, са-лык органы тарабынан кабыл алынат. 17. Салык органы SТI-012 формасы, анын бир нускасы казыналыктыноргандары тарабынан аткарылгандан кийин салык төлөөчүгө берилет. Кору-тунду жазып берүү үчүн негиз иликтөөнүн натыйжалары болуп саналат. Өздүк эсептин карточкалары, берилген салыктык эсептөөлөр, Отчетторжана декларациялар, ошондой эле салыктык төлөм тапшырмалары, салыктардымамлекеттик бюджетке төгүүнү ырастаган мемориалдык ордерлер иликтенүүгөтийиш. 6-глава Салыктар боюнча ашыкча төлөөнү кайтарып берүү 18. Ушул Жобонун 1.4-пунктчасына ылайык салыктар боюнча ашыкчатөлөнгөн суммаларды кайтарып берүү жөнүндө чечим салык төлөөчүнүн арызыболгондо салык органы тарабынан кабыл алынат. 19. Салык органы SТI-013 формасындагы корутундуну жазат, анын бирнускасы казыналыктын органдары тарабынан аткарылгандан кийин салыктөлөөчүгө берилет. Корутунду жазып берүү үчүн негиз иликтөөнүн натыйжа-лары болот. Берилген салыктык эсептер, отчеттор жана декларациялар, ошондойэле салыктык төлөм тапшырмалары, салыктын мамлекеттик бюджеткетөлөнгөндүгүн ырастаган мемориалдык ордерлер иликтенүүгө тийиш. 20. Ар кандай салык боюнча ашыкча төлөнгөн сумма арыз берилгенкүндөн тартып 30 календарлык күндөн кечиктирилбестен төлөнүүгө тийиш.Мында ушул Жобонун 1.2. жана 1.3-пунктчалары аткарылгандан кийин калганар кандай сумма салыктар боюнча ашыкча төлөнгөн сумма деп түшүнүлөт. 21. Эгерде салыктын ашык төлөнгөн суммасы ушул Жобонун 20-пунктча-сына ылайык 30 күндөн кийин төлөнсө, Кыргыз Республикасынын Финансы ми-нистрлиги Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик ставкасы бо-юнча ар бир мөөнөтү өткөн күн үчүн пайыздарды төлөйт. 22. Ушул Жобонун 20-пунктчасына ылайык салыктар боюнча ашыкчатөлөнгөн сумманы кайтарып берүү укугу, эгерде салык төлөөчүнүн КыргызРеспубликасынын мамлекеттик бюджетинин алдында карызы болсо, анын ичин-де бажылык төлөмдөр боюнча карызы болсо, берилбейт. 7-глава КНС боюнча ашыкча төлөөнү эсепке алуу жана аны кийинки салыктык мезгилдеги КНСти төлөөнүн эсебине ордун толтуруу 23. КНС боюнча ашыкча төлөөнү 5.1. жана 9.1-пунктчаларга ылайыкпайыздар жана финансылык санкциялар боюнча карызды тындыруунун эсебинеалуу жана ордун толтуруу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Салык
ко-дексинин 47-статьясына ылайык арызсыз эле кабыл алынат. 24. Ушул Жобонун 5.2. жана 9.2-пунктчаларына ылайык КНС боюнчаашыкча төлөөнү кийинки салыктык мезгилдеги КНСке эсепке алуу жана ордунтолтуруу жөнүндө чечим салык органы тарабынан Кыргыз РеспубликасынынСалык кодексинин 125-статьясына ылайык арызсыз эле кабыл алынат. 8-глава КНС боюнча ашыкча төлөөнү башка салыктар жана бажылык төлөмдөр боюнча карызды төлөөнүн эсебине алуу жана ордун толтуруу 25. КНС боюнча ашыкча төлөөнү башка салыктар, анын ичинде ушул Жо-бонун 5.3., 9. жана 9.4-пунктчаларына ылайык бажылык төлөмдөр боюнчакарыздардын эсебине алуу жана ордун толтуруу жөнүндө чечим салыктардынар бир түрү боюнча 100,0 мињ сомго чейинки суммалар боюнча салык органытарабынан салык төлөөчүнүн арызы болгондо Тизмеге киргизилген салыктөлөөчүлөрдөн башка салык төлөөчүлөр үчүн КНС боюнча ашыкча төлөнгөнсумманын түзүлүшүнүн негиздүүлүгү маселеси боюнча милдеттүү текшерүүжүргүзүлгөндөн кийин кабыл алынат. Мында салык органы ушул Жобонун 47-пунктунун талаптарына ылайыкушул Жобонун 78-пунктунда аныкталган, салык төлөөчү тарабынан берилгендокументтердин көчүрмөлөрүнө иликтөө жүргүзөт жана өзүндө сактайт.Ушундай материалдарды сактоо, архивге өткөрүү жана жок кылуу КыргызРеспубликасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. 26. КНС боюнча ашыкча төлөөнү башка салыктардын, анын ичинде ушулЖобонун 5.3., 9.3. жана 9.4-пунктчаларына ылайык бажы төлөмдөрү боюнчакарызды төлөөнүн эсебине алуу жана ордун толтуруу жөнүндө чечим 100,0мињ сомдон ашык сумма боюнча ушул Жобонун 49-пунктчасына ылайык ыйгарымукуктуу орган тарабынан берилген материалдардын негизинде кабыл алынат. 27. Салык органы ушул Жобонун 57-пунктуна ылайык Тизмеге киргизил-ген салык төлөөчүлөр боюнча 100,0 мињ сомдон ашык КНС боюнча ашыкчатөлөөнү эсепке алуу, ордун толтуруу жөнүндө чечимди салык төлөөчүнүнарызы жана ушул Жобонун 54, 55 жана 56-пункттарында көрсөтүлгөн доку-менттер берилгенде иликтөө жүргүзбөстөн эле чечим кабыл алат. Тизмеге киргизилген салык төлөөчүлөрдүн КНС боюнча ашыкчатөлөөсүнүн түзүлгөндүгүнүн негиздүүлүгүн ырастоо максатында иликтөөжүргүзүү Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 13-статьясына ылайыксалыктык текшерүүнүн учурунда жүргүзүлөт. 28. Тизмеге киргизүү үчүн баалоо системасынын критерийлери Ыйгарымукуктуу орган тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн буйругу менен бекитилет. 29. Салык төлөөчүнүн КНС боюнча ашыкча төлөөсү салыктардын ар биртүрү, пайыздар жана финансылык санкциялар боюнча өзүнчө карыздытөлөөнүн эсебине эсептелет. Биринчи кезекте адегенде келип чыккан мил-деттенмелер тындырылат. 30. Салык органы салык төлөөчүнүн арызынын негизинде КНС боюнчаашыкча төлөөнүн түзүлүшүн ырастоо максатында алдын ала иликтөөжүргүзүшү мүмкүн. 31. Ушул Жобонун 30-пунктуна ылайык КНС боюнча ырасталган ашыкчатөлөөнү зсепке алуу жана ордун толтуруу жөнүндө чечим ушул Жобонун 25,26 жана 27-пункттарына ылайык кабыл алынат. 32. Кабыл алынган чечимдин негизинде салык органы 100,0 мињ сомгочейинки сумма боюнча SТI-012 формада бардык салык төлөөчүлөр боюнча ко-рутунду жазып берет жана аны казыналыктын региондук бөлүмдөрүнө аткарууүчүн жиберет. Ал казыналыктын органдары тарабынан аткарылгандан кийинанын бир нускасы салык төлөөчүгө берилет. 33. 100,0 мин сомдон ашык сумма боюнча салык органы Комиссия тара-бынан тиешелүү чечим кабыл алынгандан кийин кошумча нарк салыгынын ор-дун толтуруу боюнча 2 календарлык күндөн кечиктирбестен SТI-012 форма-дагы корутундуну жазып берет жана ушул Жобонун 67-69-пункттарынын та-лаптарына ылайык КРБга же Борбордук казыналыкка аткаруу үчүн жиберет.Казыналыктын органдары тарабынан аткарылгандан кийин корутундунун бирнускасы салык төлөөчүгө берилет. 9-глава Нөлгө барабар жөнөтүүлөрдүн эсебинен түзүлгөн КНС боюнча ашыкча төлөөнү салык төлөөчүнүн эсептешүү эсебине ордун толтуруу 34. Эгерде Кыргыз Республикасынын Салык
