Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 20-февралы № 79-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Мамлекеттик башкаруунун борбордук органдарын өзгөртүп кайратүзүүгө байланыштуу: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 30-мартындагы №110-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: - 2-пункттун үчүнчү абзацы алып салынсын. 2. Көрсөтүлгөн буйрук менен бекитилген Чегаралык маселелер боюнчаӨкмөттүк комиссия жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "5. Комиссиянын курамына кызматы боюнча төмөнкүлөр кирет: Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, комиссиянын төрагасы; Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри, комиссиянын төрагасы-нын орун басары; Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри; Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппарат Жетекчиси - ми-нистри; Кыргыз Республикасынын ички иштер министри; Кыргыз Республикасынын коргоо министри; Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жайминистри; Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри; Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык жактан коргоо минист-ри; Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министри; Кыргыз Республикасынын юстиция министри; Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын Чегаралык ас-керлеринин командачысы (макулдашуу боюнча); Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор; Жалалабат облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губерна-тор; Ысыккөл облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор; Нарын облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор; Талас облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор; Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор; Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктар-ды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигинин директору; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктар-ды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигинин "Кыргызгипрозем" жер жайгаш-тыруу боюнча Кыргыз мамлекеттик долбоорлоо институтунун директору; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктар-ды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигинин Мамлекеттик картография-лык-геодезиялык кызматынын директору; Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын реформалар-ды, мамлекеттик программаларды жана долбоорлорду укуктук жактан камсыз-доо башкармалыгынын мамлекеттер аралык чегаралык маселелерди укуктукжөнгө салуу бөлүмүнүн башчысы, комиссиянын жооптуу катчысы."; - 7-пунктта "региондук проблемалар" деген сөздөр "реформаларды,мамлекеттик программаларды жана долбоорлорду укуктук жактан камсыздообашкармалыгынын мамлекеттер аралык чегаралык маселелерди укуктук жөнгөсалуу" деген сөздөр менен алмаштырылсын. 3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын: - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 21-майындагы №169-б буйругу; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 12-июлундагы №369-б буйругу. Премьер-министр Ф.Кулов