Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 10-марты № 110-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ 1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясатыбоюнча министрлиги менен Тажикстан Республикасынын Билим берүүминистрлигинин ортосундагы Билим берүү тармагында кызматташуу жөнүндө
макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын. 2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясатыминистрине аталган макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгүөзгөртүүлөрдү киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин. Премьер-министр Ф.Кулов
Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлиги менен Тажикстан Республикасынын Билим берүү министрлигинин ортосундагы билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ Мындан ары «Тараптар» деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Билимберүү, илим жана жаштар саясаты министрлиги менен ТажикстанРеспубликасынын Билим берүү министрлиги, эки өлкөнүн элдерининдостугунун байыртадан уланып келе жаткан достугуна таянып, салткаайланган тажик-кыргыз байланышын эске алып, тењ укуктуу кызматташуудаөз ара кызыкчылыктарды моюнга алып, билим берүү жаатындагы өз арапайдалуу мамилелерди колдоого жана өнүктүрүүгө умтулуп, билим берүүчөйрөсүндөгү өздөрүнүн мамилелери жана саясатындагы жалпы адамзаттыкбаалуулуктарды таанып, эки өлкөнүн пайдалуу кызматташтыгына өздөрүнүндаяр экендиктерин билдирип, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья Тараптар эл аралык укук нормаларына жана өз мамлекеттерининмыйзамдарына ылайык тењ укуктуулук жана өз ара урматташуупринциптеринин негизинде билим берүү жаатында Тараптардынмамлекеттеринин тиешелүү уюмдары менен мекемелеринин ортосундагыкызматташууну колдошот жана өнүктүрүшөт. 2-статья Тараптар өздөрүнүн күч-аракеттерин кызматташуунун төмөнкүбагыттарына топтошот: - билим берүү жаатындагы өнүктүрүүнүн, башкаруунун жана пландоонунмаанилүү багыттарында тажрыйба алмашуу; - Тараптардын ар бири үчүн артыкчылыктуу болгон адистиктер боюнчастуденттерди, аспиранттарды жана стажерлорду жиберишүүнүн негизиндеадистерди даярдоо; - илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жана алардынквалификациясын жогорулатуу; - өз ара кызыкчылык жараткан, өзгөчө эки элдин тарыхый жаатындакызыктырган гуманитардык, табигый, техникалык жана педагогикалыкилимдер чөйрөсүндө биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү; - Тараптардын тиешелүү жогорку окуу жайларында зарылдыгына жарашатажик-кыргыз жана кыргыз-тажик тилдеринен котормочуларды даярдоонукамсыз кылуу; - тажик-кыргыз жана кыргыз-тажик тилдеринин котормочулары адистигибоюнча, ошондой эле тарых, география жана адабият боюнча окуупландарын жана программаларын, окуу китептерин жана окуу куралдарыналмашуу; - 25 адамдан турган кооперациялык топтоо боюнча этностуктажиктерден - Кыргыз Республикасынын жарандарынан жана этностуккыргыздардан - Тажик Республикасынын жарандарынан адистерди даярдообоюнча кызматташтыкты кењейтүү. 3-статья Тараптар эки мамлекетте 1992-жылдын 1-январына чейин берилгенбилим берүү, кайра даярдоо, окумуштуулук даражаларды жана наамдардыыйгаруу жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документтерди өз аймактарындажарактуулугун мөөнөтсүз таанууга кепилдик беришет. 4-статья Тараптар эки мамлекетте 1992-жылдын 1-январынан кийин берилгендокументтерди нострификациялоо (билим берүү, квалификациясынжогорулатуу, окумуштуулук (илимий) даража жана наам жөнүндөдокументтерди таануу) менен байланышкан маселелерди жөнгө салуу үчүнзарыл иштерди жүргүзүшөт 5-статья Тараптар Тажикстан Республикасында кыргыз тили менен адабиятын,кыргыз элинин тарыхын жана маданиятын, Кыргыз Республикасында тажиктили менен адабиятын, тажик элинин тарыхын жана маданиятын окуп-үйрөнүүгө көмөк көрсөтүшөт. 