кодексинин 149-статьясынаылайык салык төлөөчү КНСтин нөлгө барабар ставкасы боюнча салык салыну-учу жөнөтүүлөрдү жүзөгө ашырса, жөнөтүүлөрдүн жалпы көлөмүндө ушундайжөнөтүүлөр басымдуулук кылса, салык төлөөчү КНС боюнча ашыкча төлөөнүбюджеттен ордун толтуруп алууга укуктуу болот. 35. КНСтин нөлгө барабар ставкасы боюнча салык салынуучужөнөтүүлөр, эгерде ушундай жөнөтүүлөр удаалаш 6 айдын ичинде бир жанаандан ашык жолу жүзөгө ашырылса, жана ушул айлардын ичинде жүзөгө ашы-рылган жөнөтүүлөрдүн көлөмү 50 пайыздан ашык болсо ушундай чечим кабылалынат. 36. Нөлгө барабар ставкалардан КНС боюнча түзүлгөн, айына 100,0мињ сомго чейинки суммадагы ашык төлөөнү ушул Жобонун 9.5-пунктчасынаылайык салык төлөөчүнүн эсебине ордун толтуруу жөнүндө чечимди салыкорганы арыз берилген шартта, салык төлөөчүнүн КНС боюнча ашык төлөөсуммасы жаралгандыгынын негиздүүлүгү жөнүндө маселе боюнча отчетун мил-деттүү текшергенден кийин кабыл алат. Мында салык органы ушул Жобонун 47-пунктунун талаптарына ылайыкушул Жобонун 78-пунктунда аныкталган документтердин берилгенкөчүрмөлөрүнө иликтөө жүргүзөт жана аларды өзүндө сактап турат. Ушундайматериалдарды сактоо, архивге өткөрүү жана жок кылуу Кыргыз Республика-сынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. 37. Нөлгө барабар ставкалардан КНС боюнча түзүлгөн, айына 100,0мињ сомдон ашык төлөөнү ушул Жобонун 9.5-пунктчасына ылайык салыктөлөөчүнүн расчеттук эсебине ордун толтуруу жөнүндө чечимди КомиссияЫйгарым укуктуу орган ушул Жобонун 49-пунктуна ылайык тапшырган матери-алдардын негизинде чыгарат. 38. Салык органы тизмеге киргизилген салык төлөөчүлөрдүн арызы жа-на ушул Жобонун 54, 55 жана 56-пункттарында көрсөтүлгөн документтер бе-рилген учурда нөлгө барабар болгон жөнөтүүлөрдүн эсебинен КНС боюнча100,0 мињ сомдон ашык суммадагы ашыкча төлөөнүн ордун толтуруу жөнүндөиликтөө жүргүзбөстөн өз алдынча чечим кабыл алууга укуктуу. Тизмеге киргизилген салык төлөөчүлөрдүн КНС боюнча ашыкчатөлөөлөрүнүн түзүлүшүнүн негиздүүлүгүн ырастоо максатында иликтөө са-лыктык текшерүүнүн учурунда Кыргыз Республикасынын Салык
кодексинин13-статьясына ылайык жүргүзүлөт. 39. Салык органы чыгарылган чечимдин негизинде 100,0 мињ сомго че-йинки суммалар боюнча SТI-013 формасы боюнча корутунду жазып берет жанааны аткаруу үчүн КРБга жиберет. Корутунду казыналыктын органдары тара-бынан аткарылгандан кийин анын бир нускасы салык төлөөчүгө берилет. 40. 100,0 мињ сомдон ашык суммалар боюнча Комиссия тарабынан тие-шелүү чечим кабыл алынгандан кийин салык органы 2 календарлык күндөнкечиктирбестен SТI-013 формадагы корутундуну жазат жана аны ушул Жобо-нун 67-69-пунктарына ылайык КРБга же БКга аткаруу үчүн жибиерет. 41. Нөлгө барабар жөнөтүүлөрдүн эсебинен КНС боюнча ашык төлөнгөнсумма арыз берилген күндөн тартып 30 календарлык күндөн кечиктирилбес-тен төлөнүүгө тийиш. Мында нөлгө барабар жөнөтүүлөрдүн эсебинен КНС бо-юнча ашыкча төлөнгөн сумма деп ушул Жобонун 9.1., 9.3. жана 9.4-пунк-тчалары аткарылгандан кийин калган ар кандай сумма түшүнүлөт. 42. Эгерде нөлгө барабар жөнөтүүлөрдүн эсебинен КНС боюнча ашыкчатөлөөнүн суммасы ушул Жобонун 41-пунктчасына ылайык 30 күндүк мөөнөтөткөндөн кийин төлөнсө, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигимөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынынэсептик ставкасы боюнча пайыздарды төлөп берет. 43. Ушул Жобонун 41-пунктчасына ылайык, нөлгө барабаржөнөтүүлөрдүн эсебинен КНС боюнча ашыкча төлөөнү кайтарып берүү укугуэгерде салык төлөөчүнүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджеттиналдында, анын ичинде бажы төлөмдөрү боюнча карызы болсо, берилбейт. 3-БӨЛҮМ КНС БОЮНЧА АШЫКЧА ТӨЛӨӨНҮ ЭСЕПКЕ АЛУУНУН, КАЙТАРЫП БЕРҮҮНҮН ЖАНА ОРДУН ТОЛТУРУУНУН ЖОЛ-ЖОБОСУ 10-глава КНС боюнча ашыкча төлөөнү эсепке алуу жана ордун толтуруу жөнүндө арыз боюнча салык төлөөчүнүн жана салык органынын аракеттеринин тартиби 44. Ушул Жобонун 5.3., 9.3. жана 9.4-пунктчаларына ылайык КНС бо-юнча ашыкча төлөөнү башка салыктардын эсебине, анын ичинде бажы тө-лөмдөрүнө эсепке алуу же ордун толтуруу жөнүндө арыз салык органына бе-рилгенде же болбосо эсептешүү эсебинде ордун толтуруу жөнүндө ушул Жо-бонун 9.5-пунктчасына ылайык арыз берилгенде салык төлөөчү ушул Жобонун78-пунктуна ылайык мөөр менен ырасталган документтердин көчүрмөсүнберүүгө тийиш. 