Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 30-мартындагы № 110-б буйругу менен бекитилген |
Чек ара маселелери боюнча
Өкмөттүк комиссия жөнүндө
ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2001-жылдын 21-майындагы № 169-б,2006-жылдын 20-февралындагы № 82-б,2007-жылдын 20-июлундагы № 223-б, 2011-жылдын 15-апрелиндеги № 114-б,2013-жылдын 2-апрелиндеги № 110-б, 2016-жылдын 1-мартындагы № 77-б 2020-жылдын 4-июну № 201-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Жалпы жоболор
1. Чек ара маселелери боюнча Өкмөттүк комиссия (мындан ары - Комиссия) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын чектеш өлкөлөр менен мамлекеттик чектерин делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын ишин шайкештоого, ошондой эле алардын ишине байланышкан уюштуруу маселелерин чечүүгө укуктуу аткаруу органы болуп саналат.
2. Комиссия өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын Кыргыз Республикасынын Президентинин укзадарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Премьер-министринин токтомдорун жана буйруктарын жана улуш Жобону жетекчиликке алат.
Комиссиянын милдеттери, иши жана ишмердик тартиби
3. Комиссиянын негизги милдеттери төмөнкүдөй:
- чектеш мамлекеттер менен мамлекеттик чектерди делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын ишин шайкештөө;
- чек ара маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдөгү финансы жана материалдык-техникалык маселелери чечүү;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чектерин делимитацилоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын курамын макулдашуу;
- чектеш мамлекеттер менен чек ара, суу, жер боюнча мамилелерди
жөнгө салууну;
- чек ара аймактарын өнүктүрүүнү.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-апрелиндеги № 114-б буйругунун редакциясына ылайык)
4. Өзүнө жүктөлгөн маселелерди чечиш үчүн Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
- бардык министрликтерден, мамлекеттик комитеттерден, администрациялык ведомстволордон, уюмдардан, мекемелерден каралып жаткан маселелерди даярдоо үчүн маалыматты жана зарыл материалдарды талап кылуу;
- мамлекеттик чектердин маселелерин чечүүгө байланышкан милдеттерди ишке ашыруу үчүн адистерди жана окумуштууларды тартуу.
5. Комиссиянын курамына кызмат орду боюнча төмөнкүлөр кирет:
Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри (чек ара маселелерин тейлеген), Комиссиянын төрагасы;
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябры № 370-б буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, Комиссиянын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү, Комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министри;
Кыргыз Республикасынын Финансы министри;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри;
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри;
(абзац КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 370-б буйругуна ылайык күчүн жоготту)
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-июнундагы № 201-б буйругунун редакциясына ылайык)
5-1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри комиссиянын курамына башка адамдарды киргизүүгө укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-июлундагы № 223-б буйругунун редакциясына ылайык)
6. Комиссиянын жыйналышы төрага тарабынан, ал эми ал ордунда болбой калган учурда - төраганын орун басары тарабынан өткөрүлөт Чечим добуштардын жөнөкөй көпчүлүгү менен кабыл алынат.
7. Комиссиянын ишмердигин уюштуруу-методикалык жактан камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чек араларды делимитациялоо маселелери боюнча атайын өкүлүнүн катчылыгы тарабынан ишке ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 21-майындагы № 169-б, 2006-жылдын 20-февралындагы № 82-б, 2007-жылдын 20-июлундагы № 223-б, 2011-жылдын 15-апрелиндеги № 114-б, 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 110-б, 2016-жылдын 1-мартындагы № 77-б буйруктарынын редакцияларына ылайык)