Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 11-февралындагы N 57-т тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 21-декабры, № 549-б
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ
Тике инвестицияларды тартуу жана Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин иштеп чыгуу жолу менен
өлкөнүн экономикасын жакшыртууга багытталган, Кыргыз Республикасынын
энергетикалык секторун жана инфраструктура объектилерин реформалоо
боюнча Евразиялык Өнөржай Ассоциациясынан түшкөн сунуштарды изилдөө
максатында:
1. Жогоруда аталган сунуштарды изилдөө боюнча жумушчу комиссиянын
курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жумушчу комиссия бир айлык мөөнөттө сунушталган маселелерди
иштеп чыксын жана сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
кароосуна киргизсин.
3. Жумушчу комиссия зарыл учурда Кыргыз Республикасынын Премьер-
министринин Аппаратынынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин
Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин,
министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык
ведомстволордун, башка мамлекеттик бийлик органдарынын кызматкерлерин,
ошондой эле көз карандысыз эксперттерди ишке тарта алаары белгиленсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринип Аппаратынын отун-энергетика комплекси, кен казып
алуу тармагы жана жаратылыштык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2005-жылдын 21 - декабрындагы
№ 549-б буйругу менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын энегретикалык секторун жана
инфраструктура объектилерин реформалоо жана Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин
иштеп чыгуу боюнча Евразиялык Өнөржай Ассоциациясынан түшкөн
сунуштарды изилдөө боюнча жумушчу комиссиянын курамы
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри, жумушчу
комиссиянын төрагасы,
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кењешчиси, жумушчу
комиссиянын төрагасынын орун басары,
Кыргыз Республикасынын Президентинин инвестициялар боюнча
кењешчиси, жумушчу комиссиянын төрагасынын орун басары (макулдашуу
боюнча),
жумушчу комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министринин орун
басары,
Кыргыз Республикасынын өнөржай, соода жана туризм министринин орун
басары,
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин
орун басары,
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча
мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары,
Кыргыз Республикасынын Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты
өнүктүрүү боюнча улуттук агенттигинин директору (макулдашуу боюнча),
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика жана газ боюнча
мамлекеттик инспекциянын директору,
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эларалык
кызматташтык департаментинин директору,
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттары (макулдашуу
боюнча),
"Электр станциялары" ачык акционердик коомунун башкы директору
(макулдашуу боюнча),
"Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун
башкы директору (макулдашуу боюнча),
"Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын
башкы директору (макулдашуу боюнча),
"Бишкек жылуулук тармагы" ачык акционердик коомунун башкы директору
(макулдашуу боюыча),
Бишкек шаарынын ТЭЦинин директору (макулдашуу боюнча),
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын экономикалык
өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги,
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын отун-
энергетика комплекси, кен казып алуу тармагы жана жаратылыштык
ресурстар бөлүмүнүн башчысы,
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын курулуш жана
транспорт менен коммуникацияларды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы.
Премьер-министрдин
Аппарат Жетекчиси-министр Т.Коеналиев