45. КНС боюнча ашыкча төлөө эсепке алынганда жана орду толтурул-ганда салык төлөөчү салык органына ушул Жобонун карата N 2 тиркемесинеылайык бажылык тариздөө жүргүзгөн бажы органынын бажы төлөмдөрүн төлөөбоюнча милдеттенмелердин келип чыгышы жөнүндөгү белгиленген үлгүдөгүсправкасын берүүгө милдеттүү. Мындай справка бажы органы тарабынан салык төлөөчү товарлар жанатранспорт каражаттары Кыргыз Республикасынын аймагына иш жүзүндө келиптүшкөндө 2 календарлык күндөн кечиктирбестен кайрылгандан кийин, аларгакарата товарды коштоочу документтер жана Кыргыз Республикасынын бажыоргандары тарабынан алынуучу бажылык төлөмдөрдү төлөө боюнча келип чык-кан милдеттенмелер боюнча документ болгондо жүргүзүлөт. 46. КНС боюнча ашыкча төлөөнүн ордун салык төлөөчүнүн зсептешүүэсебине толтурууда салык төлөөчү салык органына Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясынын бажы алымдары, айыпакылар, үстөктөр жана пайыздар боюнча карызынын жок экендиги жөнүндөсправкасын берүүгө тийиш. 47. Салык органы КНС боюнча ашыкча төлөөнүн түзүлгөндүгүнүн не-гиздүүлүгүн ырастоо максатында төмөнкүлөргө милдеттүү: 47.1. арыз берилген күндөн тартып 10 календарлык күндүн ичинде са-лык төлөөчү тарабынан берилген документтерди изилдөөгө, анын натыйжала-ры справка менен таризделүүгө тийиш. 47.2. иликтөөнүн справкасында төмөндөгүлөр көрсөтүлөт: - салык төлөөчүнүн өздүк эсебинин карточкасында чагылдырылган маа-лыматтын жана ал тарабынан КНС боюнча берилген отчеттордун тууралыгы; - иликтелген мезгилдеги КНС боюнча ашыкча төлөөнүн мурда ишке ашы-рылган эсепке алууларынын, кайтарып берүүлөрүнүн жана ордун толтуруула-рынын суммасы; - салык төлөөчүнүн башка салыктар, анын ичинде бажы төлөмдөрү бо-юнча келип чыккан милдеттенмелери боюнча карызынын бар экендиги; - КНС боюнча ашыкча төлөөнүн келип чыгышынын себептери; - иликтелген мезгилдеги мурда жүргүзүлгөн салыктык текшерүүлөрдүннатыйжасы; - салык түзүүчү көрсөткүчтөрдү изилдөөнүн жыйынтыгында чыккан маа-лыматтарды салык төлөөчү тарабынан берилген отчеттордун маалыматтарына(берилген баштапкы документтердин) салыштыруунун жыйынтыгы; - салык төлөөчү салык салынуучу жиберүүлөр боюнча ушул Жобонун78-пунктуна ылайык берген КНС боюнча эсеп-фактуралардын реестрин мурдаалынган, пайдаланылган жана салык органдарында сакталып турган КНСэсеп-фактураларынын маалыматтарына салыштыруунун жыйынтыгы; - сатып алынган материалдык ресурстар боюнча эсепке алынууга тийишболгон КНСти төлөөнүн фактысын ырастаган документтерди изилдөөнүн на-тыйжалары; - ашыкча төлөөнү эсепке алуу, кайтарып берүү жана (же) ордун тол-туруу маселесин чечүү үчүн документтерди берген салык төлөөчүнүн даре-гине ал тарабынан жүзөгө ашырылган жөнөтүүлөрдүн аныктыгынын маселесибоюнча салык салынуучу субъектилерди утурлап текшерүүнүн натыйжаларычагылдырылат. - субъектилерди утурлап текшерүү иликтелип жаткан мезгилде эсепкеалынган КНСтин жалпы суммасынын 5 жана андан ашык пайызын түзгөн саты-лып алынган материалдык ресурстар боюнча эсепке алынууга тийиш болгонКНСти жөнөтүүчүлөр боюнча милдеттүү тартипте жүргүзүлөт; - сатып алууда КНС боюнча ашык төлөө суммасы түзүлгөн товардык-ма-териалдык баалуулуктардын, даяр продукциянын калдыктарын жана баланстатурган негизги каражаттардын калдыгын текшерүүнүн жыйынтыгы; - салык төлөөчү жүргүзгөн экспорттук жиберүүлөрдүн аныктыгын ырас-тоо максатында КМШга катышкан мамлекеттердин жана үчүнчү өлкөлөрдүн са-лык жана бажы органдарына (ыйгарым укуктуу орган аркылуу) жиберилгенсуроонун жыйынтыгы; 47.3. изилдөөнүн справкасын түзүүгө тийиш, анын ар бир нускасыизилдөөнү жүргүзгөн салык органынын ыйгарым укуктуу адамы, салык орга-нынын башчысы жана салык төлөөчү (жетекчи) тарабынан кол коюлууга жанасалык органынын гербдүү мөөрү жана салык төлөөчүнүн мөөрү мененкүбөлөндүрүлүүгө тийиш; 47.4. салык төлөөчүгө ал арыз берген учурдан тартып 10 календарлыккүндөн ашпаган мезгилдин ичинде иликтөө тууралуу справканы берүүгө ти-йиш. Иликтөө тууралуу справка 3 нускада түзүлөт; 47.5. салык төлөөчү экспорттук жөнөтүүлөрдү жүзөгө ашырганда зарылучурда ыйгарым укуктуу орган аркылуу ушундай жөнөтүүлөрдү ырастоо мак-сатында КМШга катышкан мамлекеттердин жана үчүнчү өлкөлөрдүн салык жанабажы органдарына суроо жиберүүгө тийиш; 47.6. салык төлөөчү "жашыруун" деген грифтеги аскердиктехникалыкбагыттагы продукцияны экспортко жөнөткөндө, ушундай жөнөтүүлөрдү ырас-тоо максатында ыйгарым укуктуу орган аркылуу Кыргыз РеспубликасынынУлуттук коопсуздук кызматына суроо берүүгө тийиш; 47.7. суроодо төмөнкүдөй маалыматтар болууга тийиш: - жөнөтүүчүнүн жана алуучунун аталышы; - жөнөткөн өлкө жана жеткириле турган өлкө жөнүндө жүктүк бажыдекларациясынын справкалык номерлерин көрсөтүү менен бажылык та-риздөөнүн датасы; - экспорттолгон товардын аталыштары; - экспорттолгон товардын саны жана наркы; - келишимге (контрактка) ылайык экспорттолгон товар үчүн акытөлөөнүн фактысын (акчалай каражаттар менен же болбосо натуралай түрдөтоварлар, жумуштар, кызматтар менен) ырастаган документ жөнүндө маалы-мат; 47.8. документтер ушул Жобонун талаптарына 100,0 мињ сомдон ашыксуммалар боюнча ылайык келген учурда, салык органы материалдарды кошум-ча нарк салыгынын ордун толтуруу боюнча Комиссияга берүү үчүн ыйгарымукуктуу органдын кароосуна жиберет. Ал материалдарда төмөнкүлөр болууга тийиш: - салык төлөөчүнүн арызынын көчүрмөсү; - КНС боюнча ашыкча төлөө бажы төлөмдөрүнүн эсебине алынганда жанаорду толтурулганда, бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттенменин келипчыгышы жөнүндө бажылык тариздөө жүргүзгөн бажы органынын справкасынынтүп нускасы; - КНС боюнча ашыкча төлөө салык төлөөчүнүн эсептешүү эсебине ордутолтурулганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик бажыинспекциясынын бажы төлөмдөрү, айып акылар, үстөктөр жана пайыздар бо-юнча карыздын жок экендиги жөнүндөгү справкасынын түп-нускасы; - текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө справка; - жүргүзүлгөн утурлама текшерүүлөр жөнүндө справка; - КНС боюнча ашыкча төлөө (иликтелген мезгилдеги) түзүлгөн мезгил-ди камтыган мурда жүргүзүлгөн салыктык текшерүүлөрдүн материалдарынынкөчүрмөсү; - салык төлөөчүнүн иликтелген мезгилдеги КНС боюнча берген отчет-торунун көчүрмөлөрү; - иликтелип жаткан мезгилде "Салыктын жањылыш кептелгендигин ыкты-ярдуу таануу жөнүндө" эсептердин көчүрмөлөрү (берилген фактылар боюн-ча); - салык төлөөчүнүн өздүк эсебинин КНС жана башка салыктар боюнчакарточкасынын салык органынын башчысынын колу коюлган жана салык орга-нынын гербдүү мөөрү менен бекитилген карточкасы; - ушул Жобонун 78-пунктунда көрсөтүлгөн документтердинкөчүрмөлөрү. 48. Ыйгарым укуктуу орган материалдар түшкөн учурдан тартып 6 ка-лендарлык күндөн ашпаган мезгилде берилген документтердин толуктугу жа-на тууралыгы боюнча кароону жүзөгө ашырат. 49. Берилген материалдар ушул Жобонун талаптарына ылайык келгендеыйгарым укуктуу орган аларды комиссиянын кароосуна жиберет. Материалдар ылайык келбеген учурда алар салык төлөөчүгө салык ор-ганы аркылуу андан ары кабарлоо максатында анын себептерин көрсөтүү ме-нен кайтарылат, мында арызды кароонун мөөнөтү токтотула турат. 50. Комиссия КНС боюнча ашыкча төлөөнү эсепке алуу жана ордун тол-туруу жөнүндө укукту берүү же бербөө жөнүндө материалдар келип түшкөнучурдан тартып 7 календарлык күндөн ашпаган мөөнөттө чечим чыгаруугатийиш. Комиссиянын чечими протоколго жазылат жана комиссиянын бардыкмүчөлөрүнүн колдору коюлат. Комиссия кабыл алынган чечим жөнүндө салык төлөөчүгө салык органытарабынан андан ары кабарлоо максатында ыйгарым укуктуу органга жибе-рет. 51. Иликтөө жүзөгө ашырылганда салык төлөөчү салык органынын ыйга-рым укуктуу адамынын бухгалтердик документтерге мүмкүнчүлүк алышын кам-сыз кылууга тийиш. 52. Ушул Жобого ылайык салык төлөөчү тарабынан ашыкча төлөөнүнтүзүлгөндүгүнүн негиздүүлүгүнүн маселеси боюнча берилген документтеринизилдөө Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 13-статьясына ылайыкжүргүзүлгөн салыктык текшерүү болуп саналбайт. 53. Ыйгарым укуктуу органга берилген материалдар топтолуучу кагаз-дардагы документтердин реестрине хронологиялык тартипте жайгаштырылуугатийиш, аларга тиешелүү тартипте номер коюлуп, тасмаланып жана салык ор-ганынын гербдүү мөөрү менен бекемделүүгө, ага салык органынын башчысы-нын же ошондой кызматты ээлеп турган же ыйгарым укуктуу адамдын колукоюлууга тийиш жана анда "........" баракка номер коюлду жана тасмалан-ды, документтердин көчүрмөсү туура" деген жазуу болууга тийиш. 11-глава Тизмеге киргизилген салык төлөөчүнүн жана КНС боюнча ашыкча төлөөнү эсепке алуу, кайтарып берүү жана ордун толтуруу жөнүндө арыз боюнча салык органынын аракеттеринин тартиби 54. Тизмеге киргизилген салык төлөөчү салык органына арыз мененкайрылуу учурунда N 3 тиркемеге ылайык "Сатылып алынган материалдык ре-сурстар жана импорт боюнча реестр" деген N 3 тиркемеге жана" "Нөлгө ба-рабар ставка боюнча салык салынуучу жөнөтүүлөр жана бошотулганжөнөтүүлөр боюнча жүзөгө ашырылган жөнөтүүлөрдүн реестри" деген N 4тиркемеге ылайык материалдарды ырастаган жыйынды реестрлерди берет. 55. КНС боюнча ашыкча төлөөнү салык төлөөчүнүн бажы төлөмдөрүнүнэсебине алуу жана ордун толтуруу укугу бажы төлөмдөрүн төлөө боюнчамилдеттенмелер келип чыкканда жана ушул Жобонун 45-пунктчасына ылайыкбажы органынын справкасы салык органына берилген учурда берилет. 56. КНС боюнча ашыкча төлөөнүн ордун толтурууда салык төлөөчү са-лык органына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажыинспекциясынын бажылык төлөмдөр, айып акылар, пенялар жана пайыздар бо-юнча карызынын жок экендиги жөнүндө справка берүүгө тийиш. 57. Ушул Жобонун 54, 55 жана 56-пунктарынын жана салык төлөөчүнүнКНС боюнча өздүк эсебинин карточкасынын негизинде салык органы STI-012формасындагы КНС боюнча эсепке алуу жана ордун толтуруу жөнүндө форманыбашка салыктар боюнча салыкты тындыруунун эсебине, анын ичинде салыктөлөөчүнүн арызында көрсөтүлгөн бажы төлөмдөрүнүн эсебине жазып беретжана ушул Жобонун 67-69-пунктарынын талаптарына ылайык КРБга же БКгажиберет. КНС боюнча ашыкча төлөө салык төлөөчүнүн эсептешүү эсебине ор-ду толтурулганда SТI-013 формасы боюнча корутунду жазылат. Ал казына-лыктын органдары тарабынан аткарылгандан кийин корутундунун бир нускасысалык төлөөчүгө берилет. 58. Салык органы тизмеге киргизилген салык төлөөчү тарабынан бе-рилген баштапкы документтердин реестринде чагылдырылган маалыматтардынтууралыгын жана аныктыгын ырастоо максатында эсепке алууну жана/же ор-дун толтурууну жүргүзгөндөн кийин маалыматтарды жыйноо боюнчатөмөндөгүдөй иш-чараларды жүзөгө ашырат; 58.1. ыйгарым укуктуу орган аркылуу КМШга катышкан мамлекеттердинжана үчүнчү өлкөлөрдүн салык жана бажы органдарына ушул Жобонун 47.6жана 47.7-пунктчаларына ылайык экспорттук жөнөтүүлөрдү ырастоо макса-тында сунуш-талап жөнөтөт; 58.2. төмөндөгүлөрдү текшерүүнү жүргүзөт: - салык органында сакталган салык төлөөчүнүн салык салынуучужөнөтүүлөрү боюнча 3 нускадагы эсептик фактураларынын реестрлерин; - салык органында сакталган жөнөтүүчүлөрдүн 3 нускадагы эсептикфактураларын ушул жөнөтүүлөр боюнча КНСти төлөөнүн иш жүзүндө ырастал-ган фактысын аныктоо максатында текшерүүнү жүргүзөт. 