6-статья Тараптар Тажикстан Республикасынын жана Кыргыз Республикасынынжарандарын Тараптардын мамлекеттеринин жогорку окуу жайларына окуугакабыл алууга мамлекеттик квотаны белгилешет. Тандап алуу жана окууга кабыл алуу тартиби жыл сайын өзүнчөпротокол менен аныкталат. 7-статья Тараптардын ар бири экинчи Тараптын жарандарьшын жогорку билималуусуна, аспирантура жана докторантура аркылууквалификациясын жогорулатуусуна кабыл алуучу мамлекеттин аймагындаколдонулуп жаткан жогорку окуу жайларына кабыл алуунун эрежелеринеылайык контракттык негизде көмөк көрсөтүшөт. 8-статья Тараптар гуманитардык илимдер, тактап айтканда, тажик тили жанаадабияты, кыргыз тили жана адабияты, ошондой эле эки өлкөнүн тарыхыжана маданияты жаатында билим берүү жагындагы эл аралык программаларменен долбоорлорго, семинарларга, конференцияларга, лекцияларды окуугаж.б. иш-чараларга окумуштуулардын жана башка кызыкдар адамдардынбиргелешип катышууларын көбөйтүүгө умтулушат. 9-статья Тараптар гуманитардык, табигый жана техникалык илимдер жаатындажогорку окуу жайларында педагогикалык иштер үчүн адистерди жиберишиптурууга, ошондой эле Тараптардын жогорку окуу жайларынын ортосундагынатыйжалуу кызматташтыкты жогорулатууга көмөк көрсөтүшөт. 10-статья Тараптар бардык дэњгээлдердеги окуу жайларынын ортосунда төмөнкүбагыттар боюнча кызматташууну кењейтүүгө жана чыњдоого көмөккөрсөтүшөт: - педагогикалык иш-аракеттер чөйрөсүндө тажрыйба алмашууга; - окуу колдонмолорун жана программаларын, окуу процессинкомпьютерлештирүү программаларын иштеп чыгуу боюнча тажрыйбаалмашууга; - билим берүү жаатында илимий маалыматтарды алмашууга; - биргелешкен билим берүү программаларын иштеп чыгууга; - спорттук делегацияларды жана өздүк көркөм чыгармачылыкжамааттарды жиберишип турууга; - чыгармачылык конкурстарды, сабактар боюнча олимпиядалардыөткөрүүдө байланыштарды кењейтүүгө; - өз ара кызыкчылыктарды пайда кылуучу биргелешкен илимий-изилдөөиштерин аткарууга. Бул статьянын алкагында жиберишүүлөр өз ара кызматташып жатышканокуу жайларынын ортосунда келишимдик негизде жүргүзүлөт. 11-статья Тараптар бул Макулдашууну аткаруу жана аны жүзөгө ашыруу боюнчажыл сайын түзүлуүчү протоколду даярдоого байланышкан карым-катнаштыбекемдөө, иш тажрыйбаларын алмашуу, кызматташтыкты андан ары даөнүктүрүү маселелерин талкуулоо, консультацияларды өткөрүү максатындажыл сайын делегацияларды жиберип турушат. 12-статья Эгерде зарылчылык болуп калса, Тараптардын өз ара макулдашууларыбоюнча бул Макулдашууга өзүнчө протокол менен таризделүүчү, ушулМакулдашуунун ажырагыс бир бөлүгү болуп эсептелген жана булМакулдашуунун 14-статьясы тарабынан каралган тартипте күчүнө кирүүчүөзгөртүүлөр менен толуктоолор киргизилиши мүмкүн. 13-статья Тараптар катышуучулары болуп эсептелген башка эл аралыккелишимдерден келип чыккан укуктар менен милдеттенмелерге булМакулдашуунун тиешеси жок. 14-статья Бул Макулдашуу кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет да, беш жылбою аракетте болот. Эгерде, Тараптардын бири кезектеги беш жылдыкмөөнөттүн ичинде беш жылдык мөөнөттүн бүтөөрүнө алты айдан кем эмесмезгилде жазуу түрүндө экинчи Тарапка бул Макулдашууну токтотуу ниетижөнүндө билдирбесе, анда бул Макулдашуу автоматтык түрдө кийинки бешжылдыктарга узартылат._______шаарында 2006-жылдын «___» __________ ар бири тажик, кыргызжана орус тилдеринде 2 түпнускада ишке ашырылды, бардык тексттербирдей күчкө ээ. Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикиркелишпестиктер болуп калса, анда орус тилиндеги текст артыкчылык күчкөээ болот. Кыргыз Республикасынын Тажикстан РеспубликасынынБилим берүү, илим жана жаштар Билим берүү саясаты министрлиги министрлиги үчүн үчүн