58.3. жөнөтүүчү башка салык органында катталганда ал тарабынан ма-териалдык ресурстарды иш жүзүндө жөнөтүүнү жана жөнөтүүлөр боюнча КНСтитөлөгөндүгүнүн фактысын ырастоо максатында сунушталып жиберет, андаэсепке алынууга тийиш болгон КНСтин суммасы изилденип жачкан мезгилдеэсепке алынууга тийиш болгон КНСтин жалпы суммасынын 5 жана андан ашыкпайызын түзүүгө тийиш. 59. Тизмеге киргизилген салык төлөөчүнүн отчеттук мезгилинде са-лыктык текшерүүнү жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу орган: - КНС боюнча жүргүзүлгөн эсепке алуу, кайтарып берүү жана ордунтолтуруу боюнча маалымат алуу максатында салык төлөөчү катталган жерде-ги салык органына сунуш-талап берүүгө; - салык төлөөчү катталган жердеги салык органынан ушул Жобонун54-пунктчасына ылайык баштапкы документтердин реестринде чагылдырылганмаалыматтардын тууралыгын жана аныктыгын ырастоо боюнча иш-чаралардынжүрүшүндө чогултулган материалдарды талап кылууга милдеттүү. 60. Салыктык текшерүү актысында ушул Жобонун 47.2-пунктчасындакөрсөтүлгөн бүткүл маалымат чагылдырылууга тийиш. 61. Салык төлөөчү тарабынан берилген реестрде көрсөтүлгөн маалы-маттарды жана баштапкы документтерди салыктык текшерүүнү жөнгө ашырганыйгарым укуктуу орган тарабынан КНС боюнча ашыкча төлөөнүн түзүлүшүнүннегиздүүлүгү жана жүргүзүлгөн эсепке алуулардын, кайтарып берүүлөрдүнжана ордун толтуруулардын тууралыгы жөнүндө чечим чыгарылат жана салыктөлөөчү катталган жердеги салык органына жиберилет. 62. КНС боюнча ашыкча төлөнгөн сумманын түзүлүшүнүн негиздүүлүгү,толугу менен же жарым-жартылай аныкталбаган учурда, салык органы ушулЖобонун 5-бөлүмүнө ылайык жүргүзүлгөн эсепке алууларды, кайтарыпберүүлөрдү жана ордун толтурууларды жокко чыгаруу боюнча чаралардыкөрөт. 4-БӨЛҮМ КАЗЫНАЛЫКТЫН ОРГАНДАРЫНДА БУЙРУКТАМАЛАРДЫ ЭСЕПКЕ АЛУУ 63. БК жана КРБ корутунду алынган күндөн тартып 3 календарлыккүндөн ашпаган мезгилдин ичинде салыктын түрүнө жана суммасына карабас-тан, ушул Жобонун 2-бөлүмүнө ылайык салык органы же комиссия тарабынанкабыл алынган чечимди аткарууга милдеттүү. 64. БК корутундуну атайын журналга каттайт жана салык органынынкорутундусун аткаруу үчүн 2 нускада буйруктама жазып берет. Буйруктама-га БКнын жетекчисинин колу коюлат жана БКнын гербдүү мөөрү менен беки-тилет. Буйруктаманын бир нускасы салык төлөөчү катталган жердеги КРБгааткаруу үчүн жөнөтүлөт, экинчи нускасы БКда калат. 65. БКнын буйруктамасы же салык органынын корутундусу алынганданкийин КРБ аны атайын эсепке алуу журналында каттайт, анын номерин жанааткаруу үчүн алынган датасын көрсөтөт. 66. КРБ буйруктаманы аны алган күндөн тартып 2 календарлык күндүничинде аткарууга милдеттүү. 67. Салык төлөөчү катталган жердеги КРБ: 67.1. республикалык бюджеттин салыктар боюнча ашыкча төлөнгөн сум-маны республикалык бюджеттин башка салыктары боюнча, жергиликтүү бюд-жеттин салыктары боюнча, жергиликтүү бюджеттин башка салыктары боюнча,ошондой эле жөнгө салынуучу башка салыктар боюнча карыздардын эсебинеалууну жана ордун толтурууну; 67.2. жөнгө салынуучу жана жергиликтүү салыктар боюнча ашыкчатөлөнгөн суммаларды республикалык бюджеттин эсебине алууну; 67.3. республикалык бюджет боюнча салыктар боюнча ашыкча төлөнгөнсуммаларды жөнгө салынуучу жана жергиликтүү салыктардын эсебине, ошон-дой эле салыктын ар бир түрү боюнча айына 100,0 мињ сомго чейинки жөнгөсалынуучу жана жергиликтүү салыктар боюнча ашыкча төлөнгөн суммалардынжана БКнын уруксат болгондо айына 100,0 мињ сомдон ашык суммалар боюнчасалыктын ар бир түрү жана айрым салык төлөөчү боюнча эсепке алууну; 67.4. салык органдары тарабынан айрым салык төлөөчү боюнча айына100,0 мињ сомго чейинки бажы төлөмдөрүнүн ар бир түрү боюнча, ошондойэле БКнын уруксаты болгондо айына 100,0 мињ сомдон ашык суммалар боюнчакелип чыккан милдеттенмелерди төлөө үчүн салык органдары тарабынан алы-нуучу салыктар боюнча ашыкча төлөнгөн сумманы эсепке алууну жана ордунтолтурууну жүргүзөт. 68. Бюджетке ашыкча төлөнгөн салыктарды жана КНС боюнча төлөмдөрдүкайтарып берүү жана ордун толтуруу салык төлөөчүнүн эсептешүү эсебинеал катталган жер боюнча төмөндөгүдөй жүргүзүлөт: - айына 100,0 мињ сомго чейин КРБ тарабынан; - айына 100,0 мињ сомдон жогору - БКнын уруксат болгондожүргүзүлөт. 69. Мамлекеттик алымды КРБ тарабынан кайтарып берүү анын суммасынакарабастан жүргүзүлөт. 5-БӨЛҮМ КАБЫЛ АЛЫНГАН ЧЕЧИМДЕРДИ ЖООКО ЧЫГАРУУНУН ЖОЛ-ЖОБОСУ 70. Ыйгарым укуктуу орган салык органдары тарабынан жүргүзүлгөнсалыктар жана башка төлөмдөр боюнча эсепке алууну, кайтарып берүүнү жа-на ордун толтурууну кайра текшерип турууга укуктуу. 71. Ыйгарым укуктуу орган салык органдарында салык төлөөчүлөр бо-юнча материалдарды даярдоодо жањылыш чечимдерге же укук бузууларга жолберген фактылары болгондо, алар боюнча чечимдер комиссия тарабынан ка-был алынганда, текшерүүнүн материалдарын тиешелүү чараларды көрүү үчүнкомиссияга жиберет. 72. Комиссия салыктар жана төлөмдөр боюнча укукка жат эсепке алуу-нун, бюджеттен кайтарып берүүнүн жана ордун толтуруунун фактыларын бел-гилегенде, текшерүү актысынын негизинде салыктар жана башка төлөмдөрбоюнча ашыкча төлөнгөн суммаларды эсепке алуу, кайтарып берүү жөнүндөчечимди жокко чыгаруу тууралуу чечим кабыл алат. Чечим комиссиянын за-седаниесинин протоколуна жазылат, ага анын бардык мүчөлөрү кол коет жа-на ал аткаруу үчүн БКга жана ыйгарым укуктуу органга жиберилет. 73. Ыйгарым укуктуу орган салык төлөөчүнүн салыктар жана башкатөлөмдөр боюнча ашыкча төлөнгөн суммаларын укукка жат түрдө эсепкеалуу, мамлекеттик бюджеттен кайтарып берүү фактысын аныктаган учурда,салык органы тарабынан кабыл алынган чечим боюнча салыктар жана башкатөлөмдөр боюнча ашыкча төлөнгөн суммаларды эсепке алууну, кайтарыпберүүнү жана ордун толтурууну жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алуугаукуктуу. 74. БК Комиссиянын жана ыйгарым укуктуу органдын чечимин ал алын-ган күндөн тартып 2 күндүн ичинде аткарууга милдеттүү. 75. Комиссиянын же ыйгарым укуктуу органдын эсепке алууну, кайта-рып берүүнү жана ордун толтурууну жокко чыгаруу жөнүндө чечиминин неги-зинде салык органы өзүнүн чечимин кайра кароого жана салык төлөөчүдөнтөлөнбөгөн салык жаатында белгиленген жол-жоболорго ылайык туура эмесчегерилген сумманын эсебиндеги сумманы кайтарып берүү жөнүндө талап ко-юуга же мурда жиберилген корутундуну ыйгарым укуктуу органга жиберүүжөнүндө чечимди жол-жоболоштурууга милдеттүү. 76. Салык органы чегерилген салыктардын суммасын салык төлөөчүнүнөздүк эсебинин карточкасына пайыздарды жана айыптык санкцияларды че-герүү менен калыбына келтирет жана эгерде салык төлөөчүнүн күнөөсү бо-юнча жањылыш чечим кабыл алынса, Кыргыз Республикасынын Салык кодекси-нин 7 жана 9-главаларында аныкталган суммаларды өндүрүп алуу боюнча ча-раларды көрөт. 6-БӨЛҮМ АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК ЖАНА БУХГАЛТЕРДИК ЭСЕП 77. Салык төлөөчүлөр ушул жободо жана Кыргыз Республикасынын Салыккодексинде белгилеген талаптардын сакталышын иликтөө жүргүзүлүүчү салыккызматы үчүн зарыл болгон бухгалтердик документтерди сактоого мил-деттүү. 78. КНС боюнча ашыкча төлөнгөн суммаларды эсепке алууну жана мам-лекеттик бюджеттен ордун толтурууну берүү үчүн тизмеге киргизилбегенсалык төлөөчү, ал эми салык органы төмөндөгү документтерди берүүгө мил-деттүү: 78.1. Салык салынуучу жөнөтүүлөр боюнча КНСтин эсептик фактурала-рынын реестрин; 78.2. сатылып алынган материалдык ресурстар боюнча белгиленгенформадагы КНСтин эсептик фактураларынын реестрин жана көчүрмөсүн; 78.3. жөнөтүүчүлөргө сатылып алынган материалдык ресурстар үчүнакы төлөөнүн фактысын жана КНСтин суммасын (Банктык төлөм документинечегерүүнү, накталай акча менен кириштеме кассалык ордерди, дүмүрчөктүкөрсөтүү менен); 78.4. сатылып алынган материалдык ресурстар жана КНСтин суммасыүчүн акы төлөөнүн фактысын, же болбосо аларга накталай түрдө (товарлар,жумуштар же кызмат көрсөтүүлөр түрүндө) акы төлөө түрүндөгү документтержок болгон учурда төмөндөгү документтер тиркелүүгө тийиш: - салык органына арыз берүү учуруна карата салык төлөөчү мененжөнөтүүчүнүн ортосундагы өз ара эсептешүүлөрдү текшерүү актысы; - төлөмдүн мөөнөттөрү жана ыкмалары жөнүндө келишимдин же агатењештирилген документтин салык төлөөчүнүн коюлган колу жана мөөрү ме-нен бекитилген келишиминин же ага тењештирилген документтин көчүрмөсүтиркелет. 78.5. Материалдык ресурстар импорттолгон учурда салык төлөөчү: - товарга болгон эсептик фактураларды же товардык транспорттуккоштомо кагаздарды; - товарлардын Кыргыз Республикасынын бажылык аймагына алынып кели-нишин ырастаган Кыргыз Республикасынын жүктүк бажылык декларацияларын; - Кыргыз Республикасынын бажы органында импорт үчүн КНСти төлөөфактысын ырастаган документтерди (банктык төлөм документтерин - которууменен, накталай түрдө - кириштеме кассалык ордер, дүмүрчөк менен); 78.6. салык төлөөчү экспорттук жөнөтүүлөрдү жүзөгө ашырган учурдаушул Жобонун 78.1.-78.4-пунктчаларында көрсөтүлгөн документтерден тыш-кары төмөндөгү документтердин көчүрмөлөрүн берүүгө тийиш: - товарларды, жумуштарды жана кызматтарды экспорттоо үчүн КНС бо-юнча эсептик фактуранын; - товарды экспорттоо үчүн Кыргыз Республикасынын жүктүк бажылыкдекларациясын; - жеткириле турган өлкөнүн жүктүк бажылык декларациясын, же болбо-со ага тењештирилген документтерди (эл аралык товардык транспорттукжолдомо кагаз, темир жолдун жолдомо кагазы, консамент - дењизде ташуубоюнча коштомо кагаз) товарлар жана транспорт каражаттарынын транзитижүзөгө ашырылган мамлекеттердин (өлкөлөрдүн) чек аралык бажы посттору-нун кызматкерлеринин мөөрлөрү жана штамптары коюлууга тийиш; - товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоо үчүнакчалай каражаттарды төлөөнү алуунун (кассалык кириштеме ордери, кви-танция тууралуу накталай акча төлөнгөндүгү тууралуу банктык төлөм доку-менти) фактысын ырастаган документтер тиркелүүгө тийиш; 78.7. товар жеткириле турган өлкөнүн жүктүк бажылык декларациясы,же болбосо ага тењештирилген кызматтарды экспорттоодогу башка документ-тер талап кылынбайт. 78.8. эл аралык авиаташууларды жүзөгө ашырууда салык төлөөчү ушулжобонун 78.1.-78.4-пунктчаларында көрсөтүлгөн документтерден тышкарытөмөндөгү документтердин көчүрмөлөрүн берүүгө тийиш: - аэпорттун кызматынын эсептик фактурасын ("А" формасы); - самолеттордун бир жолку тейленишин ырастоолор ("С жана О" форма-лары); - эл аралык авиакөчүрмөлөр (аэрвейбил); - учууга болгон тапшырма; - авиакөчүрмөлөргө ылайык эл аралык рейстерге билеттер үчүн кош-толбогон жүктү, почталык жөнөтүүлөрдү, консулдук вализаны ташуу үчүн(жүктүк ведомост, лоодшит) түшкөн акча жөнүндө отчетторду камтууга ти-йиш. 7-БӨЛҮМ КЫЗМАТ АДАМДАРЫНЫН ЖАНА САЛЫК ТӨЛӨӨЧҮЛӨРДҮН ЖООПКЕРЧИЛИГИ 79. Ушул Жобонун 78-пунктуна жана 54-пунктуна ылайык берилген ма-териалдардын аныктыгы жана салыктар жана башка төлөмдөр боюнча ашыкчатөлөнгөн суммаларды эсепке алууну, ордун толтурууну жана кайтарыпберүүнү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Салык
кодексинин 68 жана70-статьяларына ылайык салык органы тартат. Бажылык төлөмдөр боюнча ка-рыздын бар экендиги жана ушул Жобонун 45, 46 жана 56-пункттарына ылайыкбажылык төлөмдөрдү төлөө боюнча милдеттенменин келип чыгышы жөнүндө бе-рилген маалыматтардын тактыгы үчүн жоопкерчиликти бажы органынын же аныалмаштырган жана ага кол койгон жетекчиси тартат. 80. Ушул Жобонун нормаларын жана талаптарын бузуу үчүн салык жанабажы кызматтарынын БКнын жана КРБнын кызмат адамдарынын жоопкерчилигиКыргыз Республикасынын колдонуудагы администрациялык жана жазыктык мый-замдарына ылайык келип чыгат. 81. Ушул Жобонун талаптарынын салык органдары тарабынан аткарылы-шына контролдук ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат. 82. Ушул Жобонун талаптарынын КРБ тарабынан аткарылышына контрол-дук БК тарабынан жүзөгө ашырылат. 8-БӨЛҮМ САЛЫК ЖАНА БАЖЫ ОРГАНДАРЫНЫН КЫЗМАТ АДАМДАРЫНЫН ЧЕЧИМДЕРИНЕ ДАТТАНУУ 83. Салыктар боюнча ашыкча төлөөнү эсепке алуу, ордун толтуруу жа-на кайтарып берүү жөнүндө салык же бажы органынын чечимине макул болбо-гон салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын Салык
кодексинин 57-статьясын-да жана Кыргыз Республикасынын Бажы
кодексинин 389-статьясында каралгантартипте жана мөөнөттөрдө ушул чечимге ыйгарым укуктуу органга даттану-уга укуктуу. 84. Даттануу жазуу жүзүндө болууга жана зарыл болгон аргументтер-ди, анын ичинде салыктар боюнча ашыкча төлөөнү эсепке алуу, ордун тол-туруу жана кайтарып берүү маселеси боюнча каралып жаткан маселенинмањызынын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген документтерди камтууга тийишжана ушул Жобонун 78-пунктунун талаптарына ылайык берилүүгө тийиш. 85. Салык төлөөчү өзүнүн даттануусуна карата ыйгарым укуктуу ор-гандын чечими менен макул болбогон учурда кошумча нарк салыгынын ордунтолтуруу боюнча комиссияга кайрылууга укуктуу. 86. Кошумча нарк салыгынын ордун толтуруу боюнча комиссия КыргызРеспубликасынын Салык
кодексинин 57-статьясында жана Кыргыз Республика-сынын Бажы
кодексинин 389-статьясында каралган тартипте жана мөөнөттөарызды карап чыгууга тийиш. 87. Ыйгарым укуктуу органдын жана кошумча нарк салыгынынын ордунтолтуруу боюнча Комиссиянын биротоло чечимине макул болбогон салыктөлөөчү ушундай чечим кабыл алынгандыгы тууралуу билдирүү алынганкүндөн тартып тиешелүү сот органына апелляция бере алат. 88. Ыйгарым укуктуу орган же кошумча нарк салыгынын ордун толтуруубоюнча комиссия салык төлөөчүнүн кошумча нарк салыгынын ордун толтуруубоюнча арызын кароонун мөөнөтүн жана тартибин бузган учурда салыктөлөөчүнүн даттануусу канааттандырылды деп эсептелет. 89. Эгерде салык төлөөчү ыйгарым укуктуу органга же болбосо кошум-ча нарк салыгынын ордун толтуруу боюнча комиссияга Кыргыз Республикасы-нын мыйзамдарында белгиленген тартипте сот органына даттануу берсе,Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын эсептик ставкасы боюнча пайыз-дар салыктар боюнча чегерилет. 90. Ушул органдардын бири тарабынан салык төлөөчүнүн даттануусу ончечилгенде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик ставкасы бо-юнча чегерилген салык төлөөчүнүн даттануусун кароонун бүткүл мезгилин-деги салыктар боюнча чегерилген пайыздар салык төлөөчүнүн пайдасына че-герилет. @1 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 29-июнундагы № 269 токтому менен бекитилген Салыктар жана башка төлөмдөр боюнча ашыкча төлөнгөн суммаларды эсепке алуу, бюджеттен кайтарып берүү жана ордун толтуруу жөнүндө Жобого карата № 1 тиркеме _________________________________ (МСИнин аталышы) району боючна мамлекеттик салык инспекциясынын башчысына _________________________________ (аты-жөнү - толугу менен кызматы) _________________________________ (салык төлөөчүнүн толук аталышы, ИСН) АРЫЗ Салыктар жана башка төлөмдөр боюнча ашыкча төлөөнү эсепке алуунун,бюджеттен кайтарып берүүнүн жана ордун толтуруунун тартиби жөнүндө Жо-бонун ____ бөлүмүнүн __ пунктуна ылайык 200_-жылга _______________________сом суммасындагы ашыкча төлөөнү 1) төмөндөгүлөрдүн эсебинен: - _______________________________ сом суммасындагы салыктардынтөлөөнүн эсебине - ________________________________сом суммасындагы салыктар боюнчаалдыдагы төлөмдөрдүн эсебине 2) ______________________________сом суммасындагы эсептешүү эсеби-не төлөнсүн 3) бажы төлөмдөрү боюнча карыздарды төлөөнүн эсебине___________________________________сом суммасында орду толтурулсун. Жобонун _______ пунктуна ылайык ______ барактагы документтерди бе-ребиз жана Жобонун ______ пунктуна ылайык бухгалтердик документтергемүмкүнчүлүктү камсыз кылабыз. _________________________ ____________ __________________ (кызматы, салык (колу) аты-жөнү төлөөчүнүн аталышы) М.О. Салык төлөөчү ______________ 200_ жыл @2 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 29-июнундагы № 269 токтому менен бекитилген Салыктар жана башка төлөмдөр боюнча ашыкча төлөнгөн суммаларды эсепке алуу, бюджеттен кайтарып берүү жана ордун толтуруу жөнүндө Жобого карата № 2 тиркеме СПРАВКА 200 - жылдын "_____" _______ № Ушул справка_____________________________________________________________________________________________________________________________ (салык төлөөчүнүн толук аталышы, ИСН)200 жылдын "__" ___________ 200 алынган абал боюнча_______________________________________________________________________ (бажы төлөмдөрүнүн түрлөрү)бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча ___________________ суммасында жүктүк ба-жылык декларацияларга ылайык материалдык ресурстарды импорттоо боюнча: - № ________________ _________________ ______________________ сом; - № ________________ _________________ ______________________ сом; - № ________________ _________________ ______________________ сом; - № ________________ _________________ ______________________ сом; - № ________________ _________________ ______________________ сом; Жүктүн Кыргыз Республикасынын бажылык аймагына келишинин жана агакарата товарды коштоочу документтердин бар экендигинин фактысын ырас-таймын. Бул справка _____________________________ району боюнча МСИгекөрсөтүү үчүн берилди жана ___________күндүн ичинде жарактуу болот. Бажыкананын башчысы ___________ _________ _______________________ (аталышы) (колу) (аты-жөнү толугу менен) Бажыканынын мөөрү @3 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 29-июнундагы № 269 токтому менен бекитилген Салыктар жана башка төлөмдөр боюнча ашыкча төлөнгөн суммаларды эсепке алуу, бюджеттен кайтарып берүү жана ордун толтуруу жөнүндө Жобого карата № 3 тиркеме Баштапкы документтердин Реестри _______________________________ (салык төлөөчүнүн аталышы, ИСН) 2005-жылдын "____"_____ мезгилден 200 -жылдын "_____" мезгилге чейин импорттолгон жөнөтүүлөр боюнча __________________ областынын __________ району боюнча МСИге берилген 200 жылдын "___" ___ арызга байланыштуу ашыкча төлөнгөн суммаларды эсепке алуу, кайтарып берүү жана/же ордун толтуруу жөнүндө маселени чечүү үчүн -----------------------------------------------------------------------|Салык |Жөнөтүү-|Товар- |Эсептик |Эсептик |Эсептик |КНС |КНС |Төлөө||төлөөчү-|чүнүн |дын, |фактура-|фактура-|факт-нын|эсеп-|тин |жөн- ||нүн |ИСН, |жумуш- |нын |нын |жазылып |ке |сум-|дө ||аталышы |анын |тардын |сериясы |номери |берилген|алын-|масы|белги||(юриди- |дареги |жана | |же |датасы |баган| |(бан-||калык | |кызмат-| |болбосо |же |сумма| |ктык ||же жеке | |тардын | |МБДнын |болбосо | | |төлөм||жак | |аталышы| |справка-|МБД | | |док- ||жөнөтүү-| | | |лык |боюнча | | |нин, ||чү) | | | |номери |импорт- | | |дү- || | | | | |толгон | | |мүр- || | | | | |товардын| | |чөк- || | | | | |эркин | | |түн || | | | | |жүгүнтү-| | |ж.б. || | | | | |лүүгө | | |но- || | | | | |чыгары- | | |мери || | | | | |лышынын | | | || | | | | |датасы | | | |---------|--------|-------|--------|--------|--------|-----|----|-----| 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |-----------------------------------------------------|-----|----|-----||----------------------------------------------------|-----|----|-----||КНСтин жыйынтыкталган суммасы | | | |----------------------------------------------------------------------- Салык төлөөчү (жетекчи)________________ _____ ___________________ Салык төлөөчүнүн колу Аты-жөнү толугу толук аталышы менен Башкы бухгалтер ________________ _____ ___________________ Салык төлөөчүнүн колу Аты-жөнү толугу толук аталышы менен МО @4 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 29-июнундагы № 269 токтому менен бекитилген Салыктар жана башка төлөмдөр боюнча ашыкча төлөнгөн суммаларды эсепке алуу, бюджеттен кайтарып берүү жана ордун толтуруу жөнүндө Жобого карата № 4 тиркеме Баштапкы документтердин Реестри _______________________________ (салык төлөөчүнүн аталышы, ИСН) 200 жылдын "____"_____200 -жылдын "_____"________ мезгилдин ичинде жүзөгө ашырылган (салык салынуучу, экспорттук жана бошотулган) жөнөтүүлөр боюнча________областынын _____________району боюнча МСИге 200 -жылдын "_____"______арызга ылайык ашыкча төлөнгөн сумманы эсепке алуу, кайтарып берүү жана/же ордун толтуруу жөнүндө маселени чечүү үчүн берилген документтер -----------------------------------------------------------------------|Салык |Сатып |Товар- | Эсептик |Кыргыз |КНС |КНС |Экспрт- ||төлөөчү-|алуучу-|дын, | фактура |Республи- |эсеп-|тин |толгон ||нүн (юр.|нун |жумуш- | |касынын |ке |сум-|товар ||же жеке |ИСН, |тардын | |жүктүк |алын-|масы|үчүн акы||жактын |экспор-|жана | |бажылык |баган| |алынган-||- сатып |ттоо |кызмат.| |деклара- |сумма| |дыгын ||алуучу- |учурун-|аталышы| |циясы | | |ыраста- ||нун |да | |------------|-----------| | |ган ||толук |сатып | |Се- |Но-|Да-|Справ-|Чы- | | |документ||аталышы)|алуучу-| |рия-|ме-|та-|калык |га- | | |(банктык|| |нун юр.| |сы |ри |сы |номери|рыл-| | |төлөм || |дареги | | | | | |ган | | |докум- || | | | | | | |да- | | |нин, || | | | | | | |та- | | |дүмүр- || | | | | | | |сы | | |чөктүн || | | | | | | | | | |ж.б. || | | | | | | | | | |номери) ||--------|-------|-------|----|---|---|------|----|-----|----|--------||-------------------------------------------------|-----|----|--------||КНС боюнча жыйынтыктоочу сумма | | | |----------------------------------------------------------------------- Салык төлөөчү (жетекчи)________________ _____ ___________________ Салык төлөөчүнүн колу Аты-жөнү толугу толук аталышы менен Башкы бухгалтер ________________ _____ ___________________ Салык төлөөчүнүн колу Аты-жөнү толугу толук аталышы менен МО